Чыгармалар кыргызча жазылган. басылыши, 5-том, 1-13-беттер.

1901-жылы май айыпда

«Эмнеден баштоо керек?» (деген макаладан)

By | 09.07.2017

…Биздин оюбузча, иштин башталар жери, каалаган уюмду түзүүге карата биринчи практикалык кадам, акырында, биз таянып алып, бул уюмду кыйшаюусуз түрдө өнүктүрө ала турган, тереңдете ала турган, кеңите ала турган негизги нерсе,— жалпы орустук саясий газетаны уюштуруу болууга тийиш. Бизге баарынан мурда газета керек,— ансыз принципиалдуу туруктуулукта болгон ар тараптуу пропаганданы жана агитацияны системалуу түрдө жүргүзүү мүмкүн эмес, ал эми бул иш, жалпысынан социал-демократиянын түпкү жана башкы милдети, саясатка, социализмдин маселелерине кызыгуу калктын эң кеңири катмарында козголгон азыркы учурдун өзгөчө маанилүү милдети болуп олтурат. Жеке таасир кылуу, жергиликтүү баракчалар, китепчелер ж. б. аркылуу жүргүзүлгөн бириндеген агитацияны, мезгил-мезгили менен чыгып турган басма сөздүн жардамы менен гана жүргүзүүгө мүмкүн болгон жалпылаштырылган жана үзгүлтүксүз болуп туруучу агитация менен толуктоо зарылдыгы бүгүнкүдөй эч качан күчтүү сезилген эмес. Газетанын бат-бат жана дайыма өз убагында чыгып турушунун (жана таралышынын) даражасы — биздин согуш ишибиздин ушул эң баштапкы жана эң зарыл тармагынын бизде канчалык мыкты коюлгандыгын өлчөөчү эң так ченем боло алат десек, ашыра айткандык болбос. Мындан ары, бизге дал жалпы орустук газета керек. Эгерде биз элге жана өкмөткө кыла турган таасирибизди басма сөз аркылуу бириктире албасак жана аны бириктирүү колубуздан келбей отурган кезде,— таасирдин башка, кыйыныраак, татаалыраак, бирок өтө чечкиндүү ыктарын бириктирүү жөнүндөгү ой кыял бойдон калат. Биздин кыймыл идеялык жагынан да, практикалык, уюштуруу жагынан да баарынан көбүрөөк өзүнүн бытырандылыгынан, социал-демократтардын зор көпчүлүгү өздөрүнүн кругозорун да, иштеринин арымын да, конспирацияга ийкемдүүлүгүн жана даярдыгын да тарыта турган нагыз жергиликтүү ишке бүт дээрлик берилип кеткендигинен азап чегип олтурат. Биз жогоруда айткан туруксуздук менен олкусолкулуктун эң терең тамырларын дал ушул бытырандылыктан издөө керек. Ошондуктан бул кемчиликтен кутулуу жолундагы, бир нече жергиликтүү кыймылдарды бирдиктүү жалпы орустук кыймылга айландыруу жолундагы алга шилтелүүчү биринчи кадам — жалпы орустук газетаны уюштуруу болууга тийиш. Эң акырында, бизге сөзсүз саясий газета керек. Саясий орган болмоюнча, азыркы Европада саясий кыймыл деген атка арзый турган кыймылдын болушу мүмкүн эмес. Ансыз биздин милдет — саясий нааразылыктын жана протесттин бардык элементтерин чогултуу, алар менен пролетариаттын революциячыл кыймылын өркүндөтүү милдети эч орундалмак эмес. Биз биринчи кадамды жасадык, биз «экономикалык», фабрикалык тартиптердин айбын ачууга жумушчу табынын делебесин козгодук. Биз эми экинчи кадамды жасоого тийишпиз: саясий тартиптердин айбын ачууга элдин анчалык болсо да аң-сезимдүү катмарларынын бардыгынын делебесин козгообуз керек. Азыркы убакта саясий жагынан айып ачуучу үндөр ушунчалык начар, сейрек жана жалтаң экендигинен чочуунун кереги жок. Мунун себеби — полициянын ээнбаштыгы менен жапырт келишип кеткендикте эмес. Мунун себеби — айыпты ачууга жарамдуу жана даяр адамдардын чыгып сүйлөй ала турган трибунасынын жоктугунда,— ораторлорду көңүл коюп уккан жана кайраттандырган аудиториянын жоктугунда,— алар «кудуреттүү» орус өкмөтүнүн үстүнөн даттанууга боло турган күчтү элдин ичинен эч бир жерде көрө алышпагандыгында. Азыр болсо булардын бардыгы зор ылдамдык менен өзгөрүп жатат. Мындай күч бар, ал — революциячыл пролетариат, ал саясий күрөшкө чакырыкты угууга жана колдоого гана эмес, кайрат менен күрөшүүгө да даяр экендигин далилдеди. Падыша өкмөтүнүн айыбын бүткүл эл алдында ашкерелөө үчүн трибуна түзүү азыр биздин колубуздан келет жана биз аны түзүүгө милдеттүүбүз; — мындай трибуна социал-демократиялык газета болууга тийиш. Орус коомунун башка таптарына жана катмарларына караганда орус жумушчу табынын айырмасы — ал саясий билимге дайым таламдуу болуп, жашырын адабиятты (делебеси өзгөчө козголгон мезгилдерде гана эмес) дайыма эң көп талап кылып отурат. Мындай массалык талап болуп турганда, тажрыйбалуу революциячыл жетекчилерди даярдап чыгаруу иши башталып олтурганда, жумушчу табы чоң шаарлардын жумушчу кварталдарында, заводдук поселокто, фабрикалык орун-очоктордо чыныгы кожоюн болорлук даражада топтолуп отургада,— саясий газетаны жолго коюу иши пролетариаттын колунан толук келе турган иш. Пролетариат аркылуу газета шаар мещандарынын, селолук кустарлар менен дыйкандардын арасына тарайт жана анык элдик саясий газета болуп калат.

Бирок да, газетанын ролу жалгыз гана идеяларды таратуу, жалгыз эле саясий тарбия берүү жана саясий союздаштарды өз тарабына тартуу менен чектелбейт. Газета — коллективдүү пропагандист жана коллективдүү агитатор гана болбостон, ошону менен бирге коллективдүү уюштуруучу да болуп саналат. Газетаны акыркы мааниси жагынан алганда, салынып жаткан имараттын айланасына тургузулуп жаткан жыгачтар менен, курулуштун контурларын белгилей турган, айрым куруучулардын арасындагы байланыштарды жеңилдете турган, аларга ишти бөлүүгө жана уюшулган эмгек менен жетишилген жалпы натыйжаны көрүүгө жардам кыла турган жыгачтар менен салыштырууга болот. Жалаң жергиликтүү ишти гана эмес, үзбөй жүргүзүлүп туруучу жалпы ишти да аткаруучу, — саясий окуяларды назар салып байкоого, алардын маанисин жана калктын ар түрдүү катмарларына болгон таасирлерин баалоого, революциячыл партия тарабынан бул окуяларга таасир кылуунун оңтойлуу ыктарың иштеп чыгарууга өз мучөлерүн үйрөтүүчү туруктуу уюм газетанын жардамы менен жана газета менен байланышта өзүнөн-өзү эле курула берет. Газетаны материалдар менен туура жабдууну жана газетаны туура таратууну камсыз кылуу деген техникалык милдеттин бир өзү эле — бири-бири менен жандуу байланышта болгон, иштин жалпы алжайын биле турган, жалпы орустук иштин бөлчөктүү функцияларын үзбөй аткарып турууга үйрөнө турган, тигил же бул революциячыл аракеттерди уюштурууда өздөрүнүн күчтөрүн сынап көрө турган агенттердин тармактарын түзүүгө мажбур кылат. Агенттердин бул тармактары[1] дал бизге керектүү уюмдун негизи болот, бизге болсо: бүткүл өлкөнү өз кучагына алгыдай жетишерлик ири уюм керек; эмгекти бөлүштүрүүнү так жана даана жүргүзө алгыдай жетишерлик кең жана ар тараптуу уюм керек; кандай гана кырдаалдар, кандай гана «бурулуштар» менен капыстыктар болбосун өзүнүн ишин кыйшаюусуз жүргүзө билгендей жетишерлик туруктуу уюм керек; бир жагынан басымдуу күчкө ээ болгон душман өзүнүн бардык күчүн бир пунктка жыйкаган убакта аны менен ачык майданда салгылашуудан баш тарта билгендей, экинчи жактан, бул душмандын тоң моюндуулугунан пайдаланып, күтпөгөн жерден жана күтпөгөн убакта ага каршы кол сала билгендей жетишерлик ийкемдүү уюм керек. Бүгүн биздин алдыбызда аздыр-көптүр жеңил милдет — чоң шаарлардын көчөлөрүндө демонстрация кылып жаткан студенттерге жардам кылуу милдети турат. Эртең, мүмкүн, мындан кыйыныраак милдет — мисалы, белгилүү бир райондогу жумушсуздардын кыймылына жардам берүү милдети келип чыгар. Бүрсүгүнү дыйкандардын козголоңуна революциячыл жол менен катышуу үчүн, биз өз ордубузда даяр туруубуз керек болор. Бүгүн биз өкмөттүн земствого чабуулу аркасында түзүлгөн саясий ал-жайдын курчушунан пайдаланууга тийишпиз.Эртең биз падышанын бул же тигил ээнбаш, башы бузуктарына каршы калктын кыжырданышын колдоого жана — бойкот, кодулоо, манифестация ж. б. аркылуу — ачык түрдө чегинүүгө мажбур болгондой кылып ал башы бузуктардын сазайын берүү үчүн элге жардам кылууга тийишпиз. Күжүрмөн даярдыктын мындай даражасын регулярдык аскерде дайыма жүргүзүлүүчү иш аркылуу гана түзүүгө болот. Ошентип, эгерде биз жалпы газетаны жолго коюуга өз күчтөрүбүздү бириктирсек, ал убакта мындай иш эң билгич пропагандисттерди гана эмес, эң чебер уюштуруучуларды да, партиянын эң таланттуу саясий жол башчыларын да, керектүү минутада чечкиндүү согушка ураан берүүгө жана ага жетекчилик кылууга жарамдуу жол башчыларды да даярдап, алга чыгарат.

Мүмкүн болуучу жаңылыштыктардан оолак болуу үчүн — корутундуда бир-эки ооз сөз айталы. Биз бардык убакта системалуу, пландуу түрдө даярдык көрүү жөнүндө гана айттык, бирок биз муну менен самодержавие туура курчоодон же уюмдашкан штурмдан гана кулайт деп айталы дегенибиз жок. Мындай көз караш тантык доктринёрлук болор эле. Тескерисинче, бардык жагынан дайыма коркунуч туудуруп турган стихиялык жарылыштардын же алдан көрүлбөгөн саясий татаалдануунун бирөөнүн кысымы астында самодержавиенин кулашы толук мүмкүн жана бул тарыхый жагынан көбүрөөк ыктымал нерсе. Бирок бир дагы саясий партия, авантюризмге түшпөсө, өз ишин мындай жарылыштарга жана татаалданууларга ишенип кура албайт. Биз өз жолубуз менен жүрүүгө системалуу түрдө ишибизди кыйшаюусуз иштей берүүгө тийишпиз жана биз капыстыктарга канчалык аз сүйөнсөк, эч кандай «тарыхый бурулуштарга» өзүбүздү капысынан бастырып койбоого мүмкүнчүлүк ошончолук көп болот.

———————-

[1]Мындай агенттер биздин партиянын жергиликтүү комитеттерине (топторуна, кружокторуна) толук жакын болгон шартта гана ийгиликтуү иштей алыша тургандыгы өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Деги биз белгилеген бүткүл план, албетте комитеттердин эң активдүү жардамы аркасында гана ишке ашырыла алат, бул комитеттер болсо партияны бириктирүүгө нечен жолу аракет кылышты жана алар бүгүн болбосо эртең, бир формада болбосо, экинчи формада бул бирдешүүгө жетише алышат, деп биз ишенебиз.

Жооп калтыруу