Author Archives: o_martov

Мамлекет жөнүндө

By | 17.04.2018

Жолдоштор, сиздерге кабыл алынып, мага билдирилген план боюнча, биздин бүгүнкү аңгемебиздин темасы — мамлекет жөнүндөгу маселе болуп саналат. Мен сиздердин бул маселе менен канчалык тааныш экениңиздерди билбеймин. Эгерде мен жаңылбасам, сиздердин курсуңуздар жаңы эле ачылып, сиздерге бул маселеге системалуу түрдө биринчи жолу киришүүгө туура келип отурат. Эгерде бул ушундай болсо, менин бул кыйын маселе жөнүндөгү биринчи лекцияны жетишерлик түрдө ачык баяндай албай калышым жана угуучулардын көпчүлүгү аны жетишерлик түрдө ачык түшүнө албай калышы өтө мүмкүн. Ал эми бул мына ушундай болуп чыкса, анда менин сиздерден сурарым, буга көңүлсүздөнбөңүздөр, себеби мамлекет жөнүндөгү маселе — эң татаал, эң кыйын жана буржуазиялык окумуштуулар, жазуучулар жана философтор тарабынан эң эле чаташтырылган маселелердин бири болуп саналат. Ошондуктан бир эле жолку кыскача аңгемеде бул маселени толук билүүгө болот деп эч качан үмүт кылбоо керек. Бул жөнүндөгү биринчи аңгемеден кийин, түшүнүксүз же ачык жерлерине экинчи, үчүнчү жана төртүнчү жолу кайрылуу үчун, түшүнүксүз болуп калган жерлерди окуп алуу аркылуу болсун, ошондой эле айрым лекциялар менен аңгемелер аркылуу болсун, андан ары толуктоо жана айкындоо үчүн аларды белгилеп алуу керек. Биз бул жөнүндө дагы бир жолу чогула алабыз деп ишенемин, мына ошондо бардык кошумча маселелер боюнча пикир алышууга жана өтө түшүнүксүз болуп калгандарды текшерүүгө мүмкүн болор. Ошону менен катар, сиздер уккан аңгемелерге жана лекцияларга кошумча кылып, Маркс менен Энгельстин эч болбогондо эң башкы чыгармаларынын кээ бирлерин окуп чыгууга белгилүү убактыңыздарды арнайсыздар деп ишенемин. Сиздердеги китепканада советтик жана партиялык мектептердин окуучуларына берилген адабият көрсөткүчүнөн жана окуу куралдарынан,— сиздер бул башка чыгармаларды шексиз таба тургандыгыңыздара күмөн жок, мында да баяндалышынын кыйыядыгы кээ бирөөлөрдү адегенде чочутуп жибериши да мүмкүн,— мындан көңүлсүздөнүүгө болбой тургандыгын, биринчи жолу окуганда түшүнүксүз болгон жерин кайталап окуганда, же сиздер маселеге кийинчерээк бир канча башка жагынан киришкениңиздерде түшүнүктүү боло тургандыгын кайрадан дагы эскертип кетүү керек, анткени бул абдан татаал маселе экендигин жана муну буржуазиялык окумуштуулар менен жазуучулар абдан чаташтыргандыгын, бул маселени олуттуу түрдө ойлоп чыгууну жана өз алдынча өздөштүрүүнү каалаган ар бир кишиге аны ачык жана бекем түшүнүү үчүн ага бир нече жолу киришүү, ага улам-улам кайрылуу, ал маселени ар бир жагынан ойлоо зарыл экендигин дагы кайталап айтамын. Бул маселеге кайрылуу сиздерге эң жеңил болот, анткени бул маселе — бүткүл саясаттын негизги, түпкү маселеси, анткени азыр биз башыбыздан өткөруп жаткандай дүркүрөгөн, революциялык убакытта гана эмес, ошондой эле эң тынчтык убакыттарда да сиздер күн сайын ар кандай экономикалык же саясий маселе боюнча ар кайсы газетадан мамлекет деген эмне, анын мазмуну эмнеде, анын мааниси эмнеде жана биздин партиянын, капитализмди кулатуу үчүн күрөшүп жаткан партиянын, коммунисттер партиясынын мамилеси кандай, мамлекетке карата болгон анын мамилеси кандай деген суроого дайыма жолугасыздар,— сиздер бул же тигил себептер боюнча бул маселеге күн сайын туш келесиздер. Мында эң эле негизгиси, сиздер окуунун натыйжасында, мамлекет жөнүндөгү аңгемелер менен лекцияларды угуунун натыйжасында, бул маселеге сиздер өз алдынча кирише билүүгө жетишүүңүздөр керек, анткени өтө ар түрдүү шылтоолор боюнча, ар бир майда маселе боюнча, эң эле күтүлбөгөн учурларда, каршы адамдар менен аңгемелешкенде жана айтышканда бул маселе сиздерге кездешет. Сиздер бул маселе боюнча өз алдынча тушүнө билүүнү үйрөнгөн убакта гана,— ошондо гана сиздер өзүңүздөрдүн ишеничиңиздерди жетишерлик бекем деп, жана аны кимдин алдында болсо да, качан болсо да жетишерлик ийгилик менен жактай аламын деп эсептей аласыздар.

Бул кичинекей эскертүүлөрдөн кийин мен мамлекет деген эмне, ал кандайча келип чыккан жана капитализмди толук кулатуу үчүн күрөшүп жаткан жумушчу табынын партиясынын — коммунисттер партиясынын мамлекетке болгон мамилеси негизинен кандай болууга тийиш деген маселенин өзүнө өтөмүн.

Буржуазиялык илимдин, философиянын, юриспруденциянын, саясий экономиканын жана публицистиканын өкүлдөрү тарабынан биле туруп же билбестен эле өтө чаташтырылган, мамлекет жөнүндөгү маселе сыяктуу башка бир маселе табыла койбос, деп мен жогоруда айткан элем. Бул маселени ушул убакка чейин көп учурларда дин маселелери менен чаташтырышат, дин илимдеринин өкүлдөрү гана эмес (алардан болсо муну толук күтүүгө болот), өзүн диний жөрөлгөлөрдөн тазамын деп жүргөн адамдар да кеп учурларда мамлекет жөнүндөгү атайын маселени дин жөнүндөгү маселелер менен чаташтырышат да, мамлекет кудайга таандык бир нерсе, табияттан жогору турган нерсе, бул, адам баласы ошону менен жашаган жана адамдын өзүнөн болбостон, ага сырттан берилген же бериле турган, өзү менен бирге алып келе турган каядайдыр бир күч, бул — түбүндө кудайга таандык күч деген илимди,— көбүнчө идеялык философиялык жол менен ык жасаган жана негиздеген татаал илимди түзүүгө аракет кылышат. Бул илим эксплуатациялоочу таптардын — помещиктер менен капиталисттердин — таламдарыиа абдан тыгыз байланышкандыгын, — алардын таламдарына кызмат кылгандыгын буржуазиялык өкүл господиндердин бардык адаттарына, бардык көз караштарына, бүткүл илимге абдан терең сиңгендигин айтуу керек, анын калдыктарын сиздер кадам шилтеген сайын, меньшевиктер менен эсерлердин мамлекетке болгон көз караштарынан да жолуктурасыздар, ал эми меньшевиктер менен эсерлер болсо динчил жөрөлгөлөргө өздөрүнүн көз ка- ранды экендигин такыр эле моюндарына алышпайт да, мамлекетке туура көз карай алабыз деп ишенишет. Бул маселенин ушунчалык чаташтырылгандыгынын жана татаалдаштырылгандыгынын себеби мына мында: бул маселе, кандайдыр бир башка маселеге караганда, үстөмдүк кылуучу таптардын таламдарын көбүрөөк козгойт (бул жагынан экономикалык илимдин негиздеринен гана калат). Мамлекет жөнүндөгү илим коомдук привилегияларды актоо үчүн, эксплуатадиянын жашашын актоо үчүн, капитализмдин жашашын актоо үчүн кызмат кылат, — мына ошондуктан бул маселеде калыс болууну күтүү, илим көз карашында турабыз деп доомат кылуучу адамдар бул жерде сиздерге нагыз илим көз карашын бере алат деп ойлоп иш кылуу,— эң чоң каталык болуп саналат. Бул маселе менен таанышып жана аны жетиштүү даражада түшүнгөндөн кийин мамлекет жөнүндөгү маселеде, мамлекет жөнүндөгү илимде, мамлекет жөнүндөгү теорияда сиздер ар түрдүү таптардын өз ара күрөшүн дайыма көрөсүздөр, мамлекет жөнүндөгү көз караштардын күрөшүнөн, мамлекеттин ролун жана маанисин баалоодон көрүнө жана билине турган күрөштү дайыма көрөсүздөр.

Бул маселеге эң илимий жол менен киришүү үчүн мамлекеттин кандайча пайда болгондугун жана кантип енүккөндүгүн тарыхый жагынан анча-мынча көз жүгүртүп өтүү жолу менен болсо да, карап чыгышыбыз керек. Коомдук илим маселесиндеги эң ишенимдүү нерсе жана маселеге туура киришүүгө чындап үйрөнүп алып толуп жаткан майда маселелердин же күрөшүп жаткан эбегейсиз көп түрдүү пикирлердин ичинде адашпас үчүн зарыл болгон нерсе,— бул маселеге илимий көз караш менен киришүү үчүн эң маанилүү нерсе, бул — негизги тарыхый байланышты унутпоо болот, ар бир маселеге, бул белгилүү кубулуш тарыхта кандайча пайда болгон деп, бул кубулуш өзүнүн өнүгүшүндө кандай негизги этаптарды өткөн деп кароо жана анын ушул өнүгүшүнүн көз карашы жагынан алганда ал нерсеэми эмне болуп калган деп кароо болот.

Мамлекет жөнүндөгү маселе боюнча Энгельстин «Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы» деген чыгармасы менен сиздер таанышарсыздар деп мен үмүт кылам. Бул — азыркы кездеги социализмдин негизги чыгармаларынын бири, андагы ар бир фразага ишенич менен кароого боло турган чыгарма анткени бул чыгармадагы ар бир фраза туш келди эле айтылбастан, эң зор тарыхый жана саясий материалдын негизинде жазылган. Бул чыгармада бардык эле бөлүктөрү бирдей оңой, түшүнүктүү баяндалбагандыгында шек жок: кайсы бир бөлүктөрү тарыхый жана экономикалык маселелер боюнча белгилүү билими бар окуучуну талап кылат. Бирок эгерде бул чыгарма окуган замат эле түшүнүктүү болбосо, буга карап көңүлсүздөнүү жарабай тургандыгын дагы айтамын. Эч бир адам эч качан дээрлик бир окуганда эле түшүнүп ала койбойт. Бирок буга кызыгып калгандан кийин, аны кайра окуганда, бүт болбосо да, көпчүлүгүн түшүнүн аласыздар. Бул китеп жөнүндө эскертип отурганымдын себеби, бул китеп маселеге ушул көрсөтүлгөн жагынан туура киришүүгө үйрөтөт. Бул китеп болсо, мамлекет кандайча пайда болгон деген тарыхый очерктен башталат.

Маселен, капитализмдин пайда болушу жөнүндөгү, адамдардын арасында эксплуатациянын пайда болушу жөнүндөгү, социализм жөнүндөгү, социализмдин кантип пайда болгондугу, аны кандай шарттар туудургандыгы жөнүндөгү,— бул сыяктуу ар кандай маселеге туура киришүү үчүн, анын бүткүл өнүгүшүн бүт бойдон тарыхый жактан карап чыкканда гана, ар бир ушундай маселеге жакшылап, ишенгендик менен киришүүгө болот. Бул маселеде баарынан мурда мамлекеттин дайыма эле жашап келбегендигин эске алуу керек. Мамлекет болбогон да убакыт болгон. Мамлекет коомдун таптарга бөлүнүшү келип чыккан жерде жана бөлүнүшү келип чыккан кезде, эксплуататорлор жана эксплуатациялануучулар келип чыккан жерде жана келип чыккан кезде пайда болот.

Адамды адам эксплуатациялоонун биринчи формасы, таптарга — кул ээлөөчүлөргө жана кулдарга — бөлүнүүнүн биринчи формасы келип чыкканга чейин,— ошол убакка чейин патриархалдык, же — аны кээде аташкандай — кландык (клан — муун, уруу, ал убакта эл уруу-уруу болуп, муун-муун болуп жашаган) үй-бүлө жашап келген, жана ушул адепки убакыттардын издери адепки элдердин көбүнүн турмушунда жеткиликтүү түрдө анык болуп келген, ошондуктан эгерде сиздер адепки маданият жөнүндөгү кандай гана болсун чыгарманы алсаңыздар да, коомду кул ээлөөчүлөргө жана кулдарга бөлүү болбогон, адепки коммунизмге аздыр-көптүр окшош убакыттын болгондугу жөнүндөгү аздыр-көптүр анык жазууларга, көрсөтмөлөргө жана эстөөлөргө кездешесиздер. Мына ошондо мамлекет болгон эмес, зордук-зомбулукту дайыма колдонуу үчүн жана адамдарды зордук-зомбулукка баш ийдирүү үчүн атайы аппарат болгон эмес. Мына дал ушундай аппарат мамлекет деп аталат.

Адепки коомдо, адамдар өздөрүнүн өнүгүшүнүн эң төмөнкү баскычында туруп, жапайычылыкка жакын абалда болуп, кичинекей урууларга бөлүнүп жашаган кезде; азыркы замандагы цивилизациялуу адамзаттан бир канча миндеген жылдар мурдагы доордо, — ошол убакта мамлекеттин жашашын көрсөтүүчү белгилер али жок болгон. Биз адаттардын, авторитеттин, кадырдын, уруу аксакалдары пайдаланган бийликтин өкүм сүрүшүн көрөбүз, бул бийликтин кээде аялдарга да берилгендигин көрөбүз,— ал кезде аялдардын абалы азыркы укуксуз, эзилген абалга окшош эмес болучу,— бирок башкаларды башкаруу үчүн жана башкаруу таламдарын, максаттарын көздөп, мажбур кыла турган белгилүү аппаратты, зордук-зомбулук аппаратын системалуу түрдө, дайыма ээлөө үчүн бөлүнүп чыккан өзгөчө бир разряддагы адамдарды эч жерден көрө албайбыз, мажбур кылуу, зордук-зомбулук аппараты дегенибиз бул — азыркы убактагы мамлекеттин мазмуну болгон куралдуу аскер отряддары, тюрьмалар жана башканын эркин зордук-зомбулукка баш ийдирүүнүн дагы башка ыкмалары экендигин сиздер бардыгыңыздар түшүнөсүздөр.

Эгерде дин илимдери деп аталган нерселерден, жаман санаалуу айлалардан, философиялык ойдун системаларынан, буржуазиялык окумуштуулар курган ар түрдүү пикирлерден алыстап, иштин анык мазмунун нздей турган болсок, мамлекет дегенибиз адам баласынын коомунан бөлүнүп чыгарылган дал ушундай башкаруу аппараты экендигин көрөбүз. Башкаруу ишинде гана болгон жана башкаруу үчүн мажбур кылуунун, башканын эркин зордук-зомбулукка баш ийдирүүнүн өзгөчө бир аппаратына — түрмөлөргө, адамдардын бөтөнчө отряддарына, аскерлерге жана башкаларга — муктаж болгон бөтөнчө топтогу адамдар пайда болгондо, ошондо мамлекет пайда болот.

Бирок мамлекет болбогон убакыт да болгон, ал кезде жалпы байланыш, коомдун өзү, дисциплина жана эмгектин тартиби адаттын жана традициялардын күчүнө таянып турган, уруу аксакалдары пайдаланган авторитетке же кадырга таянып турган, ошол кезде көбүнчө эркектер менен тең укуктуу абалды гана ээлебестен, көп убакыттарда андан да жогорку абалды ээлеген аялдар пайдаланган авторитетке же кадырга таянып турган, жана да өзгөчө бир разряддагы башкаруучу адамдар — адистер болгон эмес. Адамдарды мажбур кылуунун өзгөче бир аппараты катарында мамлекет, коомдун таптарга бөлүнүшү — демек, бир бөлүгү башкалардын эмгегин дайыма ээлеп ала турган адамдардын топторуна бөлүнүшү, бирөөнү бирөө эксплуатациялай турган топторго бөлүнүшү пайда болгон жерде жана пайда болгон кезде гана пайда боло тургандыгын тарых көрсөтүп отурат.

Тарыхта коомдун таптарга мына ушул бөлүнүшү ар дайым биздин көз алдыбызда негизги факт катарында айкын-ачык турууга тийиш. Бири калбай бардык өлкөлөрдө бардык адам баласынын коомдорунун миң жылдар бою өнүгүшү бизге бул енүгүүнүн жалпы закон ченемдүүлүгүн, тууралыгын, ырааттуулугун көрсөтүп отурат, мында: адегенде тапсыз коом — аристократтары болбогон баштапкы патриархалдык коом, адепки коом болгон; андан кийин — кулчулукка негизделген, кул ээлөөчү коом болгон. Азыркы цивилизациялуу бүткүл Европа муну басып өткөн — мындан 2 миң жыл мурда кулчулук толук үстөмдүк кылып турган. Дүйнөнүн калган бөлүктөрүндөгү элдердин эң зор көпчүлүгү да муну басып өткөн. Эң начар өнүккөн элдерде кулчулуктун изи азыр да калган, кулчулуктун мекемелерин, мисалы, Африкадан сиздер азыр да табасыздар. Кул ээлөөчүлөр жана кулдар — таптарга биринчи жолу ири бөлүнүү болуп саналат. Биринчи топ бардык өндүрүш каражаттарын — жерди, жабдыктарды, бул жабдыктар ошол убакта канчалык начар жана жөнөкөй болсо да — гана ээлебестен, адамдарды ээлеген. Бул топ кул ээлөөчүлөр деп аталган ал эми эмгек кылып, башкаларга эмгегин бергендер болсо, кулдар деп аталган.

Бул форманын артынан тарыхта экинчи форма — крепостной укук чыкты. Көпчүлүк өлкөлөрдө кулчулук өзүнүн өнүгүшүндө крепостной укукка айланды. Коомдун негизги бөлүнүшү: крепостник-помещиктер жана крепостной дыйкандар болду. Адамдар арасындагы мамилелердин формасы өзгөрдү. Кул ээлөөчүлөр кулдарды өздөрүнүн менчиги деп эсептешкен, закон бул кез карашты чыңап, кулдарды бүт бойдон кул ээлөөчүлөрдүн колундагы буюм катарында караган. Крепостной дыйкандын таптык эзилиши, көз карандылыгы сакталып калган, бирок крепостник-помещик дыйканды буюм катарында ээлөөчү болуп эсептелген эмес, анын эмгегине жана белгилүү милдеттүү жумушту аткаруу үчүн аны мажбур кылууга гана акылуу болгон. Практикада крепостной укуктун, айрыкча Россияда, — ал мында эң узак убакка чейин сакталып, эң орой формада болгон эле — кулчулуктан эч айырмасы болбогондугун сиздер баарыңыздар билесиздер.

Андан ары, — соода өрчүп, бүткүл дүйнөлүк рыноктун пайда болушуна жараша, акча жүгүртүүнүн өрчүшүнө жараша, крепостной коомдо жаңы тап — капиталисттер табы пайда болду. Товардан, товарларды алмашуудан, акча бийлигинин келип чыгышынан капиталдын бийлиги келип чыкты. ⅩⅧ кылымдын ичинде, туурараак айтканда — ⅩⅧ кылымдын акырынан тартып, жана ⅩⅨ кылымдын ичинде бүткүл дүйнөдө революциялар болду. Крепостничество Батыш Европанын бардык өлкөлөрүндө жок кылынды. Бул Россияда баарынан кийин болду. 1861-жылы Россияда да төңкөрүш болуп, мунун натыйжасында коомдун бир формасы экинчи форма менен алмаштырылды — крепостничество капитализм менен алмаштырылды, мында таптарга бөлүнүү кала берди, крепостной укуктун ар түрдүү издери жана калдыктары да калды, бирок таптарга бөлүнүү негизинен башка формага өттү.

Капиталды ээлөөчүлөр, жерди ээлөөчүлөр, фабрикаларды жана заводдорду ээлөөчүлөр бардык капиталисттик мамлекеттерде калктын жокко эсе азчылыгы болуп келген жана болуп отурат, бул азчылык бүткүл элдик эмгекти бүтүндөй тескейт, демек, бүткүл эмгекчилер массасын өзүнүн карамагында, эксплуатациясында, эзүүсүндө кармайт, ал эми бул эмгекчилердин көпчүлүгү өндүрүштүк процессте өздөрүнүн жумушчу колун, жумушчу күчүн сатуудан гана жашоо үчүн каражат алуучу пролетарлар, жалданма жумушчулар болуп саналат. Крепостнойлук убакта эле бытыранды болгон жана эзилип жанчылган дыйкандардын бир бөлүгү (көпчүлүгү) капитализмге өтүү менен пролетарларга айланды, бир бөлүгү (азчылыгы) оокаттуу дыйкандарга айланды, бул оокаттуу дыйкандар өздөрү жумушчу жалдашып, деревнялык буржуазия болуп калды.

Бул негизги фактыны — коомдун кулчулуктун адепки формаларынан крепостничествого өтүшүн жана эң акырында, капитализмге өтүшүн — сиздер ар дайым көңүлгө алууга тийишсиздер, анткени бул негизги фактыны эске тушүргөндө гана, бардык саясий илимдерди бул негизги рамкага койгондо гана, сиздер бул илимдерге туура баа бере аласыздар жана булар эмнеге тиешелүү экендигин биле аласыздар, анткени адам баласынын та-рыхынын ушул ири доорлорунун — кул ээлөөчүлүк, крепостнойлук жана капиталисттик доорлордун — ар бири ондогон жана жүздөгөн кылымдарды өз ичине алат жана ошончолук көп саясий формаларды, ошончолук көп түрдөгү саясий илимдерди, пикирлерди, революцияларды берет, коомдун таптарга бул бөлүнүшүн, таптык үстөмдүктүн формаларынын бул өзгөрүшүн негизги жетекчилик жип катарында бек карманып, бардык коомдук маселелерди — экономикалык, саясий духтук, диний жана башка маселелерди мына ушул көз караш менен текшерген учурда гана, мына бул бүткүл өтө эле алабулалыкты жана эбегейсиз көп түрдүүлүктү — айрыкча буржуазиялык окумуштуулардын жана саясатчылардын саясий, философиялык жана башка илимдери менен байланышкан түрдүүлүктү — билүүгө мүмкүн.

Эгерде сиздер мына ушул негизги бөлүнүүнүн көз карашы жагынан мамлекетти карап көрсөңүздөр, мен жогору жакта айткандай, коом таптарга бөлүнгөнгө чейин мамлекеттин да болбогондугун көрөсүздөр. Бирок коомдун таптарга бөлүнүшү пайда болуп, чыңалышына жараша таптык коомдун пайда болушуна жараша мамлекет да пайда болот жана чыңалат. Адам баласынын тарыхында кулчулукту, крепостничествону жана капитализмди башынан өткөргөн жана азыр да өткөрүп жаткан ондогон жана жүздөгөн өлкөлөрдү көрөбүз. Булардын ар биринде болуп өткөн эң зор тарыхый алмашууларга карабастан, адам баласынын бул өнүгүшү менен, кулчулуктан крепостничество аркылуу капитализмге өтүү жана капитализмге каршы азыркы бүткүл дүйнөлүк күрөшкө өтүү менен байланыштуу бардык саясий өзгөрүүлөргө жана бардык революцияларга карабастан,— мамлекеттин пайда болушун сиздер ар дайым көрөсүздөр. Мамлекет дегенибиз ар дайым, коомдон бөлүнүп чыккан белгилүү аппарат болуп, жалаң гана же жалаң гана дээрлик, же көбүнчө башкаруу ишинде болгон адамдардын тобунан түзүлгөн. Адамдар башкарылуучуларга жана башкаруучу адистерге бөлүнөт да, бул адистер коомдун үстүндө туруп, алар башкаруучулар, мамлекеттин өкүлдөрү деп аталышат. Бул аппарат, башкаларды башкарып отурган адамдардын бул тобу, ар дайым мажбур кылуунун, физический күчтүн белгилүү аппаратын колго алып алышат — адамдарга көрсөтүлгөн бул зордук-зомбулук адепки чокморду колдонуу жолу менен жүргүзүлебү, же ал кулчулук доорундагыдай — бир кыйла өркүндөтүлгөн типтеги куралдын күчү менен болобу, же ал орто кылымда пайда болгон ок менен атуучу куралдын күчү менен болобу, же ал, эң акырында, ⅩⅩ кылымда техңикалык кереметтиктерге жетишкен жана азыркы замандагы техниканын акыркы жетишкендиктерине негизделген азыркы куралдын күчү менен болобу — баары бир. Зордук-зомбулуктун түрлөрү өзгөрүп турган, бирок мамлекет болгон кезде, ар бир коомдо башкаларды башкарган, командалык кылган, үстөмдүк кылган бир топ адамдар ар дайым жашап келген жана бийликти сактап туруу үчүн булардын колунда физический күч менен мажбур кылуунун аппараты, зордук-зомбулуктун аппараты жана ар бир доордун техникалык деңгелине жараша куралдары болгон. Мына бул жалпы кубулуштарга терең көз салуу менен, таптар жок кезде, эксплуататорлор жана эксплуатациялануучулар жок кезде, эмне үчүн мамлекет болгон эмес, жана ал мамлекет эмне үчүн таптар пайда болгон убакта пайда болду деген суроо берүү менен гана,— мына ушинтип гана биз мамлекеттин мазмуну жана анын мааниси жөнүндөгү суроого белгилүү жоопту табабыз.

Мамлекет — бул бир таптын экинчи тапка үстөмдүк кылышын сактай турган машина болуп саналат. Коомдо таптар жок кезде, адамдар жашоонун кулдук дооруна чейин көбүрөөк теңдиктин адепки шарттарында, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн эң төмөнкү шарттарында эмгек кылган кезде, адепки адамдар эң орой түрдөгү адепки турмушта жашоо үчүн зарыл болгон каражаттарды өзүнө эң кыйындык менен тапкан кезде, мына ошондо башкаруу үчүн атайы бөлүнгөн жана коомдун бардык калган бөлүгүнө үстемдүк кыла турган өзгөчө бир топ адамдар да пайда болгон эмес жана пайда болушу мумкүн да болгон эмес. Коомдун таптарга бөлунүшүнүн биринчи формасы пайда болгондо гана, кулчулук пайда болгондо гана, адамдардын белгилүү табы дыйканчылык эмгектин эң орой формаларына негизденип, анча-мынча артыкбаш азык өндүрүүгө мүмкүн болгондо гана, бул артыкбаш азык кулдардын өздөрүнүн жакыр турмушта жашашы үчүн абсолюттуу түрдө зарыл болбостон, кул ээлеринин колуна түшкөндө гана, мына ошентип, бул кул ээлөөчү таптык жашашы чыңалганда гана, жана анын чыңалышы үчүн мамлекеттин келип чыгышы зарыл болду.

Мына ошентип ал — кул ээлөечүлөр мамлекети,— кул ээлөөчүлөрдүн колуна бийлик берген, бардык кулдарды башкарууга мүмкүндүк берген аппарат пайда болот. Ал кезде коом да, мамлекет да, азыркыга караганда бир кыйла майдараак болгон, байланыш аппараты алда канча начарыраак болгон — ал убакта азыркы катташуу каражаттары болгон эмес. Тоолор, дарыялар жана деңиздер, азыркыга караганда, чексиз зор тоскоолдук кылышкан, ошондуктан мамлекеттин түзүлүшү да географиялык чектердин ичинде, өтө тар чектерде жүргөн. Техникалык жагынан начар мамлекеттик аппарат эң тар чектерге таралган жана аракетинин чөйрөсү да тар мамлекетти теплеп турган. Бирок, канткен менен да, кулдарды кулчулукта калууга мажбур кылган, коомдун бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнүн мажбур кылышында, эзишинде кармап турган аппарат бар болгон. Коомдун көпчүлүк бөлүгүн экинчи бөлүгү үчүн дайыма иштөөгө мажбур кылуу иши мажбур кылуунун дайыма иштей турган аппараты болмоюнча мүмкүн эмес. Таптар болбогон убакта бул аппарат да болгон эмес. Таптар пайда болгондо, бул бөлүнүүнүн өсүшү жана чыңалышы менен бирге бардык жерде жана ар дайым өзгөчө бир институт да — мамлекет да пайда болгон. Мамлекеттин формалары өтө эле көп түркүн болгон. Кул ээлөөчүлүк убакытта ошол кездеги өтө алдыңкы катардагы, маданияттуу жана цивилизациялуу өлкөлөрдө, мисалы, бүт бойдон кулчулуктун негизинде курулган байыркы Греция менен Римде, биз мамлекеттин ар түрдүү формаларын көрөбүз. Ошондо эле монархия менен республиканын ортосунда, аристократия менен демократиянын ортосунда айырма пайда болгон. Монархия — бир адамдын бийлиги, республика — кандай болсо да шайланбаган бийликтин жоктугу; аристократия — анчалык чоң болбогон азчылыктын бийлиги, демократия — элдин бийлиги (демократия деген сөздү грек тилинен сөзмөсөз которгондо: элдин бийлиги деген сөз). Мына ушул айырмалардын бардыгы кулчулуктун доорунда пайда болду. Бул айырмаларга карабастан, кул ээлөөчүлүк доордун мамлекети кул ээлөөчүлөрдүн мамлекети болгон, бул монархия болгонбу, же аристократиялык, же демократиялык республика болгонбу — баары бир, кул ээлөөчүлөрдүн мамлекети болгон.

Байыркы убактардын тарыхынын ар бир курсунан, бул илим жөнүндө лекция укканда, сиздер монархиялык жана республикалык мамлекеттердин ортосундагы күрөш жөнүндө угасыздар, бирок негизгиси кулдардын адам катарында саналбагандыгы болгон; кулдар граждан болуп эсептелмек турсун, адам деп да эсептелген эмес. Римдин закону кулдарга буюм катарында караган. Адамдын өзүн коргоонун башка закондору жөнүндө айтпай эле коёлук, өлтүрүү жөнүндөгү закон да кулдарга тиешелүү болгон эмес. Ал закон, толук укуктуу граждан деп бирден-бир таанылган кул ээлөөчүлөрдү гана жактаган. Бирок монархия түзүлсө, бул кул ээлөөчүлүк монархия болгон, республика түзүлсө, бул кул элөөчүлүк республика болгон. Буларда бардык укуктардан кул ээлөөчүлөр пайдаланган, ал эми кулдар болсо, закон богонча буюм катарында болгон, ошондуктан аларга каалаганча зордук-зомбулук көрсөтүүгө да мүмкүн болгон, ал гана эмес, кулду өлтүрүү да кылмыш болуп эсептелген эмес. Кул ээлөөчүлүк республикалардын ички уюштурулушу жагынан гана айырмалары болгон: аристократиялык республикалар жана де-мократиялык республикалар болгон. Аристократиялык республикада шайлоого аз гана сандагы привилегиялуулар катышкан, демократиялык республикада — бардыгы катышкан, бирок мында да, бардык кул ээлөөчүлөр гана, кулдардан башкалардын бардыгы катышкан. Бул негизги абалды көңүлгө алуу керек, себеби бул мамлекет жөнүндөгү маселени баарынан көбүрөөк айкындайт жана мамлекеттин мазмунун ачык көрсөтүп берет.

Мамлекет бир тапты экинчи тап эзүү үчүн кызмат кыла турган машина, бир тапка баш ийген башка тап-тарды ошол тапка моюн сундуруп туруу үчүн кызмат кыла турган машина. Бул машинанын формасы ар түрдүү болот. Кул ээлөөчүлүк мамлекеттен биз монархияны, аристократиялык республиканы же, ал гана эмес, демократиялык республиканы да көрөбүз. Чындыгында башкаруунун формалары эң эле көп түркүн болгон, бирок иштин мазмуну ошол эле бойдон кала берген: кулдар эч кандай укукка ээ болбостон, эзилген тап болуп кала берген, аларды адам деп таанышкан эмес. Крепостнойлук мамлекетте да ушунун өзүн көрүп отурабыз.

Эксплуатациянын формасынын алмашылышы кул ээлөөчүлүк мамлекетти крепостнойлук мамлекетке айландырган. Мунун эң зор мааниси болгон. Кул ээлөөчүлүк коомдо — кул толук укуксуз болуп, ал адам ката- рында эсептелбеген; крепостнойлук коомдо — дыйкан жерге байланган. Крепостной укуктун негизги белгиси, дыйкандар (ал убакта дыйкандар көпчүлүк болгон, шаардык калк эң эле начар өнүккөн болучу) жерге бекитилген деп эсептелген, крепостной укук деген түшүнүктүн өзү да мына ушундан келип чыккан. Крепостной дыйкан өзүнө помещик берген участокто белгилуү гана бир нече күн өзү үчүн иштеп, андан башка күндөрдө барин үчүн иштеген. Таптык коомдун мазмуну сакталып кала берген: коом таптык эксплуатацияга негизделген. Помещиктер гана толук укуктуу боло алган, дыйкандар укуксуз болуп эсептелинген. Практикада дыйкандардын абалынын кул ээлөөчүлүк мамлекеттеги кулдардын абалынан айырмасы эң аз болгон. Бирок ошондой болсо да, алардын эркиндикке чыгышына, дыйкандардын эркиндикке чыгышына алда канча кеңири жол ачылган, анткени крепостной дыйкандар помещиктердин түздөн-түз менчиги болуп эсептелген эмес. Ал өзүнүн убагынын бир бөлүгүн өз участогунда өткөрө алган, мындайча айтканда, белгилүү даражада өзүнө караштуу боло алган, мына ошентип, айырбаштоонун, соодалык катнаштардын өрчүшүнө мүмкүндүк канчалык кеңири болгон сайын крепостной укук уламдан-улам бузулуп, дыйкандардын эркиндикке чыгуу мүмкүнчүлүктөрү да уламдан-улам кеңее берди. Крепостной коом качан болсо да кул ээлөөчүлүк коомго караганда, татаалыраак болгон. Анда сооданын, өнөр жайларынын өнүгүшүнүн зор элементи болгон, бул болсо ошол убакта эле капитализмге алып барган. Орто кылымдар кезинде крепостной укук басымдуулук кылган. Мында да мамлекеттин формалары ар түрдүү болгон, мында да монархиянын да жана бир топ начар болсо да, республиканын да болгондугун көрөбүз, бирок ар дайым жалаң помещик-крепостниктер гана үстөмдүк кылуучулар деп таанылган. Крепостной дыйкандар бардык саясий укуктардан ажыратылып, бул жагынан таптакыр чыгарылып салынган эле.

Кулчулук убагында да, крепостной укук убагында да адамдардын азчылыгынын эң зор көпчүлүктүн үстүнөн жүргүзгөн үстөмдүгү мажбур кылуусуз боло албайт. Бүткүл тарых эзилген таптардын эзүүнү кулатууга багытталган тынымсыз аракеттери менен жык толгон. Кулчулуктун тарыхы, кулчулуктан эркиндикке чыгуу үчүн он-ондогон жылдарга созулган согушту билет. Айтмакчы, Германиянын коммунисттери — капитализмдин эзүүсүнө каршы чыныгы күрөшүп жаткан бирден-бир германдык партия — азыр өзүн «спартакчылар» деп атап отургандыгынын себеби, Спартак мындан эки миң жылдай мурда кулдардын эң ири кетөрүлүштөрүнүн бириндеги эң керүнүктүү баатырлардын бири болгон. Бүт эле кулчулукка негизделген, эң күчтүүдей көрүнгөн Рим империясы, Спартактын башчылыгы астында куралданып жана жыйналып, эң зор армияны түзгөн кулдардын эң зор кетөрүлүшүнөн бир нече жылдар бою сокку жеп, титиреп турду. Бул спартакчылар акырында кыйратылып, колго түшүп, кул ээлеөчүлөр тарабынан жазаланган. Таптык коомдун жашоо тарыхында мындан граждандык согуштар ар дайым болуп келген. Мен азыр кул ээлөө доорундагы мына ушундай граждандык согуштардын эң ирисин мисал кылып келтирдим. Крепостной укуктун бүткүл доору да, дал ушундай дыйкан-дардын дайым болуп турган көтөрүлүштөрү менен жык толгон. Мисалы, Германияда, орто кылымда эки таптын: помещиктер менен крепостнойлордун ортосундагы күрөш эң жогорку көлөмге жетип, дыйкандардын помещиктерге каршы жүргүзгөн граждандык согушуна айланган. Россияда да дыйкандардын крепостник-помещиктерге каршы жүргүзгөн мына ушундай толуп жаткан көтөрүлүштөрүн сиздердин бардыгыңыздар билесиздер.

Өзүнүн үстөмдүгүн колдон чыгарбоо үчүн, өзүнүн бийлигин сактап калуу үчүн помещик өзүнө өтө көп сандаган адамдарды баш ийдирип бириктире турган, ал адамдарды белгилүү закондорго, эрежелерге баш ийдире турган аппаратка ээ болууга тийиш эле,— ал эми бул закондордун бардыгы болсо, негизинен бир гана нерсеге — помещиктин крепостной дыйкандын үстүнөн болгон бийлигин сактап калууга келип такалуучу. Мына дал ушунун өзү крепостнойлук мамлекет болот; бул мамлекет, мисалы, Россияда, же Азиянын ушул убакка чейин крепостничество үстөмдүк кылып жаткан өтө эле артта калган өлкөлөрүндө,— ал формасы жагынан айырмаланып — же республикалык, же монархиялык түрдө болгон. Мамлекет монархиялык мамлекет болгон убакта — бир адамдын бийлиги таанылат; республикалык мамлекет болгон убакта — помещиктик коомдон шайлангандардын аздыр-көптүр катышуулары таанылат,— бул крепостнойлук коомдо болуп отурган иш. Крепостнойлук коомдо эң зор көпчүлүк — крепостной дыйкандар — жокко эсе азчылыкка — жерди ээлеген помещиктерге толук көз каранды болот, анда тап-тар мына ушул түрдө бөлүнгөн.

Сооданын өнүгүшү, товар алмашуунун өнүгүшү жаны таптын — капиталисттердин бөлүнүп чыгышына алып келди. Орто кылымдардын аягында, Американы ачкандан кийин дүйнөлүк соода өтө эле өнүккөн кезде, кымбат баалуу металлдардын саны көбөйгөн кезде, күмүш жана алтын алмашуунун куралы боло баштагая кезде, акча обороту эң көп байлыктарды бир колдо кармоого мүмкүндүк берген кезде капитал пайда болот. Күмүш менен алтынды бүткүл дүйнөдө байлык деп таанышат. Помещиктик таптын экономикалык күчтөрү төмөн түшөт, жана жаңы таптын — капиталдын өкүлдөрүнүн күчү өрчүйт. Мында коомдун кайра курулушу бардык граждандарды тең сыяктуу кылуучу, мурдагыдай кул ээлерине жана кулдарга бөлүнүүнү жоюучу, бүткүл элди закон алдында тең деп эсептөөчү, кимдин канча капиталы болушуна карабастан,— жеке менчик укугу негизинде ээлеп отурган жери барбы, же ал жалаң жумушчу колдору гана бар, жылаңаякпы — бардыгы закон алдында тең болгон сымак түрдө жүргүзүлдү. Закон баарысын бирдей коргойт, бирөөнүн менчиги болсо, ошол менчикти коргойт, аны менчиги жок болуп, эки колунан башка эч нерсеси жок болуп, акырындык менен жакырланып, бүлүнүп, пролетарга айланып жаткан массанын менчикке каршы кол салышынан коргойт. Капиталисттик коом мына ушундай болот.

Мен буга толук токтоло албаймын. Партиянын программасы жөнүндө аңгемелешкен кезде сиздер бул маселеге дагы кайрыласыздар,— сиздер капиталисттик коомго берилген мүнөздөмөнү ошондо угасыздар. Бул коом крепостничествого каршы, эски крепостной укукка каршы эркиндик урааны менен чыкты. Бирок бул эркиндик менчиги барлар үчүн болгон эркиндик эле. XVIII кылымдын акырында — XIX кылымдын башында — Россияда болсо, башка өлкөлөрдөн кечирээк, 1861-жылы — крепостной укук кыйратылган кезде, крепостнойлук мамлекеттин ордуна капиталисттик мамлекет келди, ал бүткүл элдик эркиндикти өзүнүн урааны кылып жарыялайт, бүткүл элдин эркин билдиремин деп айтат, өзүнүн таптык мамлекет экендигин танат, мына ушул жерде бүткүл элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн социалисттер менен капиталисттик мамлекеттин ортсунда күрөш өрчүйт, ал күрөш азыр Советтик социалисттик республиканы түзүүгө алып келди жана бүткүл дүйнөнү кучагына алууда.

Бүткүл дүйнөлүк капиталга каршы башталган күрөштү түшүнүү үчүн, капиталисттик мамлекеттин мазмунун түшүнүү үчүн, капиталисттик мамлекет крепостнойлук мамлекетке каршы чыкканда, эркиндик ураанын көтөрүп урушка киргендигин эстен чыгарбоо керек. Крепостной укуктун жоюлушу капиталисттик мамлекеттин өкүлдөрү үчүн эркиндик болуп саналган жана аларга кызмат кылып берген, анткени крепостной укук талкаланып, дыйкандар акы төлөө жолу менен сатып алган жерлерин, же оброктун бир бөлүгүн толук менчик катарында ээлөө мүмкүндүгүн алышты,— ал эми мамлекет менчиктин кандай жол менен пайда болгон-дугуна этибар кылбастан, аны коргоду, анткени анын өзү жеке менчикке негизделген болучу. Азыркы замандагы бардык цивилизациялуу мамлекеттерде дыйкандар жеке менчик ээлерине айланды. Мамлекет жеке менчикти коргоду жана помещик жеринин бир бөлүгүн дыйкандарга берген жерде акы төлөө аркылуу, акчага сатуу аркылуу аны ыраазы кылды. Мамлекет биз толук жеке менчикти сактап калабыз дегендей кылды, ошондуктан ага ар тараптан жардам берип жактап турду. Мамлекет ар бир купецтин, өнөр жайчынын жана фабриканттын бул менчиги бар, деп тааныды. Жеке менчикке, капиталдын бийлигине, колунда мүлкү жок бардык жумушчуларды жана дыйкандардын эмгекчи массаларын толук баш ийдирүүгө негизделген ушул коом,— мына ушул коом өзүн эркиндиктин негизинде үстөмдүк кылуучу коом деп жарыялады. Ал коом крепостной укукка каршы күрөшүп, менчикти эркин деп жарыялады жана мамлекет таптык болуудан калды деген болуп, айрыкча сыймыктанды.

Ал эми мында да мамлекет эң кедей дыйкандарды жана жумушчулар табын баш ийдирип туруу үчүн капиталисттерге жардам берген машина бойдон кала берди, бирок сырткы көрүнүшүндө ал эркин эле. Ал жалпы шайлоо укугун жарыялайт, өзүнүн тарапкерлери, үгүтчүлөрү, окумуштуулары жана философтору аркы- луу өзүн таптык эмес мамлекет деп билдирет. Бул мамлекетке каршы Советтик социалисттик республикалардын күрөшү башталган азыркы убакта да, алар бизди мына мындайча айыпташат: биз — эркиндикти бузуучулар имишпиз, биз мажбур кылууга жана бирөөлөр экинчи бирөөлөрдү басууга негизделген мамлекет куруп жатат имишпиз, ал эми алар болсо бүткүл элдик, демократиялык мамлекеттин көрүнүшү имиш. Мына ушул маселе — мамлекет жөнүндө маселе,— азыр, социалисттик революция бүткүл дүйнөдө башталган убакта, жана кээ бир өлкөлөрдө революция жеңишке ээ болуп отурган убакта, бүткүл дүйнөлүк капиталга каршы күрөш айрыкча курчуган кезде, мамлекет жөнүндөгү маселе эң чоң мааниге ээ болду, азыркы күндөгү бардык саясий маселелердин жана бардык саясий талаш-тартыштардын чечилиши зарыл болгон эң кыйын жана борбордук маселеси болуп калды, деп айтууга болот.

Россиядагы же цивилизациясы жогорураак ар кандай өлкөдөгү кайсы гана партияны алсак да,— саясий талаш-тартыштардын, келишпегендиктердин, пикирлердин баарысы тен дээрлик азыр мамлекет жөнүндөгү түшүнүктүн тегерегинде жүрүп жатат. Капиталисттик өлкөдө, демократиялык республикада,— айрыкча Швейцария же Америка сыяктуу республикаларда,— эң эркин демократиялык республикаларда мамлекет элдин эркинин көрүнүшу болобу, жалпы элдик чечимдин жыйындысы болобу, улуттук эрктин жана башкалардын көрүнүшү болобу,— же мамлекет андагы капиталиеттер жумушчу табы менен дыйкандардын үстүнөн болгон өздөрүнүн бийлигин сактап тура алсын үчүн керектүү машинабы? Бул — негизги маселе жана азыр бүткүл дүйнөдөгү саясий талаш-тартыштар мына ушул маселенин айланасында жүрүп жатат, Большевизм жөнүндө эмнелерди айтып жатышат? Буржуазиялык басма сөздөр большевиктерди жемелейт. Эл бийлигин бузуучулар деп, большевиктерге каршы айтылып жүргөн айыптоолорду кайталабаган бир дагы газетаны сиздер таппай-сыздар. Эгерде биздин меньшевиктер жана социалист- революционерлер: большевиктер эркиндикти жана эл бийлигин бузуучулар деген айыптоолорду таап алдык жана ойлоп чыгардык деп, ак көңүлдүүлүк менен эле (мүмкүн ак көңүлдүүлүк менен эмес же бул, мындай ак көнүлдүүлүк уурулуктан да жаман деп айтылып кеткен ак көңүлдүүлүк менен чыгар) ойлошсо, анда алар эң эле кулкүлүү түрдө адашышат. Азыркы убакта эң бай өлкөлөрдүн энбай газеталарынын, ондогон миллиондор сарп кылынып, таратылып жаткан жана буржуазиялык ушак менен империалисттик саясатты ондогон миллион нускалап жайып жаткан газеталардын ичинен большевизмге каршы ушул негизги шылтоолорду жана айыптарды кайталабаган бир дагы газета жок, аларг Америка, Англия жана Швейцария — эл бийлигине негизделген алдыңкы катардагы мамлекеттер, ал эми большевиктер республикасы болсо — каракчылардын мамлекети, ал эркиндикти билбейт, большевиктер эл бийлигинин идеясын бузуучулар, ал гана турсун, алар учредилканы кууп жиберүүгө чейин барышты дешет. Большевиктерге карата мындайча коркунучтуу айыптоолор бүткүл дүйнө жүзүндө кайталанып жатат. Бул айыптоолор бизди, мамлекет эмне? деген суроого бүт бойдон алып келет. Бул айыптоолорду түшүнүү үчүн, аларды текшерип чыгып, аларга толук эстүүлүк менен кароо үчүн, текшергенде да миш-миштер боюнча гана текшербестен, туруктуу пикирде болуп текшерүү үчүн, мамлекет деген эмне экендигин ачык түшүнүү керек. Биз бул жерде ар кандай капиталисттик мамлекеттерди жана буларды коргоо үчүн согушка чейин түзүлгөн бардык илимдерди көрүп отурабыз. Маселени чечүүгө туура киришүү үчүн бардык бул илимдерге жана көз караштарга сын көз менен кароо керек.

Мен сиздерге жардам иретинде Энгельстин «Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы» деген чыгармасын атап кеткен элем. Дал мына ушунда, жерге жана өндүрүш каражаттарына жеке менчик болгон, капитал үстөмдүк кылган ар бир мамлекет, канчалык демократиялык болбосун, ал капиталисттик мамлекет болот, ал жумушчу табьш жана эң кедей дыйкандарды баш ийдирип кармоо үчүн капиталисттердин колундагы машина болот, деп айтылат. Ал эми жалпы шайлоо укугу, Учредителдик чогулуш, парламент болсо,— булар тим гана форма, ишти эч канчалык өзгөртпөстөн өзунчө бир түрдөгү вексель болуп саналат.

Мамлекеттин үстөмдүк кылуу формасы ар түрдүү болушу мүмкүн: мамлекеттин үстөмдугүнүн бир формасы бар жерде капитал өзүнүн күчүн бир түрдө көрсөтөт, экинчи формасы бар жерде экинчи бир түрдө көрсөтөт, бирок иш жүзундө бийлик капиталдын колунда калат: ценздик же башка укук барбы, демократиялык республика барбы, баары бир, жана ал гана эмес, республика канчалык демократиялуу болсо капитализмдин бул үстөмдүгү ошончолук орой, ошончолук уятсыйытсыз болот. Дүйнөдөгү эң эле демократиялык республикалардын бири — Түндүк Америкалык Кошмо Штаттар — ал эми бүткүл коом үстүнөн капиталдын бийлиги бир ууч миллиардерлердин бийлиги эч бир жерде ушул өлкөдөгүдөй орой түрдө көрүнбөйт, ушул Америкадагыдай ачык сатып алуу жолун эч бир жерде колдонбойт (ал жерде 1905-жылдан кийин болгон адам, албетте, муну билсе керек). Капитал жашап турган соң, бүткүл коомдун үстүнөн үстөмдүк кылып турат, ошондуктан эч кандай демократиялык республика, эч кандай шайлоо укугу иштин мазмунун өзгөртпөйт.

Демократиялык республика жана жалпы шайлоо укугу крепостнойлук түзүлүшкө караганда өтө зор прогресс болду: алар пролетариатка азыркыдай биригүүгө, баш кошууга, капиталга каршы системалуу күрөш жүргүзүп жаткан туруктуу, дисциплиналуу катарларды түзүүгө мүмкүндүк берди. Кулдар жөнүндө айтпай эле коёлук, крепостной дыйкандарда да буга анча-мынча окшогон нерсе болгон эмес. Биз билип отургандай, кулдар көтөрүлүштөр чыгарып, бунттар жасап, граждандык согуштар ачып келишкен, бирок аң-сезимдүү көпчүлүктү, күрөшкө жетекчилик кылуучу партияларды эч качан түзө алышкан эмес, кайсы максатты карай бара жаткандыктарын ачык биле алышкан эмес жана кала берсе тарыхтын өтө революциячыл учурларында да ар дайым үстөмдүк кылуучу таптардын колундагы пешка болуп кала беришкен. Буржуазиялык республика, парламент, жалпы шайлоо укугү,— мына ушулардын бардыгы коомдун бүткүл дүйнөлүк өнүгүшү көз карашы жагынан алганда өтө зор прогресс болот. Адамзат капитализмди кездөй жүрүп отурду, ал эми эзилген пролетарлар табына өзүн сезип билүүгө жана бүткүл дүйнөлүк жумушчулар кыймылын түзүүгө, бүткүл дүйнөдө партияларга,— массалардын күрөшүнө эстүү түрдө жетекчилик кылган социалисттик партияларга уюмдашкан миллиондогон жумушчуларды түзүүгө мүмкүндуктү шаардык маданият аркасында капитализм гана берди. Парламентаризм болмоюнча, шайлоолор болмоюнча жумушчулар табынын бул өнүгүшу да мүмкүн болбос эле. Мына ушул себептен булардын бардыгы элдин өтө кеңири массаларынын көз алдында мына ушундай чоң мааниге ээ болду. Мына ушул себептен бурулуш мына ушундай кыйын болгонсуп көрүнөт. Мамлекет эркин жана бардык элдин таламын коргоо үчүн кызмат кылат деген буржуазиялык калпты биле туруп эки жүздүү болгондор, окумуштуулар жана поптор гана эмес, эски жөрөлгөлөрдү чын пейли менен кайталаган, эски капиталисттик коомдон социализмге өтүүнү түшүнө албаган толуп жаткан адамдар да колдоп жана жактап отурат. Буржуазияга тике көз каранды болгон адамдар гана эмес, капиталдын эзүүсүндө болгондор же ушул капиталга сатылгандар гана эмес (капиталдын кызматында толуп жаткан окумуштуулар, художниктер, поптор жана башкалар бар), жөн эле буржуазиялык эркиндиктин жөрөлгөлөрүнүн таасири астында калган адамдар да, мына ушулардын бардыгы тең бүткүл дүйнө боюнча большевизмге каршы тиштенип чыгышты, анткени Советтер республикасы куралган убакта бул буржуазиялык калпты четке ыргытып, сиздер өз мамлекетиңиздерди эркин мамлекет деп атайсыздар, ал эми чындыгында, жеке менчик жашап турган кезде, сиздердин мамлекет канчалык демократиялык республика болсо да, жумушчуларды басуу үчүн капиталисттердин колундагы машинадан башка эч нерсе эмес, жана мамлекет канчалык эркинирээк болсо, бул ошончолук анык көрүнөт, деп ачык айтты. Буга мисал — Европадагы Швейцария, Америкадагы Түндүк-Америкалык Кошмо Штаттар болуп эсептелет Капитал эч бир жерде дал мына ушул өлкөлөрдөгүдөй уят-сыйытсыздык жана ырайымсыздык менен үстөмдүк кылбайт, ошондуктан бул демократиялык республикалардын кандай гана кооздолуп боёмолонгодугуна карабастан, эмгек демократиясы жөнүндөгү, бардык граждандардын теңдиги жөнүндөгү эч кандай сөздөргө карабастан, бул үстөмдүк эч бир жерде дал ушул өлкөлөрдөгүдөй ачык көрүнбөйт. Иш жүзүндө Швейцарияда жана Америкада капитал үстөмдүк кылат, ошондуктан жумушчулардын ездөрүнүн абалын аздыр-көптүр олуттуу түрдө жакшыртууга жетишүү үчүн болгон ар кандай аракеттери токтоосуз эле граждандык согушка учурап калат. Бул өлкөлөрдө солдаттар, турактуу аскерлер азыраак,— Швейцарияда милиция бар, жана ар бир швейцариялыктын өз үйүндө мылтыгы болот, Америкада кийинки убакытка чейин турактуу аскерлер болгон жок,— ошондуктан стачка боло калса эле, буржуазия куралданып, солдаттарды жалдап стачканы басат, ал эми жумушчулар кыймылын басуу ишин эч бир жерде Швейцария менен Америкадагыдай ырайымсыз жырткычтык турдө жүргүзүлбөйт жана да капиталдын таасири эч бир парламентте дал ушул өлкөлөрдөгүдөй күчтүү эмес. Капиталдын күчү — бардыгын басат, биржа — бардыгын басат, ал эми парламент, шайлоолор болсо — булар марионеткалар, куурчактар болуп саналат… Бирок, арыраак барган сайын жумушчулардын көзү ошончолук көбүрөөк ачылып, Совет бийлигинин идеясы, айрыкча биз башыбыздан жаңы эле өткөргөн кандуу согуштан кийин, ошончолук кеңири таралып жатат. Капиталисттерге каршы ырайымсыз түрдө күрөшүүнүн зарылдыгы жумушчу табы үчүн улам барган сайын ачыгыраак болуп жатат.

Республика кандай гана формаларга далдаланып жашырынган болсо да, мейли ал эң демократиялык республика болсо да, бирок эгерде ал буржуазиялык болсо, эгерде анда жерге, заводдорго жана фабрикаларга жеке менчик бар болсо жана да жеке капитал бүткүл коомду жалданма кулчулукта кармап турган болсо, башкача айтканда, эгерде анда биздин партиянын программасы жана Советтик конституция баяндаган иштер орундалбай жаткан болсо, анда бул мамлекет — бирөөлөрдү башка бирөөлөр эзиши үчүн кызмат кыла турган машина болуп саналат. Мына ушул машинаны биз капиталды кулатууга тийиш болгон таптын колуна алабыз. Мамлекет дегенибиз — жалпыга бирдей теңдик болот деген эски жөрөлгөлөрдүн бардыгын ыргытып таштайбыз, анткени бул — алдоочулук болот: азырынча эксплуатация болуп турган кезде теңдик болушу мүмкүн эмес. Помещиктин жумушчуга, ачтын — токко тен болушу мүмкүн эмес. Мамлекет деп аталган машинаны, адамдар бул жалпы элдик бийлик болот деген эски жомокторго ишенип, аны ырым-жырымга сыйынгандай сыйлап, ага жүгүнгөн машинаны — мына ушул машинаны пролетариат ыргытып таштайт да: бул, буржуазиялык калп, дейт. Биз бул машинаны капиталисттерден тартып алдык, аны өз колубузга алдык. Бул машина менен же бул чокмор менен биз ар кандай эксплуатацияны талкалайбыз, ошондуктан жер жүзүндө эксплуатациялоого мүмкүндүк калбаган кезде, жер ээлөөчүлөр, фабрика ээлөөчүлөр калбаган кезде бирөөлөр ток болуп, бирөөлөр ачка болуу жоюлган кезде,— мына ушуларга мүмкүндүк калбаган кезде гана, бизге бул машинанын кереги жок болот. Мына ошол кезде мамлекет болбойт, эксплуатация болбойт. Биздин коммунисттик партиябыздын көз карашы мына ушул. Бул маселеге келечек лекцияларда дагы бир канча жолу кайрылабыз деп ишенемин.

Эмгекчи жана эксплуатацияланган элдин укуктарынын декларациясы

By | 07.10.2017

Учредителдик чогулуш токтом кылат:

I.

1. Россия—Жумушчу, солдат жана дыйкан депутаттарынын Советтеринин республикасы деп жарыяланат. Борбордо жана жер-жерлерде бүткүл бийлик ушул Советтерге таандык.

2. Россия Советтик республикасы эркин улуттардын эркин союзунун негизинде Советтик улуттук республикалардын федерациясы катарында түзүлөт.

II.

Адамды адам эксплуатациялоонун ар кандайын жоюуну, коомдун таптарга бөлүнүшүн толук жоюуну, эксплуататорлордун каршылык көрсөтүүлөрүн аёосуз түрдө басып-жанчууну, коомдун социалисттик негизде уюмдашуусун жана социализмдин бардык өлкөлөрдө жеңип чыгуусун өзүнүн негизги максаты кылып коюп, Учредителдик чогулуш андан ары мындай деп токтом кылат:

1. Жерге болгон жеке менчик жоюлат. Бүткүл жер, бүткүл курулуштары, курал-шаймандары жана айыл чарба өндүрүшүнө таандык болгон башка мүлктөрү менен бирге эмгекчи элдин энчиси деп жарыяланат.

2. Эмгекчи элдин эксплуататорлордун үстүнөн болгон бийлигин камсыз кылуу максатында жана фабрикалардын, заводдордун, кендердин, темир жолдордун жана башка өндүрүш каражаттарынын жана транспорттун жумушчу-дыйкан мамлекетинин менчигине толук өтүшүнүн биринчи кадамы болгон жумушчу контролу жөнүндөгү жана Эл чарбасынын жогорку совети жөнүндөгү советтик закон кубатталат.

3. Эмгекчи массаларды капиталдын эзүүсүнөн бошотуу шарттарынын бири катарында бардык банкалардын жумушчу-дыйкан мамлекетинин менчигине өтүшү кубатталат.

4. Коомдун паразиттик катмарларын жоюу максатында жалпыга бирдей эмгек кылуу милдеттүүлүгү киргизилет.

5. Эмгекчилер массасын толук бийликке ээ кылуу жана эксплуататорлордун бийлигинин кайра орношунун ар кандай мүмкүнчүлүгүн жоюу максатында эмгекчилерди куралдандыруу, жумушчулардын жана дыйкандардын социалисттик кызыл армиясын уюштуруу жана мүлктүү таптарды толук куралсыздандыруу декреттелет.

III.

1. Учредителдик чогулуш бардык согуштардан да эң кылмыштуу болгон азыркы согушта жерди кан менен жууган финансылык капиталдын жана империализмдин чеңгелинен адам баласын куткарууга катуу чечкиндүүлүктү көрсөтүп, жашырын договорлорду үзгүлтүккө учуратуу үчүн, азыр өз ара согушуп жаткан армиялардагы жумушчу жана дыйкандардын эң кеңири түрдө боордошууларын уюштуруу үчүн жана, кандай гана болбосун, революциялык чаралар менен улуттардын эркин түрдө өз тагдырын өзү чечүү негизинде, элдердип ортосунда аннексия ларсыз, контрибуцияларсыз демократиялык тынчтыкка жетишүү учүн Совет бийлиги жүргүзүп жаткан саясатка толук кошулат.

2. Учредителдик чогулуш ушул эле максаттарды көздөп, буржуазиялык цивилизациянын варвардык саясатынан толук кол үзүүнү талап кылат, анткени, бул саясат бир аз гана тандамалуу улуттардын эксплуататорлорунун жыргалчылыгы Азиядагы, жалпысынан алганда колониялардагы жана кичине өлкөлөрдөгү. жүздөгөн миллион эмгекчи калкты кулга айландыруунун негизинде түзүлгөн.

Учредителдик чогулуш, Финляндиянын толук көз каранды эместигин жарыялаган, Персиядан аскерлерди чыгара баштаган, Армениянын өз тагдырын өзү чечүү эркиндигин жарыялаган Эл Комиссарлар Советинин саясатын куттуктайт.

3. Учредителдик чогулуш падышанын, помещиктердин жана буржуазиянын өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн заёмдорду жоюу (жок кылуу) жөнүндөгү советтик законду эл аралык банкылык, финансылык капиталга каршы биринчи сокку катарында карайт жана капиталдын эзүусүнө каршы эл аралык жумушчулар көтөрүлүшүнүн толук жеңишине чейин Совет бийлиги ушул жол менен кыйшаюусуз барат деп ишенет.

IV.

Элдин бүткүл массасы эксплуататорлорго каршы али көтөрүлүп чыга албаган кезде, эксплуататорлор өздөрүнүн таптык привилегияларын коргоодо каршылык көрсөтүүлөрүнүн бүт күчүн билбеген кезде, эл социалисттик коомду түзүүгө практика жүзүндө али кирише элек кезде, Октябрь революциясына чейин түзүлгөн партиялык тизмелердин негизинде шайланган Учредителдик чогулуш өзүн Совет өкмөтүнө каршы коюуну, формалдуулук көз карашынан алганда да, туп-тамырынан бери натуура деп эсептээр эле.

Ал эми чындыгында Учредителдик чогулуш, азыр элдин өзүн эксплуатациялоочуларга каршы болгон акыркы күрөшүнүн моментинде,—бийликтин эч бир органында эксплуататорлорго орун болбоого тийиш деп санайт. Бийлик толугу менен жана бут бойдон эмгекчилер массасына жана алардын полномочиелүү өкүлдүгүнө — Жумушчу, солдат жана дыйкан депутаттарынын Советтерине таандык болууга тийиш.

Учредителдик чогулуш, Совет бийлигин жана Эл Комиссарлар Советинин декреттерин колдоп, коомду социалисттик кайра түзүүнүн түпкү негиздерин орнотуу менен өзүнүн милдеттерин аяктайт деп эсептейт.

Ошону менен бирге Учредителдик чогулуш Россиядагы бардык улуттардын эмгекчи таптарынын чыныгы эркин жана ыктыярдуу, демек, ошончолук тыкыс жана бекем союзун түзүүгө умтулуп, ар бир улуттун жумушчуларына жана дыйкандарына өздөрүнүн полномочиелүү советтик съездинде федералдык өкмөткө жана башка советтик федералдуу мекемелерге катышууну каалашабы-жокпу жана кандай негизде катышууну каалаша тургандыктары жөнүндө өзүнчө чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берип, Россиянын Советтик республикаларынын федерациясынын негизги башталмаларын орнотуу ме­нен өз милдетин чектейт.

«Эмнеден баштоо керек?» (деген макаладан)

By | 09.07.2017

…Биздин оюбузча, иштин башталар жери, каалаган уюмду түзүүге карата биринчи практикалык кадам, акырында, биз таянып алып, бул уюмду кыйшаюусуз түрдө өнүктүрө ала турган, тереңдете ала турган, кеңите ала турган негизги нерсе,— жалпы орустук саясий газетаны уюштуруу болууга тийиш. Бизге баарынан мурда газета керек,— ансыз принципиалдуу туруктуулукта болгон ар тараптуу пропаганданы жана агитацияны системалуу түрдө жүргүзүү мүмкүн эмес, ал эми бул иш, жалпысынан социал-демократиянын түпкү жана башкы милдети, саясатка, социализмдин маселелерине кызыгуу калктын эң кеңири катмарында козголгон азыркы учурдун өзгөчө маанилүү милдети болуп олтурат. Жеке таасир кылуу, жергиликтүү баракчалар, китепчелер ж. б. аркылуу жүргүзүлгөн бириндеген агитацияны, мезгил-мезгили менен чыгып турган басма сөздүн жардамы менен гана жүргүзүүгө мүмкүн болгон жалпылаштырылган жана үзгүлтүксүз болуп туруучу агитация менен толуктоо зарылдыгы бүгүнкүдөй эч качан күчтүү сезилген эмес. Газетанын бат-бат жана дайыма өз убагында чыгып турушунун (жана таралышынын) даражасы — биздин согуш ишибиздин ушул эң баштапкы жана эң зарыл тармагынын бизде канчалык мыкты коюлгандыгын өлчөөчү эң так ченем боло алат десек, ашыра айткандык болбос. Мындан ары, бизге дал жалпы орустук газета керек. Эгерде биз элге жана өкмөткө кыла турган таасирибизди басма сөз аркылуу бириктире албасак жана аны бириктирүү колубуздан келбей отурган кезде,— таасирдин башка, кыйыныраак, татаалыраак, бирок өтө чечкиндүү ыктарын бириктирүү жөнүндөгү ой кыял бойдон калат. Биздин кыймыл идеялык жагынан да, практикалык, уюштуруу жагынан да баарынан көбүрөөк өзүнүн бытырандылыгынан, социал-демократтардын зор көпчүлүгү өздөрүнүн кругозорун да, иштеринин арымын да, конспирацияга ийкемдүүлүгүн жана даярдыгын да тарыта турган нагыз жергиликтүү ишке бүт дээрлик берилип кеткендигинен азап чегип олтурат. Биз жогоруда айткан туруксуздук менен олкусолкулуктун эң терең тамырларын дал ушул бытырандылыктан издөө керек. Ошондуктан бул кемчиликтен кутулуу жолундагы, бир нече жергиликтүү кыймылдарды бирдиктүү жалпы орустук кыймылга айландыруу жолундагы алга шилтелүүчү биринчи кадам — жалпы орустук газетаны уюштуруу болууга тийиш. Эң акырында, бизге сөзсүз саясий газета керек. Саясий орган болмоюнча, азыркы Европада саясий кыймыл деген атка арзый турган кыймылдын болушу мүмкүн эмес. Ансыз биздин милдет — саясий нааразылыктын жана протесттин бардык элементтерин чогултуу, алар менен пролетариаттын революциячыл кыймылын өркүндөтүү милдети эч орундалмак эмес. Биз биринчи кадамды жасадык, биз «экономикалык», фабрикалык тартиптердин айбын ачууга жумушчу табынын делебесин козгодук. Биз эми экинчи кадамды жасоого тийишпиз: саясий тартиптердин айбын ачууга элдин анчалык болсо да аң-сезимдүү катмарларынын бардыгынын делебесин козгообуз керек. Азыркы убакта саясий жагынан айып ачуучу үндөр ушунчалык начар, сейрек жана жалтаң экендигинен чочуунун кереги жок. Мунун себеби — полициянын ээнбаштыгы менен жапырт келишип кеткендикте эмес. Мунун себеби — айыпты ачууга жарамдуу жана даяр адамдардын чыгып сүйлөй ала турган трибунасынын жоктугунда,— ораторлорду көңүл коюп уккан жана кайраттандырган аудиториянын жоктугунда,— алар «кудуреттүү» орус өкмөтүнүн үстүнөн даттанууга боло турган күчтү элдин ичинен эч бир жерде көрө алышпагандыгында. Азыр болсо булардын бардыгы зор ылдамдык менен өзгөрүп жатат. Мындай күч бар, ал — революциячыл пролетариат, ал саясий күрөшкө чакырыкты угууга жана колдоого гана эмес, кайрат менен күрөшүүгө да даяр экендигин далилдеди. Падыша өкмөтүнүн айыбын бүткүл эл алдында ашкерелөө үчүн трибуна түзүү азыр биздин колубуздан келет жана биз аны түзүүгө милдеттүүбүз; — мындай трибуна социал-демократиялык газета болууга тийиш. Орус коомунун башка таптарына жана катмарларына караганда орус жумушчу табынын айырмасы — ал саясий билимге дайым таламдуу болуп, жашырын адабиятты (делебеси өзгөчө козголгон мезгилдерде гана эмес) дайыма эң көп талап кылып отурат. Мындай массалык талап болуп турганда, тажрыйбалуу революциячыл жетекчилерди даярдап чыгаруу иши башталып олтурганда, жумушчу табы чоң шаарлардын жумушчу кварталдарында, заводдук поселокто, фабрикалык орун-очоктордо чыныгы кожоюн болорлук даражада топтолуп отургада,— саясий газетаны жолго коюу иши пролетариаттын колунан толук келе турган иш. Пролетариат аркылуу газета шаар мещандарынын, селолук кустарлар менен дыйкандардын арасына тарайт жана анык элдик саясий газета болуп калат.

Бирок да, газетанын ролу жалгыз гана идеяларды таратуу, жалгыз эле саясий тарбия берүү жана саясий союздаштарды өз тарабына тартуу менен чектелбейт. Газета — коллективдүү пропагандист жана коллективдүү агитатор гана болбостон, ошону менен бирге коллективдүү уюштуруучу да болуп саналат. Газетаны акыркы мааниси жагынан алганда, салынып жаткан имараттын айланасына тургузулуп жаткан жыгачтар менен, курулуштун контурларын белгилей турган, айрым куруучулардын арасындагы байланыштарды жеңилдете турган, аларга ишти бөлүүгө жана уюшулган эмгек менен жетишилген жалпы натыйжаны көрүүгө жардам кыла турган жыгачтар менен салыштырууга болот. Жалаң жергиликтүү ишти гана эмес, үзбөй жүргүзүлүп туруучу жалпы ишти да аткаруучу, — саясий окуяларды назар салып байкоого, алардын маанисин жана калктын ар түрдүү катмарларына болгон таасирлерин баалоого, революциячыл партия тарабынан бул окуяларга таасир кылуунун оңтойлуу ыктарың иштеп чыгарууга өз мучөлерүн үйрөтүүчү туруктуу уюм газетанын жардамы менен жана газета менен байланышта өзүнөн-өзү эле курула берет. Газетаны материалдар менен туура жабдууну жана газетаны туура таратууну камсыз кылуу деген техникалык милдеттин бир өзү эле — бири-бири менен жандуу байланышта болгон, иштин жалпы алжайын биле турган, жалпы орустук иштин бөлчөктүү функцияларын үзбөй аткарып турууга үйрөнө турган, тигил же бул революциячыл аракеттерди уюштурууда өздөрүнүн күчтөрүн сынап көрө турган агенттердин тармактарын түзүүгө мажбур кылат. Агенттердин бул тармактары[1] дал бизге керектүү уюмдун негизи болот, бизге болсо: бүткүл өлкөнү өз кучагына алгыдай жетишерлик ири уюм керек; эмгекти бөлүштүрүүнү так жана даана жүргүзө алгыдай жетишерлик кең жана ар тараптуу уюм керек; кандай гана кырдаалдар, кандай гана «бурулуштар» менен капыстыктар болбосун өзүнүн ишин кыйшаюусуз жүргүзө билгендей жетишерлик туруктуу уюм керек; бир жагынан басымдуу күчкө ээ болгон душман өзүнүн бардык күчүн бир пунктка жыйкаган убакта аны менен ачык майданда салгылашуудан баш тарта билгендей, экинчи жактан, бул душмандын тоң моюндуулугунан пайдаланып, күтпөгөн жерден жана күтпөгөн убакта ага каршы кол сала билгендей жетишерлик ийкемдүү уюм керек. Бүгүн биздин алдыбызда аздыр-көптүр жеңил милдет — чоң шаарлардын көчөлөрүндө демонстрация кылып жаткан студенттерге жардам кылуу милдети турат. Эртең, мүмкүн, мындан кыйыныраак милдет — мисалы, белгилүү бир райондогу жумушсуздардын кыймылына жардам берүү милдети келип чыгар. Бүрсүгүнү дыйкандардын козголоңуна революциячыл жол менен катышуу үчүн, биз өз ордубузда даяр туруубуз керек болор. Бүгүн биз өкмөттүн земствого чабуулу аркасында түзүлгөн саясий ал-жайдын курчушунан пайдаланууга тийишпиз.Эртең биз падышанын бул же тигил ээнбаш, башы бузуктарына каршы калктын кыжырданышын колдоого жана — бойкот, кодулоо, манифестация ж. б. аркылуу — ачык түрдө чегинүүгө мажбур болгондой кылып ал башы бузуктардын сазайын берүү үчүн элге жардам кылууга тийишпиз. Күжүрмөн даярдыктын мындай даражасын регулярдык аскерде дайыма жүргүзүлүүчү иш аркылуу гана түзүүгө болот. Ошентип, эгерде биз жалпы газетаны жолго коюуга өз күчтөрүбүздү бириктирсек, ал убакта мындай иш эң билгич пропагандисттерди гана эмес, эң чебер уюштуруучуларды да, партиянын эң таланттуу саясий жол башчыларын да, керектүү минутада чечкиндүү согушка ураан берүүгө жана ага жетекчилик кылууга жарамдуу жол башчыларды да даярдап, алга чыгарат.

Мүмкүн болуучу жаңылыштыктардан оолак болуу үчүн — корутундуда бир-эки ооз сөз айталы. Биз бардык убакта системалуу, пландуу түрдө даярдык көрүү жөнүндө гана айттык, бирок биз муну менен самодержавие туура курчоодон же уюмдашкан штурмдан гана кулайт деп айталы дегенибиз жок. Мындай көз караш тантык доктринёрлук болор эле. Тескерисинче, бардык жагынан дайыма коркунуч туудуруп турган стихиялык жарылыштардын же алдан көрүлбөгөн саясий татаалдануунун бирөөнүн кысымы астында самодержавиенин кулашы толук мүмкүн жана бул тарыхый жагынан көбүрөөк ыктымал нерсе. Бирок бир дагы саясий партия, авантюризмге түшпөсө, өз ишин мындай жарылыштарга жана татаалданууларга ишенип кура албайт. Биз өз жолубуз менен жүрүүгө системалуу түрдө ишибизди кыйшаюусуз иштей берүүгө тийишпиз жана биз капыстыктарга канчалык аз сүйөнсөк, эч кандай «тарыхый бурулуштарга» өзүбүздү капысынан бастырып койбоого мүмкүнчүлүк ошончолук көп болот.

———————-

[1]Мындай агенттер биздин партиянын жергиликтүү комитеттерине (топторуна, кружокторуна) толук жакын болгон шартта гана ийгиликтуү иштей алыша тургандыгы өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Деги биз белгилеген бүткүл план, албетте комитеттердин эң активдүү жардамы аркасында гана ишке ашырыла алат, бул комитеттер болсо партияны бириктирүүгө нечен жолу аракет кылышты жана алар бүгүн болбосо эртең, бир формада болбосо, экинчи формада бул бирдешүүгө жетише алышат, деп биз ишенебиз.

Карл Маркстин илиминин тарыхый тагдыры

By | 07.04.2017

Маркстин илиминдеги эң башкы нерсе, бул — социалисттик коомду түзүүчү катарында пролетариаттын бүткүл дүйнөлүк-тарыхый ролун ачуу болуп саналат. Бул илимди Маркс баяндагандан кийин бүткүл дүйнөдөгү окуялардын жүрүшү ал илимди ырастадыбы, жокпу?

Маркс бул илимдн биринчи жолу 1844-жылы жазып чыккан болучу. Ал эми Маркс менен Энгельстин 1848-жылы чыккан «Коммунисттик манифести» болсо бул илимди бир бүтүн, системаланган илим катарында баяндаган эле, бул баяндоо ушул убакка чейин эң жакшы баяндоо болуп кала берүүдө. Ошол убактан берки бүткүл дүйнөлүк тарых ачык негизги үч мезгилге бөлүнөт: 1) 1848-жылдагы революциядан тартып Париж Коммунасына чейин (1871); 2) Париж Коммунасынан тартып орус революциясына чейин (1905); 3) орус революциясынан кийин.

Маркстин ушул мезгилдердин ар бириндеги илиминин тагдырына көз чаптыралы.

Биринчи мезгилдин башталышында Маркстин илими такыр эле үстөмдүк кылган эмес. Ал — социализмдин өтө эле көп сандаган фракцияларынын же агымдарынын бири гана болгон. Негизинен социализмдин биздин народничествого тектеш болгон формалары: тарыхый кыймылдын материалисттик негизин түшүнбөөчүлүк, капиталисттик коомдогу ар бир таптын ролун жана маанисин ажырата билбөөчүлүк, демократиялык кайра түзүүлөрдүн буржуазиялык маңызын «эл», «адилеттик», «укук», жана ушул сыяктуулар жөнүндөгү соцаалисттик имиш болгон ар түрдүү фразалар менен жаап-жашыруучулук гана үстөмдүк кылган.

1848-жылдагы революция Маркске чейинки социализмдин бүткүл ушул чуулгандуу, ар түрдүү, кызыл кекиртекчил формаларына өлтүрө сокку урат. Бардык өлкөлөрдөгү революция коомдун ар түрдүү таптарынын аракеттенип жатканын көрсөтөт. 1848-жылдын июнь күндөрүндө Парижде республикалык буржуазия тарбынан жумушчулардын атылышы, жалгыз пролетариаттын гана социалисттик жаратылышын биротоло аныктайт. Пролетариаттын өз алдынчалыгынан либералдык буржуазия кандай гана реакцияга караганда жүз эсе көбүрөөк коркот. Коркок либерализм реакциянын алдында кол куушурат. Дыйкандар феодализмдин калдыктарын жок кылууга канааттанышат жана жумушчу демократиясы менен буржуазиялык либерализмдин ортосунда анда-санда олку-солкулукту көрсөтүшүп, тартиптин тарабына өтүшөт. Таптык эмес социализм жөнүндөгү жана таптык эмес саясат жөнүндөгү бардык илимдер кургак сөз болуп калат.

Париж коммунасы (1871) буржуазиялык кайра түзүүнүн бул өнүгүшүн аяктайт; республика, башкача айтканда, таптык мамилелер көбүрөөк ачык формада көрүнгөн мамлекеттик түзүлүш өзүнүн чыңалышы менен пролетариаттын баатырлыгына гана милдеттүү.

Европалык бардык башка өлкөлөрдө көбүрөөк чиеленген жана азыраак аягына чейин жеткирилген өнүгүү ушул эле калыптанган буржуазиялык коомго алып келет. Биринчи мезгилдин аягына (1848—1871), бороондор менен революциялардын мезгилинде Маркса чейинки социализм өлөт. Өз алдынча пролетардык, партиялар: биринчи Интернационал (1864—1872) жана германиялык социал-демократия туулат.

Экинчи мезгил (1872—1904) биринчи мезгилден «тынчтык» мүнөз менен, революциялардын жоктугу менен айырмаланат. Батыш буржуазиялык революцияларды аяктады. Чыгыш болсо али аларга өсүп жеткен жок.

Батыш келечекте боло турган кайра түзүүлөрдүн дооруна даярдануунун «тынчтык» тилкесине кирет. Бардык жерде өзүнүн негизи боюнча пролетардык болгон социалисттик партиялар түзүлө баштайт, бул партиялар буржуазиялык парламентаризмди пайдаланууга, өздөрүнүн күндөлүк прессасын, өздөрүнүн агартуу мекемелерин, өздөрүнүн профессионалдык союздарын, өздөрунүн кооперативдерин түзүүгө үйрөнүп жатышат. Маркстин илими толук жеңишке ээ болот да, кеңири жайылууга өтөт. Пролетариаттын күчтөрүн тандоо жана чогултуу процесси, аны келечектеги салгылашууларга даярдоо процесси акырындык менен, бирок кыйшаюусуз түрдө илгери карай жылат.

Марксизмдин теория жагынан жеңиши анын душмандарын марксисттерге түспөлдөшүүгө аргасыз кылат, тарыхтын диалектикасы ушундай. Ичинен чириген либерализм өзүн социалисттик оппортунизм түрүндө жандандырууга аракеттенет. Улуу салгылашуулар үчүн күчтөрдү даярдоо мезгилин алар бул салгылашуулардан баш тартуу маанисинде түшүндүрүшөт. Жалданма кулчулукка каршы күрөшүү үчүн кулдардын абалын жакшыртууну оппортунисттер, кулдардын эркиндикке карата болгон өз укуктарын беш тыйынга сатуу маанисинде түшүндүрүшөт. «Социалдык тынчтыкты» (башкача айтканда, кул ээлөөчүлүк сакталган тынчтыкты), тап күрөшүнөн баш тартууну жана ушул сыяктууларды коркоктук менен үгүттөшөт. Социалисттик парламентарийлердин, жумушчу кыймылынын ар түрдүү чиновниктеринин жана «тилектеш» интеллигенциянын ичинде алардын эң көп жактоочулары бар.

Оппортунисттер «социалдык тынчтык» менен, «демократиянын» убагында бороондордун зарылдыгынын жоктугу менен мактанып бүтүшө электе эле Азияда дүйнөлүк өтө зор бороондордун жаңы булагы ачылды. Орус революциясынын артынан Турция, Персия, Кытай революциялары башталды. Биз азыр так эле ушул бороондордун жана алардын Европага «кайта таасир кылып жаткан» доорунда жашап турабыз. Ага азыр ар түрдүү «цивилизациялашкан» гиеналар тиштерин кайрап жаткан улуу Кытай республикасынын тагдыры эмне менен бүтпөсүн, бирок дүйнөдөгү эч кандай күчтөр Азияда эски крепостничествону калыбына келтире алышпайт, азиялык жана жарым азиялык өлкөлөрдөгү эл массаларынын баатырдык демократизмин жер жүзүнөн шыпырып таштай алышпайт.

Европадагы капитализмге каршы чечкиндүү күрөштү узакка кечиктирүү массалык күрөштү даярдоо жана өнүктүрүү шарттарына көңүл бурбаган кайсы бир адамдарды үмүтүн үзүүгө жана анархизмге чейин жеткирди. Биз, азыр, анархисттик үмүт үзүүнүн сокурдугун жана коркоктугуи көрүп отурабыз.

Сегиз жүз миллион эли бар Азиянын ошол эле европалык идеалдар үчүн күрөшкө тартылуу фактысынаи үмүт үзүүнү эмес, кайраттуулукту сузуп алуу керек.

Азиялык революциялар либерализмдин баягы эле бош мүнөздүгүн жана карасанатайлыгын, демократиялык массалардын өз алдынча болушунун баягы эле өзгөчө маанисин, ар кандай буржуазиядан пролетариаттын айкын-ачык түрдө баягы эле бөлүнүшүн бизге керсөттү. Европанын да, Азиянын да тажрыйбасынан кийин кимде-ким тапсыз саясат жөнүндө жана тапсыз социализм жөнүндө айтса, аны жөн эле тордун ичине отургузуп, австралиялык кандайдыр бир кенгуру менен катар коюп көрсөтүү керек.

Азиянын артынан — бирок азияча эмес — Европа да козголо баштады. 1872—1904-жылдардагы — «тынч» мезгил кайталанбай турган болуп түбөлүккө жок болду. Кымбатчылык жана тресттердин эзүүсү, Англиянын либерализм менен өтө бузулган жумушчуларын да ордунан козголткон экономикалык күрөштүн эч убакта болуп көрбөгөндөй курчушун пайда кылып жатат. Биздин көз алдыбыздан өтө эле «таштай бек» буржуазиялык-юнкердик өлкөдө, Германияда да, саясий кризис жетилип отурат. Империализмдин кутургандай куралданышы жана саясаты ушул убактагы Европадан ок-дары салган бочкага көбурөөк окшогон «социалдык тынчтыкты» түзүүдө. Ал эми бардык буржуазиялык партиялардын бузулушу жана пролетариаттын бышып жетилиши кыйшаюусуз алга карай бара жатат.

Марксизм пайда болгондон кийин бүткүл дүйнөлүк тарыхтын үч улуу доорунун ар бири ага жаңы ырастоолорду жана жаңы триумфтарды алып келди. Бирок келечектеги тарыхый доор, пролетариаттын илими катарында, марксизмге дагы чоң триумфтарды алып келет.

Фридрих Энгельс

By | 02.04.2017

Акылдын кандай чырагы өчтү. Кандан жүрөк согуудан токтоду!

1895-жылы жаңы стиль менен 5-августта (24-июлда) Лондондо Фридрих Энгельс дүйнөдөн кайтты. Энгельс өзүнүн досу Карл Маркстан кийин (Маркс 1883-жылы өлгөн) бүткүл цивилизациялуу дүйнөдегү азыркы замандын пролетариатынын эң сонун окумуштуусу жана окутуучусу болучу. Тагдыр Карл Маркс менен Фридрих Энгельсти жолуктурган күндөн тартып, бул эки достун турмуштук эмгеги алардын жалпы иши болуп калган. Ошондуктан, Фридрих Энгельстин пролетариат үчүн эмне иштеп бергендигин түшүнүү үчүн, азыркы замандагы жумушчу кыймылынын өнүгүшүндө Маркстин илими менен ишинин маанисин ачык өздөштүрүп алуу керек. Өзүнүн талаптары бар жумушчу табы азыркы кездеги, экономикалык тартиптин, буржуазия менен бирге пролетариатты да кадиксиз түзүп жана уюмдаштырып отура турган тартиптин зарыл түрдөгү туундусу экендигин Маркс менен Энгельс биринчи жолу көрсөтүштү; алар адамзатты азыр эзип турган кырсыктардан куткара турган нерсе айрым ак ниет адамдардын жакшы саналуу аракеттери эмес, уюмдашкан пролетариаттын тап күрөшү гана экендигин көрсөтүштү. Маркс менен Энгельс өздөрүнүн илимий эмгектеринде, социализм дегенибиз кыялданган адамдар ойлоп чыгарган нерсе эмес, азыркы коомдогу өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшүнүн түпкү максаты жана зарыл натыйжасы экендигин биринчи жолу түшүндүрүштү. Азыркы күнгө чейин жазылып келген тарыхтын баары тап күрөшүнүн тарыхы, коомдук таптардын биринин экинчисинин үстүнөн болгон үстөмдүгүнүн жана жеңиштеринин алмашып турушу болучу. Андыктан бул, тап күрөшүнүн жана таптык үстөмдүктүн негиздери — жеке менчик менен тартипсиз түрдө болгон коомдук өндүрүү жок болмоюнча, ушундай болуп созула бермек. Пролетариаттын таламдары бул негиздерди жоюуну талап кылат, ошондуктан уюмдашкан жумушчулардын аң-сезимдүү тап күрөшү ошол негиздерге каршы багытталууга тийиш. Ал эми ар кандай тап күрөшү саясий күрөш болуп эсептелет.

Маркс менен Энгельстин бул көз караштарын азыр өзүнүн боштондугу үчүн күрөшүп жаткан пролетариаттын бардыгы өздөштүрүп алышты, бирок бул эки дос 40-жылдарда өз убагындагы социалисттик адабиятка жана коомдук кыймылдарга катышкан кезде, мындай көз караштар таптакыр жаңылык эле. Ал кезде, саясий боштондук үчүн күрөшкө, падышалардын, полициянын жана поптордун самодержавиесине каршы күрөшкө кызыгып кетип, буржуазия менен пролетариаттын таламдарынын карама-каршы экендигин көрбөген таланттуу жана талантсыз, ак ниеттүү жана ак ниетсиз кишилер көп болгон. Бул кишилер жумушчулардын өз алдынча коомдук күч катарында чыга тургандыгын ойлоп да коюшкаи эмес. Экинчи жагынан, азыркы кездеги коомдук тартиптин адилетсиз экендигине башкаруучуларды жана үстемдүк кылуучу таптарды ишендирүү гана керек, ошондо жер жүзүне тынчтыкты жана текши жыргалчылыкты оңой гана орнотууга болот, деп ойлошкон, көптөгөн куру кыял, кээде даанышман адамдар да болгон. Алар күрөшсүз эле социализм жөнүндө кыял кылышкан. Эң аягында, ошол кездеги социалисттердин бардыгы дзэрлик пролетариатты жараат катарында гана көрүп, өнөр жайдын өсүшү менен бирге бул жарааттын да өсүп жаткандыгына үрөйү учуп карашкан. Ошондуктан алардын бардыгы өнөр жайдын жана пролетариаттын өнүгүшүн кантип токтотуу, «тарыхтын дөңгөлөгүн» токтотуу жөнүндө ойлошкон. Пролетариаттын өнүгүшүнүн алдындагы ушундай жалпы коркууга карама-каршы Маркс менен Энгельс өздөрүнүн бардык үмүтүн пролетариаттын тынымсыз өсүшүнө жүктөшкөн. Пролетарлар канчалык көп болсо, революциялык тап катарында алардын күчү да ошончолук көп болот, социализмдин келиши да ошончолук жакын жана мүмкүн болот. Маркс менен Энгельстин жумушчу табына сиңирген эмгегин бир аз сөз менен мындай деп айтууга болот: алар жумушчу табын өзүн-өзү таанып-билүүгө жана таптык аң-сезимге үйрөтүштү жана ошентип алар кыялдардын ордуна илимди койду.

Мына ошондуктан Энгельстин ысмы менен өмүрү ар бир жумушчуга тааныш болууга тийиш, мына ошондуктан орус жумушчуларынын өзүнүн таптык аң-сезимдүүлүгүн ойготуу максатын алдына коюп отурган, биздин бардык чыгармаларыбыз сыяктуу эле, биздин ушул жыйнагыбызда да биз азыркы замандын пролетариатынын улуу эки окутуучусунун бири болгон Фридрих Энгельстин өмүрү менен ишинин очеркин берүүгө тийишпиз.

Энгельс 1820-жылы, пруссиялык королевствонун Рейн провинциясындагы Бармен шаарында туулган. Анын атасы фабрикант болгон. 1838-жылы Энгельс үй-бүлөлүк шарттардын себептеринен гимназияны бүтпөстөн эле, Бремендеги бир соода үйүнө приказчик болуп кирүүгө мажбур болгон. Купецтик иш Энгельске өзүнүн илимий жана саясий билимин көтөрүү жагынан иштөөгө тоскоолдук кылган эмес. Ал гимназист кезинде эле самодержавиени жана чиновниктердин зордук-зомбулугун жек көргөн. Философия жагынан иштөө аны андан ары илгерилетти. Ал кезде немецтик философияда Гегелдин илими үстөмдүк кылып отурган, ошондуктан Энгельс анын жолун жолдоочу болгон. Гегель өзү самодержавиелик Пруссия мамлекетинин алдында жүгүнүп, Берлин университетинин профессору катарында ага кызмат кылган болсо да, Гегелдин илими революциячыл болгон. Гегелдин адамзаттын акыл-оюна болгон ишеничи жана анын укугу, гегелдик философиянын дүйнөдө өзгөрүү менен өнүгүү процесси дайым болуп турат деген негизги жобосу берлиндик философтун чындык менен элдешкиси келбеген шакирттерин чындык менен күрөшүүнүн да, жашап турган акыйкатсыздык, өкүм сүрүп турган балаа менен күрөшүүнүн да түп тамыры түбөлүк өнүгүүнүн дүйнөлүк законунда турат деген ойго алып келген. Эгер бардык нерсе өнүгүп турса, эгер мекемелердин бирөөлөрү экинчи бирөөлөрү менен алмашылып турса, анда пруссиялык королдун же орус падышасынын самодержавиеси, жокко эсе азчылыктын эбегейсиз зор көпчүлүктүн эсебинен байышы, буржуазиянын элге кылган үстөмдүгү эмне үчүн түбөлүк тура берүүгө тийиш? Гегелдин философиясы духтун жана идеялардын өнүгүшү жөнүндө айткан, ал идеалисттик философия болучу. Бул философия жаратылыштын, адамдын өнүгүшү жана адамзаттык, коомдук мамилелердин өнүгүштөрү духтун өнүгүшүнөн келип чыгат деп көрсөткөн. Маркс менен Энгельс Гегелдин түбөлүк өнүгүү процесси жөнүндө1 айткан пикирин кармап калып, алдан ойлонуп алынган жалган идеалисттик көз карашты четке кагышты; алар турмушка кайрылып, жаратылыштын өнүгүшүн духтун өнүгүшү менен түшүндүрбөстөн, тескерисинче — духту жаратылыштын, материянын өзүнөн алып чыгып түшүндүрүү керек экендигин көрүшкөн… Гегелге жана башка гегелчилерге карама-каршы, Маркс менен Энгельс материалист болушкан. Алар дүйнөгө жана адамзатка материалистче карашып, жаратылыштын бардык көрүнүштөрүнүн негизинде материалдык себептер жаткандай эле, адамзат коомунун өнүгүшү да материалдык, өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү менен шарттала тургандыгын көрүшкөн. Адамзаттык керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн зарыл болгон буюмдарды өндүрүүдө кишилердин бир бирине кыла турган мамилелери өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшүнө байланыштуу болот. Коомдук турмуштун бардык көрүнүштөрү, адамзаттык умтулуштар, идеялар жана закондор мына ушул мамилелер менен түшүндүрүлөт. Өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү жеке менчикке таянуучу коомдук мамилелерди түзөт, бирок, өндүргүч күчтөрдүн ошол эле өнүгүшү менчикти көпчүлүктөн тартып алып, аны жокко эсе болгон азчылыктын колуна топтогондугун биз азыр көрүп отурабыз. Ошол өнүгүү азыркы замандагы коомдук тартиптин негизи болгон менчикти жоёт, ал өзү да социалисттер өз алдына койгон максатка карай умтулат. Социалисттер, кайсы коомдук күчтүн, азыркы коомдо өз абалы боюнча, социализмди турмушка ашырууга таламдуу экендигин түшүнүп, ал күчкө өз таламдарын жана тарыхый милдетин түшүндүрүп берүүлөрү гана керек. Андай күч — пролетариат. Аны менен Энгельс Англияда, англиялык өнөр жайдын борбору Манчестерде таанышты, ал Манчестерге 1842-жылы барып, өзүнүн атасы пайщиктеринин бири болгон соода үйүнө кызматка кирди. Энгельс мында фабриканын конторасында гана тим отурбастан, жумушчулар эптеп баш калкалай турган булганыч кварталдарды аралап жүрүп, жумушчулардын жакырчылыгын жана тарткан азап-тозогун өз көзү менен көргөн. Бирок ал өзүнүн байкагандарына гана канааттанып тим болбостон, англиялык жумушчу табынын абалы жөнүндө өзүнө чейин эмне табылып, эмне жазылса, ошонун бардыгын окуп чыккан, ал өзүнүн колу жеткен официалдык документтердин бардыгын тыкандык менен үйрөнүп чыккан. «Англиядагы жумушчу табынын абалы» деген 1845-жылы чыккан китеп мына ушул үйрөнүүлөрдүн жана байкоолордун жемиши болучу. «Англиядагы жумушчу табынын абалы» деген китептин автору болгон Энгельстин сиңирген башкы эмгеги эмнеде экендигин биз жогоруда эскерткен элек. Энгельске чейин да өтө көп кишилер пролетариаттын гарткан азабын сүрөттөп, ага жардам берүү зарылдыгын көрсөткөн эле. Пролетариат азап тартуучу гана тап эмес, пролетариаттын экономикалык маскара абалда болушунун дал өзү аны токтоосуз алга түртөт жана аны өзүнүн биротоло боштондукка чыгышы үчүн күрөшүүгө мажбур кылат, деп Энгельс биринчи айткан. Ал эми күрөшүүчү пролетариат өзүнө өзү жардам берет. Жумушчу табынын саясий кыймылы жумушчулардын, аларда социализмден тышкары арга жок экендигин түшүнүүгө сөзсүз алып келет. Экинчи жагынан, социализм жумушчу табынын саясий күрөшүнүн максаты болуп калганда гана ал күчкө айланат. Энгельстин Англиядагы жумушчу табынын абалы жөнүндөгү китебинин негизги пикирлери, бардык ойлоочу жана күрөшүүчү пролетариаттын азыр өздөштүрүп алган, бирок ал кезде такыр эле жаңы болгон пикирлери мына ушулар. Бул пикирлер англиялык пролетариаттын тарткан азаптары жөнүндө эң анык жана эң аянычтуу көрүнүштер менен толгон, кызык жазылган китепте баяндалган болучу. Бул китеп капитализм менен буржуазияны эң катуу айьштоочу китеп болгон. Бул китеп калтырган таасир өтө зор эле. Энгельстин бул китебине, бардык жерде азыркы замандагы пролетариаттын абалын эң мыкты көрсөтүүчү китеп катарында таяна башташкан. Чынында да, жумушчу табынын тарткан азабын ушунчалык акыйкаттык менен ачык-айкын сүрөттөгөн чыгарма 1845-жылга чейин да, андан кийин да болгон эмес.

Энгельс Англияда гана социалист боло алды. Манчестерде ал англиялык жумушчу кыймылынын ошо кездеги ишмерлери менен байланышып, англиялык социалисттик басма сөздөргө жаза баштады. Ал 1844-жылы Германияга кайтып бараткан жолунда Парижде Маркс менен таанышты, аны менен Энгельс мурда эле кат жазышып турушкан болучу. Маркс да Парижде француз социалисттеринин жана француз турмушунун таасири астында социалист болуп калган эле. Мында эки дос биргелешип, «Ыйык үй-бүлө, же сынчыл сынга сын» деген китеп жазышты. «Англиядагы жумушчу табынын абалы» деген китептен бир жыл мурда чыккан жана көн бөлүгү Маркс тарабынан жазылган бул китепте, биз жогоруда башкы пикирлерин баяндап кеткен революциячыл-материалисттик социализмдин негиздери салынган болучу. «Ыйык үй-бүлө» — эки бир тууган философ Бауэрлерге жана алардын жолун жолдогондорго шылдыңдап коюлган ат. Бул господиндер ар кандай чындыктан жогору турган, партиядан жана саясаттан жогору турган, ар кандай практикалык ишти танган жана курчап турган дүйнөнү жана анда болуп жаткан окуяларды «сын» көзү менен гана караган сынды үгүттөшкөн. Господин Бауэрлер пролетариат жөнүндө, ал сынчыл эмес масса деп бой көтөрүп айтышкан. Бул сандырак жана зыяндуу багытка Маркс менен Энгельс чечкиндүү түрдө каршы чыгышты. Үстөмдүк кылуучу таптар менен мамлекеттен тепки жеген чыныгы адамзатынын — жумушчунун урматы үчүн, алар үстүртөн эле байкап-карап турууну эмес, коомдун мыкты түзүлүшү үчүн күрөш жүргүзүүнү талап кылышат. Ушундай күрөштү жүргүзүүгө жарамдуу жана ага таламдуу болгон күч деп, Маркс менен Энгельс, албетте, пролетариатты эсептешкен. «Ыйык үй-бүлөгө» чейин эле, Маркс менен Ругенин «Немецтик-Француздук Журналында» Энгельс «Саясий экономия боюнча сын очерктерин» басып чыгарган, бул очерктеринде ал азыркы замандагы экономикалык тартиптин негизги көрүнүштөрүн жеке менчиктин үстөмдүгүнүн болбой койбой турган натыйжалары катарында социализмдин көз карашынан карап чыккан. Маркстин саясий экономияга, өзүнүн эмгектери анда бүтүндөй бир көңтөрүш жасаган илимге киришүүсүнө анын Энгельс менен болгон мамилеси таасир бергендиги талашсыз.

1845-жылдан 1847-жылга чейинки убакытта Энгельс Брюсселде жана Парижде жашап, илимий иштерин Брюсселдеги жана Париждеги немец жумушчуларынын арасындагы практикалык иш аракеттери менен айкалыштырып жүргүзүп турду. Мында Энгельс менен Маркс жашырын немецтик «Коммунисттер союзу» менен байланышышты, ал союз Маркс менен Энгельске өздөрү иштеп чыккан социализмдин негизги башталмаларын жазып чыгууну тапшырган эле. Маркс менен Энгельстин 1848-жылы басылып чыккан атактуу «Коммунисттик партиянын манифести» мына ушинтип пайда болду. Бул кичине гана китеп бүтүндөй бир томдорго татыйт: цивилизациялашкан дүйнөнүн бүткүл уюмдашкан жана күрөшүп жаткан пролетариаты азыркы күнгө чейин анын духу менен жашап жана аракет кылып жатат.

Адегенде Францияда башталып, анан Батыш Европанын башка өлкөлөрүнө да жайылган 1848-жылдагы революция Маркс менен Энгельсти родинасына алып келди. Бул жерде, Рейндик Пруссияда алар Кёльнде чыгып турган демократиялык «Жаңы Рейндик Газетанын» башында турушту. Бул эки дос Рейндик Пруссиядагы бүткүл революциялык-демократиялык умтулуштардын жаны эле. Алзр элдин жана боштондуктун таламдарын реакциячыл күчтердөн акыркы мүмкүнчүлүктөрүнө чейин коргоп турушту. Реакциячыл күчтөр белгилүү болгондой, жеңип кетишти. «Жаңы Рейндик Газетага» тыюу салынды, өзүнүн эмиграцияда жүргөн убагында пруссиянын граждаиы деген укугунан айрылып калган Марксти ал жерден айдап жиберишти, Энгельс болсо, элдин куралдуу көтөрүлүшүнө катышып, үч жолку урушта эркиндик үчүн салгылашты жана көтөрүлүшчүлөр жеңилгенден кийин Швейцария аркылуу Лондонго качып кетти.

Маркс да ошол жерге барып жайланышты. Көп убакыт өтпөй эле Энгельс 40-жылдарда өзү кызмат кылган Манчестердеги соода үйүнө башкаруучу, андан кийин пайщик болуп иштеп калды. 1870-жылга чейин Энгельс Манчестерде, ал эми Маркс болсо Лондондо турду, бул аларга эң жандуу рухий карым-катнашта болууга тоскоолдук кыла алган жок: алар ар күнү дээрлик кат жазышып турушту. Эки дос бул кат жазышууда өздөрүнүн көз караштары жана билимдери жагынан пикир алмашышып, илимий социализмди биргелешип иштеп чыгуу ишин уланта беришти. 1870-жылы Энгельс Лондонго көчүп келди, ошондон 1883-жылга, Маркс дүйнөдөн кайтканга дейре, алардын өтө чымырканган иштерге толгон биргелешкен духовный турмушу токтогон жок. Маркстин, биздин кылымдагы эң улуу саясий-экономикалык чыгарма болгон «Капиталы», Энгельстин толуп жаткан ири жана майда чыгармалары ошол чымырканган иштердин жемиши болучу. Маркс капиталисттик чарбанын эң татаал көрүнүштөрүн талдап чыгуунун үстүндө иштеди. Энгельс өтө жеңил жазылган, көбүнчө полемикалык түрдөгү эмгектеринде эң жалпы илимий маселелерди, өткөн жана азыркы замандын түрдүү көрүнүштөрүн — тарыхты материалисттерче түшүнүүнүн жана Маркстин экономикалык теориясынын духунда баяндаган. Энгельстин бул эмгектеринен төмөнкүлөрдү атап өтөлү:—Дюрингге каршы полемикалык чыгарма (мында философиянын, табият таануунун жана коомдук илимдердин эң зор маселелери талданып чыккан)2. «Үй-бүленүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы» (орус тилине которулуп, С-Петербургда басылып чыккан, 3-басылышы, 1895), «Людвиг Фейербах» (орусча котормосуна эскертүүсү Г. Плехановдуку, Женева, 1892), орус өкмөтүнүн тышкы саясаты жөнүндөгү макала (Женевадагы «Социал-демократтын» 1-жана 2-сандарында орус тилине которулган), квартиралык маселе жөнүндөгү сонун макалалар, эң аягында, Россиянын экономикалык өнүгүшү жөнүндөгү кичине, бирок өтө баалуу макалалар («Фридрих Энгельс Россия жөнүндө», орус тилине В. Н. Засулич которгон, Женева, 1894). Маркс өзүнүн капитал жөнүндөгү эң зор эмгегин биротоло иштеп чыгууга үлгүрбөй дүйнөдөн кайтты. Бирок ал кол жазма түрүндө бүткөн эле, ошентип Энгельс досу өлгөндөн кийин «Капиталдын» Ⅱ жана Ⅲ томдорун иштеп жана басып чыгаруу үчүн оор эмгекке киришти. Ал 1885-жылы Ⅱ томун, 1894-жылы Ⅲ томун басып чыгарды (Ⅳ томду ал иштеп чыгууга үлгүрө албай калды). Энгельс «Капиталдын» Ⅱ жана Ⅲ томдорун басып чыгаруу менен өзүнүн гениалдуу досуна эң улуу эстелик тургузду, ал эстеликке өзүнүн атын да өчпөс кылып, оюп-жазып кетти, деп австриялык социал-демократ Адлер туура айткан. Чынында, «Капиталдын» бул эки тому экөөнүн: Маркс менен Энгельстин эмгеги. Байыркы ылакаптарда достуктун жүрөктү элжиреткен ар түрдүү үлгүлөрү жөнүндө айтылат эмеспи. Ал эми европалык пролетариат болсо биздин илимибизди өз ара мамилелерди адам баласынын жүрөктү элжиреткен достугу жөнүндө байыркылардын ылакаптарында айтылгандардан да жогору турган эки окумуштуу жана күрөшчү түзүшкөн деп айта алат. Энгельс ар дайым өзүн Маркстан кийин койгон,— бул жалпысынан алганда, абдан адилеттүүлүк эле. «Маркстин тушунда,— деп жазган болучу ал өзүнүн бир эски досуна,— мен экинчи скрипканы ойногонмун». Энгельс Марксты, анын тирүү кезинде да, жана ал өлгөндөн кийин да чексиз сүйүп урматтаган. Бул тайманбас күрөшчүдө жана эң туруктуу акылманда терең сүйүүчү жүрөк болгон.

1848—1849-жылдардагы кыймылдардан кийин Маркс менен Энгельс куугунтукталып жүргөн кездеринде жалаң гана илимий иштер менен чектелип тим болушкан жок. Маркс 1864-жылы «Жумушчулардын эл аралык коомун» түзүп, ал коомго ондогон жылдар бою жетекчилик кылды. Анын иштерине Энгельс да жандуу түрдө катышып турду. Маркстин ою боюнча, бардык өлкөлөрдүн пролетарларын бириктирип турган «Эл аралык коомдун» иштери жумушчу кыймылынын өнүгүшүндө эң зор мааниге ээ болду. Бирок 70-жылдарда «Эл аралык коом» жабылып калгандан кийин да, Маркс менен Энгельстин бириктирүүчү ролу токтолгон жок. Тескерисинче, жумушчулар кыймылынын рухий жетекчилери катарында, алардын мааниси дайыма өсө берди, деп айтууга болот, анткени кыймылдын өзү да тынымсыз түрдө өсүп жатты. Маркс дүйнөдөн кайткандан кийин, Энгельс өзү жалгыз европалык социалисттердин кеңешчиси жана жетекчиси болуп кала берди. Өкмөттүк куугунтуктоолорго карабастан, күчтөрү тездик менен жана токтоосуз өсүп жаткан немецтик социалисттер да, өздөрүнүн биринчи кадамдарын ойлоп жана салмактап басууга туура келген артта калган өлкөлөрдүн өкүлдөрү — мисалы, испандыктар, румындар, орустар да — баары бирдей кеңеш жана көрсөтмө сурашып, Энгельске кайрылып турушкан. Булардын бардыгы карт Энгельстин билиминин жана тажрыйбасынын бай казынасынан пайдаланышкан.

Маркс менен Энгельс экөө тең орусча тилди билген жана орусча китептерди окуй алышкан. Алар Россияга өтө кызыгуу менен көңүл бурушкан, орустун революциячыл кыймылынан тилектештик менен кабардар болушуп, орус революционерлери менен байланышып турушкан. Алардын экөө тең демократтардан келип социалист болушту, ошондуктан саясий ээнбаштыкты жек көрүучү демократиялык сезим аларда абдан күчтүү эле. Саясий ээнбаштыктын экономикалык эзүү менен байланышын теория жүзүндө терең түшүнүү менен айкалышкан бул нукура саясий сезим жана ошондой эле турмуштук бай тажрыйбалары Маркс менен Энгельсти дал саясий жактан өзгөчө сергек кылды. Ошондуктан, саны жагынан аз болгон орус революционерлеринин күч-кубаттуу падыша өкмөтүнө каршы баатырларча күрөшү бул сыналган революционерлердин жүрөгүнөн терең тилектештик сезимин тапты. Тескерисинче, жалган экономикалык пайдаларды көздөп, орус социалисттеринин эң эле тикеден-тике жана эң маанилүү милдеттеринен — саясий эркиндикти жеңип алуу милдетинен — тескери бурулгнн тымызын аракеттер алардын көзүнө шектуү болуп, көрүнгөндүгү табигый нерсе, жана алар, кала берсе, ал аракетти социалдык революциянын улуу ишине тикеден-тике чыккынчылык кылуу болот деп эсептешкен. «Пролетариаттын азаттыкка чыгышы анын езүнүн иши болууга тийиш»,— Маркс менен Энгельс дайыма мына ушуга үйрөтүп келишкен. Ал эми өзүнүн экономикалык боштондукка жетишин көздөп күрөшүү үчүн пролетариат өзүнө белгилүү бир саясий укуктарды жеңип алууга тийиш. Анын үстүнө, Россиядагы саясий революциянын батыш-европалык жумушчу кыймылы үчүн да зор мааниси боло тургандыгын Маркс да, Энгельс да ачык көрүшкөн болучу. Самодержавиелик Россия ар качан бүткүл европалык реакциянын тиреги болуп келген. Германия менен Францияны узакка чейин бири-бирине кас кылып койгон 1870-жылдагы согуштун натыйжасында Россиянын өтө ыңгайлуу эл аралык абалга ээ болушу, албетте, самодержавиелик Россиянын реакциячыл күч катарындагы маанисин гана күчөттү. Поляктарды, (финляндиялыктарды, немецтерди, армяндарды жана башка майда элдерди эзүүгө да, Германия менен Францияны дайыма бир-бирине каршы тукуруп турууга да муктаж болбой турган эркин Россия гана азыркы Европага согуштун оордуктарынан эркин дем алуу мүмкүндүгүн бермек, Европадагы бардык реакциячыл элементтерди начарлатмак жана европалык жумушчу табынын күчүн арттырмак. Мына дал ошондуктан Энгельс Батыштагы жумушчу кыймылынын ийгиликтүү түрдө жүрүшү үчүн да Россияда саясий эркиндиктин орнотулушун өтө катуу каалаган. Энгельстин дүйнөдөн кайтышы менен орус революционерлери өздөрүнүн эң мыкты досунан айрылып отурушат.

Пролетариаттын улуу күрөшчүсү жана окутуучусу Фридрих Энгельстин ысмы биздин эсибизде түбөлүк сакталат!

Примечания
  1. Өзүбүздүн акыл жагынан өнүгүшүбүз үчүн биз немецтин улуу философторуна, атап айтканда Гегелге көп милдеттүүбүз, деп Маркс менен Энгельс бир нече жолу көрсөтүшкөн. «Немецтик философия болбосо,— дейт Энгельс,— илимий социализм да болбойт эле».
  2. Бул таң калгыдай мазмундуу жана өрнөктүү китеп. Бирок өкүнүчкө карата, бул китептен орус тилине социализмдин өнүгүшүнүн тарыхый очерки деген кичине гана бир бөлүгү которулган. («Илимий социализмдин өнүгүшү үчүн», экинчи басылышы, Женева, 1892-жыл).

«Карл Маркс (марксизмди баяндоо мененжазылган кыскача биографилык очерк)» [деген макаладан]

By | 05.03.2017

Маркс Карл 1819-жылы жаңы стиль боюнча 5-майда Трир шаарында (Рейн боюндагы Пруссияда) туулган. Анын атасы адвокат, еврей болгон, 1824-жылы протестант динин кабыл алган. Анын үй-бүлөсү оокаттуу, маданияттуу болгон, бирок революциячыл эмес эле. Маркс Трирдеги гимназияны бүтүрүп, адегенде Бонндогу, андан кийин Берлиндеги университетке кирет да, юристтик илимдерди, бирок баарынан көбүрөөк тарых менен философияны үйрөнөт. Эпикурдун философиясы жөнүндө университеттик диссертацияны тапшырып, 1841-жылы курсту бүтүрөт. Маркс өзүнүн көз карашы жагынан ал кезде гегелчил-идеалист болучу. Берлинде ал Гегелдин философиясынан атеисттик жана революциячыл корутундуларды жасоого умтулган «солчул гегелчилердин» (Бруно Бауэр жана башкалардын) кружогуна кошулган.

Университетти бүткөндөн кийин Маркс профессор болууиу ойлоп, Бонн шаарына көчүп келет. Бирок 1832-жылы Людвиг Фейербахты кафедрадан ажыраткан жана 1836-жылы ага университетте иштөөгө уруксат бербеген, ал эми 1841-жылы жаш профессор Бруно Бауэрди Бонндо лекция окуу укугунан ажыраткан өкмөттүн реакциячыл саясаты Марксти илимий карьерадан баш тартууга мажбур кылды. Бул кезде Германиядагы солчул гегелчилердин көз караштарынын өнүгүшү өтө тездик менен илгери карай жүрүп бараткан эле. Людвиг Фейербах айрыкча 1836-жылдан тартып, теологияны сынга алып, материализмге карай бурула баштайт да, 1841-жылы материализм анда толук устөмдүк кылып калат. («Христианствонун мазмуну»); 1843-жылы анын «Келечектеги философиянын негизги жоболору» деген эмгеги басылып чыгат. Фейербахтын ушул чыгармалары жөнүндө кийин Энгельс — бул китептердин «боштондукка чыгаруучу таасирин баштан өткөрүү керек эле» деп жазган болучу. «Биз» (башкача айтканда, солчул гегелчилер, анын ичинде Маркс да) «дароо эле фейербахчылар болуп калдык». Ошол кезде солчул гегелчилер менен тике байланышы болгон рейндик радикал буржуалар Кёльнде (1842-жылдын 1-январынан тартып чыга баштаган) «Рейн Газетасы» деген оппозициячыл газетаны негиздешкен болучу. Маркс менен Бруно Бауэр ага башкы кызматкерлер катарында чакырылат, ал эми 1842-жылы октябрда Маркс башкы редактор болот да, Боиндон Кёльнге көчүп келет. Маркс редактор болуп турган кезде ал газетанын революциячыл-демократиялык багыты барган сайын айкын-ачык боло берген, ошондуктан өкмөт газетаны адегенде эки жана үч катар цензурага баш ийдирип, андан кийин 1843-жылы 1-январда аны таптакыр жаап коюуга чечим кылды. Бул мезгилде Маркске редактордүк ишти таштоого туура келди, бирок анын кетип калышы газетаны баары бир сактап кала албады, ошентип газета 1843-жылдын мартында жабылды… Газета иши Маркске анын саясий экономия менен жетишердик түрдө тааныш эместигин көрсөттү, ошондуктан ал ынтаалуулук менен саясий экономияны үйрөнүүгө киришти.

1843-жылы Маркс Крейцнахта өзүнүн бала чактан берки курбусу болгон, студент кезинен эле убадалашып жүргөн Дженни фон Вестфаленге үйлөндү. Анын аялы пруссиялык реакциячыл дворяндык үй-бүлөдөн чыккан. Дженнинин агасы эң реакциячыл доорлордун биринде, 1850—1858-жылдарда, Пруссияда ички иштер министри болуп турган. Маркс 1843-жылы күзүндө Арнольд Руге (1802—1880; солчул гегелчил, 1825—1830-жылдарда тюрьмада отурган, 1848-жылдан кийин эмигрант: 1866—1870-жылдардан кийин бисмаркчыл) менен бирге чет өлкөдө радикалдык журнал чыгаруу үчүн Парижге келет. Бул журналдын «Немецко-Французский Ежегодник» деген биринчи китепчеси гана чыгат. Германияда журналды жашыруун таратуу кыйын болгондуктан жана Руге менен болгон пикир келишпегендиктерден улам ал журнал чыкпай калат. Маркс бул журналга жазган өзүнүн макалаларында «жашап турган түзүлүштүн бардыгын аёосуз түрдө сынга алууну» жана айрыкча «куралды сынга алууну» жарыялаган, массага жана пролетариатка кайрылган революционер катарында чыгат.

1844-жылы сентябрда Фридрих Энгельс Парижге бир нече күнгө келет, ал ошол кезден тартып Маркстин эң жакын досу болуп калат. Ал экөө Париждин революциячыл топторунун ошол кездеги кайнап жаткан турмушуна кызуу катышып (Маркс 1847-жылы өзүнүн «Философиянын жакырдыгы» деген эмгегинде аябай талкалаган Прудондун илими өзгөчө мааниге ээ болгон) жана майда буржуазиялык социализмдин ар түрдүү илимдерине каршы кескин түрдө күрөшүп, революциячыл пролетардык социализмдин же коммунизмдин (марксизмдин) теориясын жана тактикасын иштеп чыгышты… 1845-жылы Маркс Пруссия өкмөтүнүн талабы боюнча, коркунучтуу революционер катарында, Парижден айдалып жиберилген. Ал Брюсселге көчүп барат. 1847-жылы жазында Маркс менен Энгельс «Коммунисттер союзу» деген жашырын пропагандисттик коомго кошулушат; бул союздун Ⅱ съездине (1847-жылы ноябрде Лондондо болгон) көрүнүктүү түрдө катышып жана ушул съезддин тапшыруусу боюнча, 1848-жылы февралда чыккан атактуу «Коммунисттик партиянын манифестин» жазышат. Бул чыгармада гениалдуу дааналык менен жана ачык түрдө дүйнөгө болгон жаңы көз караш, социалдык турмуш жактарын да өз кучагына алган изден тайбас материализм, өнүгүү жөнүндөгү эң эле ар тараптуу жана терең илим катарындагы диалектика, тап күрөшүнүн теориясы жана жаңы, коммунисттик коомду түзүучү пролетариаттын бүткүл дүйнөлүк-тарыхый революциячыл ролу сүрөттөлгөн.

1848-жылдагы февраль революциясы башталганда Маркс Бельгиядан айдалып жиберилет. Ал кайрадан Парижге келип, март революциясынан кийин андан Германияга, атап айтканда, Кёльнге барат. Анда 1848-жылдын 1-июнунан тартып 1849-жылдын 19-майына чейин «Жаңы Рейн Газетасы» чыгып турат; анын башкы редактору Маркс болгон. Жаңы теория, кийинчерээк дүйнөнүн бүткүл өлкөлөрүндөгү пролетардык жана демократиялык кыймылдардын бардыгы ырастагандай, 1848—1849-жылдардагы революциялык окуялардын жүрүшү менен эң сонун ырасталды. Жеңип чыккан контрреволюция Марксти адегенде сотко берип (1849-жылы 9-февралда акталат), андан кийин (1849-жылы 16-майда) Германиядан айдап жиберди. Маркс адегенде Парижге жөнөйт, бирок 1849-жылы 13-июнда болгон демонстрациядан кийин андан да айдалып, Лондонго кетет да, өмүрунүн акырына чейин ошол жерде жашап турат.

Маркстин эмигранттык турмушунун шарттары өтө оор болгон, бул Маркстин Энгельс менен жазышкан каттарында (1913-жылы басылып чыккан) айрыкча даана көрсөтүлгөн. Муктаждык Марксти жана анын үй-бүлөсүн аябай кыйнайт; Энгельс финансы жагынан дайыма жардам кылбаган болсо, Маркс «Капиталды» бүтүрө албагандыгы мындай турсун, жакырчылыктын кысымы астында шексиз өлүмгө дуушар болот эле. Анын үстүнө, майда буржуазиячыл, жалпысынан пролетардык эмес социализмдин басымдуу болгон окуулары жана агымдары Марксти аларга каршы дайыма аёосуз күрөш жүргүзүп турууга, кээде анын жеке керт башына карата болгон эң кутургандай жана эң жапайы түрдөгү асылууларга сокку берүүгө («Herr Vogt») мажбур кылган болучу. Маркс эмигранттык кружоктордон четте туруп, күчүн көбүнчө саясий экономияны изилдөөгө арнап, бир катар тарыхый эмгектеринде… өзүнүн материалисттик теориясын иштеп чыккан. Бул илимди Маркс өзүнүн «Саясий экономияны сынга алууга карата» (1859) жана «Капитал» (1-том, 1867) деген чыгармаларында (төмөн жактан Маркстин илимин караңыз) революциялаштырган болучу.

50-жылдардын аягындагы жана 60-жылдардагы демократиялык кыймылдардын жандануу доору Марксти практикалык ишке кайра чакырды. 1864-жылы (28-сентябрда) Лондондо атактуу Ⅰ Интернационал, «Жумушчулардын эл аралык шериктештиги» түзүлдү. Маркс бул коомдун жаңы, анын биринчи «үндөөсүнүн» жана толуп жаткан резолюцияларынын, билдирүүлөрүнүн, манифесттеринин автору болгон. Ар түрдүү өлкөлөрдүн жумушчу кыймылын бириктирип, пролетардык эмес, Маркске чейинки социализмдин ар түрдүү формаларын (Мадзини, Прудон, Бакунин, англиялык либералдык тред-юнионизм, Германиядагы лассалдык оңго чайпалуулар жана башкалар) биргелешип иштөө нугуна багыттоого тырышып, бул секталар менен школдордун бардыгынын теорияларына каршы күрөшүп, Маркс ар түрдүү өлкөлөрдөгү жумушчу табынын пролетардык күрөшүнүн бирдиктүү тактикасын иштеп чыкты. Маркс эң терең, эң таамай, эң сонун жана эң таасирдүү, эң революциячыл баа берген («Франциядагы граждандык согуш» 1871) Париж Коммунасы кулагандан кийин (1871) жана Интернационалда бакунисттер жикке бөлүнуүнү чыгаргандан кийин, ал Интернационалдын Европада жашашы мүмкүн болбой калды. Маркс Интернационалдын Гаагада болгон конгрессинен кийин (1872) Интернационалдын Генеральный советин Нью-Йоркко көчүрүүнү ишке ашырды. Ⅰ Интернационал дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жумушчу кыймылынын дагы эбегейсиз зор өсүү дооруна, атап айтканда: ал кыймылдын кеңири өсүү дооруна, айрым улуттук мамлекеттердин базасында массалык социалисттик жумушчу партияларын түзүү дооруна өзүнүн ордун берип, өзүнүн тарыхый ролун аяктады.

Интернационалда өтө көп иштөө жана теория жагынан да өтө көп эмгектенүү Маркстин саламаттыгын биротоло начарлатты. Ал толуп жаткан жаңы материалдарды жыйнап жана бир катар тилдерди (мисалы, орус тилин) үйрөнүп, саясий экономияны кайра иштеп чыгууну жана «Капиталды» аяктоо боюнча өзүнүн ишин уланта берди, бирок оору ага «Капиталды» аяктоого мүмкундүк бербеди.

1881-жылы 2-декабрда анын аялы дүйнөдөн кайтты. 1883-жылы 14-мартта Маркс өзүнун отурган креслосунда акырын гана түбөлүк уйкуга кетти. Ал өзүнүн аялы менен бирге Лондондогу Хайгейт көрүстөнүнө коюлган. Маркстин балдарынын бир канчасы Лондондо, үй-бүлөсү катуу жокчулукка учураганда бала кездеринде эле чарчап калган. Үч кызы: Элеонора Эвелинг, Лаура Лафарг жана Дженни Лонге Англиянын жана Франциянын социалисттерине турмушка чыгышкан болучу. Дженни Лонгенин уулу — француз социалисттик партиясынын мүчөсү.

Маркстин Илими

Марксизм — Маркстин көз караштарынын жана илимдеринин системасы. Маркс ⅩⅨ кылымдагы, адамзаттын эң алдыңкы үч өлкөсүнө тиешелүү идеялык башкы үч агымды: немецтик классикалык философияны, англиялык классикалык саясий экономияны жана жалпысынан француздук революциячыл илимдер менен байланыштуу болгон француздук социализмди уланткан жана гениалдуулук менен аягына дейре жеткире иштеп чыккан адам болду. Дүйнөдөгү цивилизациялуу бардык өлкөлөрдүн жумушчу кыймылынын теориясы жана программасы катарында, азыркы кездеги материализм менен азыркы кездеги илимий социализмдин жыйындысын берген Маркстин көз караштарынын сонун ырааттуулугу менен бүтүндүгүн кала берсе анын душмандары да моюндарына алышат, мунун өзү марксизмдин негизги мазмунун, атап айтканда: Маркстин экономикалык илимин баяндоого, жалпы эле анын дүйнөгө көз карашы жөнүндө кыскача очерк берүүгө бизди мажбур кылат.

Философиялык материализм

Маркстин көз караштары калыптанган кезден, 1844—1845-жылдардан тартып ал материалист болгон, атап айтканда ал Л. Фейербахтын тарапкери болуп, кийин да Фейербахтын начар жактары — айрыкча анын материализминин жетишээрлик даражада ырааттуу жана ар тараптуу эместигинде деп билген. Маркс Фейербахтын бүткүл дүйнөлүк-тарыхый, доор түзүүчү маанисин — дал ошол Гегелдин идеализминен чечкиндүү түрдө кол үзүшүнөн жана «XVIII кылымда эле айрыкча Францияда жашап турган саясий мекемелерге, ошону менен бирге дин менен теологияга гана каршы болбостон, ал түгүл… ар кандай метафизикага да» («соо философиядан» айырмаланып турган «мас спекуляция» маанисиндеги метафизикага) каршы болгон материализмди жарыялагандыгынан көргөн («Адабий Мурастагы» «Ыйык үй-бүлө»). «Гегель ойлоонун процессин идея деп атап, ал түгүл, аны өзүнчө субъектиге да айландырып жиберет жана Гегелче ал ойлоонун процесси чындыктын демиургу (жаратуучу, түзүүчү) болуп эсептелет… Менде болсо,— деп жазган Маркс,— тескерисинче, идеалдык дегенибиз адамдын мээсине көчүрүлүп, анда элеси пайда болгон материалдык нерседен башка эч нерсе эмес» («Капитал», I том, 2-басылышына карата жазылган аяккы корутунду сөз). Маркстин ушул материалисттик философиясына толук ылайыктап жана аны баяндап, Фр. Энгельс «Анти-Дюрингде» мындай деп жазган (караңыз): — Маркс бул чыгарма менен кол жазма кезинде таанышкан — «…Дүйнөнүн бирдиктүүлүгү анын бытиесинде эмес, анын материалдуулугунда, бул… философия менен табият таануунун узакка созулган жана кыйын өнүгүшү аркылуу далилденет… Кыймыл материянын бытиесинин формасы болуп саналат. Эч бир жерде жана эч качан материя кыймылсыз, кыймыл материясыз болгон эмес жана боло да албайт… Эгерде… ойлоо жана таанып-билүү деген эмне, алар кайдан келип чыгат деген суроону алдыбызга койсок, анда биз ойлоо менен таанып-билүү адам мээсинин продуктысы экендигин жана адамдын өзү да белгилүү бир табигый шартта жана жаратылыш менен бирге өнүккөн жаратылыштын продуктысы экендигин көрөбүз. Ошондуктан, акырында барып жаратылыштын продуктысы болуп саналган адамдын мээсинин продуктысы да жаратылыштын калган байланыштарына каршы келбестен, кайра ага ылайык келе тургандыгы өзүнөн-өзү түшүнүктүү». «Гегель идеалист болгон, башкача айтканда, Гегелдин оюнча биздин башыбыздан чыккан ойлор чыныгы нерселердин жана процесстердин аздыр-көптүр абстракттуу чагылышы (Abbilder, чагылып көрүнүшү, Энгельс кээде «тактар» жөнүндө айтат) эмес, кайра, тескерисинче, Гегелче нерселер жана алардын өнүгүшү дүйнө пайда болгонго чейин кайдадыр бир жакта жашап турган, кандайдыр бир идеянын чагылышы болгон». Фр. Энгельс өзүнүн «Людвиг Фейербах» деген чыгармасында Фейербахтын философиясына өзүнүн жана Маркстин көз караштарын баяндайт; бул чыгарманы басмага берээрде Энгельс өзүнүн жана Маркстин Гегель менен Фейербах жөнүндөгү жана тарыхты материалисттик түшүнүү жөнүндөгү маселе боюнча 1844—1845-жылдарда жазган эски кол жазмасын алдын ала окуп чыгып, мындай деп жазат: «Ар кандай философиянын, ал эми айрыкча эң жаңы философиянын улуу негизги маселеси — ойлоонун бытиеге, духтун жаратылышка карата мамилеси жөнүндөгү маселе болуп саналат… кайсынысы мурда болгон: дух жаратылыштан мурда болгонбу же жаратылыш духтан мурда болгонбу деген маселеде болот… Философтор бул маселеге кандай жооп беришкендерине жараша эки чоң лагерге бөлүнүштү. Дух жаратылыштан мурда эле болгон дегендер, демек, эмнеси болсо да дүйнө жаратылган деп эсептегендер, …идеалисттик лагерди түзүштү. Негизги башталма деп жаратылышты эсептегендер болсо материализмдин ар түрдүү агымдарына кошулушту». Идеализм менен материализм деген (философиялык) түшүнүктү мындан башкача колдонуунун ар кандайы чатышууга гана алып барат. Маркс ар качан кантип болсо да дин менен байланышкан идеализмди гана чечкиндүү түрдө четке какпастан, Юм менен Канттын биздин күндөрдө айрыкча тараган көз карашын да, ар кыл түрдөгү агностицизмди, критицизмди, позитивизмди да чечкиндүү түрдө четке кагып, буга окшогон философияны идеализмге «реакциялык» уступка жасоо деп жана жакшы дегенде «элдин көз алдында куулуп-чыгарылып жаткан материализмди уятынан гана арткы эшиктен киргизе коюу» деп эсептеген. Бул маселе боюнча, Энгельс менен Маркстин айтылып кеткен чыгармаларынан башка, Маркстин 1866-жылы 12-декабрда Энгельске жазган катын караңыз, анда Маркс белгилүү табият изилдөөчү Т. Гёкслинин адеттегиден көрө «көбүрөөк материалисттик» түрдө сүйлөшү жөнүндө жана анын «биз чындыгында байкап жана ойлоп турганыбызда, эч качан материализмдин негизинен четке чыгып кете албайбыз» деп мойунуна алышы жөнүндө айтып келип, аны агностицизм, юмизм жагына «өтүүгө жылчык» калтыргандыгы үчүн жемелейт. Эркиндиктин зарылдыкка карата мамилеси жөнүндөгү Маркстин көз карашын өзгөчө көрсөтүп өтүү керек: «түшүнүп биле элек кезде, зарылдык сокур болот. Эркиндик зарылдыкты түшүнүп билүү болот» (Энгельс «Анти-Дюрингде») =жаратылыштын объективдүү закон ченемдүүлүгүн жана зарылдыктын эркиндикке диалектикалык түрдө айланышын (таанылып-билине элек, бирок таанылып-билине турган, «өзүндө нерселердин» «биз үчүн нерселерге», «нерселердин маңызынын» «көрүнүштөргө» айланышы менен катар) моюнга алуу болуп саналат. «Эски» материализмдин, анын ичинде Фейербахтын да (асыресе Бюхнер-Фогт-Молешоттун «вульгардык») материализминин негизги кемчилиги деп Маркс менен Энгельс мына буларды эсептешкен: (1) бул материализм химия менен биологиянын (ал эми биздин күндөрдө болсо, материянын электр теориясын да кошуу керек эле) эң жаңы өнүгүшүн эске албаган, «көбүнчө механикалык» материализм болгон; (2) эски материализм тарыхый болгон эмес, диалектикалык болгон эмес (антидиалектикалык мааниде алганда метафизикалык болгон), өнүгүү көз карашын бардык жагынан жана ырааттуу түрдө жүргүзгөн эмес; (3) алар «адамдын мазмунун» «бүткүл коомдук мамилелердин» (белгилүү бир конкреттүү-тарыхый) «жыйындысы» катарында түшүнбөстөн, абстракттуу түшүнүшкөн жана ошондуктан дүйнөнү «өзгөртүү» жөнүндө сөз жүрүп жаткан кезде, алар аны «түшүндүрүп» гана тим болушкан, башкача айтканда, «революциячыл практикалык иштин» маанисин түшүнүшкөн эмес.

Диалектика

Гегелдин өнүгүү жөнүндөгү эң эле ар тараптуу, мазмуну бай жана эң терең илим катарындагы диалектикасын Маркс менен Энгельс немецтик классикалык философиянын эң зор табылгасы деп эсептешкен. Өнүгүүнүн, эволюциянын принцибин башкача формулировкалоонун ар кандайын алар бир жактуу, мазмуну жагынан кедей формулировка деп жаратылыштагы жана коомдогу өнүгүштүн (көбүнчө секирүүлөрү, катастрофалары, революциялары бар) чыныгы жүрүшүн бузуучу жана майып кылуучу формулировка деп эсептешкен «Биз Маркс экөөбүз аң-сезимдүү диалектиканы» (идеализмдин жана анын ичинде гегелянчылыктын талкалашынан) «аман алып калып, аны жаратылышты материалисттик түшүнүү жолуна көчүрүүнү өзүбүздүн милдетибиз кылып койгон бирден-бир дээрлик адамдар болдук». «Жаратылыш диалектиканын ырастоочусу болот, ошондуктан эң жаны табият таануу бул ырастоонун таң каларлык бай экендигин көрсөтөт» (радийдин, электрондун ачылышына чейин, элементтердин өзгөрүшүн жана ушуга окшогондорго чейин жазылган!), «бул ырастоо күн сайын толуп жаткан материалдарды чогултат жана жаратылыштагы иштер акыр аягында метафизикалык эмес, дидлектикалык экендигин далилдейт».

Энгельс мындай деп жазат: «Дүйнө даяр, аякталып бүткөн заттардан түзүлбөстөн, процесстердин жыйындысы болот, мында өзгөрбөстөй болуп көрүнгөн заттар, ошондой эле адамдын мээсинде ой менен жасалган ал заттардын сүрөттөрү да, түшүнүктөрү да тынымсыз өзгөрүп, бирде пайда болуп, бирде жок болуп турат деген негизги улуу пикир — ушул негизги улуу пикир Гегелдин убагынан бери жалпы аң-сезимге сиңгендиги ушунчалык даражада болду,— бул пикирди кимдир бирөө аны жалпы түрүндө алганда талаша койбостур. Бирок аны сөз жүзүндө моюнга алуу бир иш, аны изилдөөнүн ар бир айрым учурунда жана ар бир белгилүү тармагында колдонуу экинчи бир иш». «Диалектикалык философия үчүн биротоло түбөлүккө белгиленген, сөзсүз, ыйык болгон эч нерсе жок. Ал бардык нерседе жана бардык жерде кулоонун болбой койбостугунун белгисин көрөт, ошондуктан пайда болуунун жана жок болуунун, төмөндөн жогору карай чексиз көтөрүлүп туруунун тынымсыз процессинен башка эч нерсе анын алдында туруштук бере албайт. Диалектикалык философиянын өзү ойлоочу мээдеги ушул процесстин жөнөкөй гана чагылып көрүнүшү болуп эсептелет». Ошентип, Марксче, диалектика — «тышкы дүйнөнүн да, ошондой эле адамзаттын ойлоосунун да кыймылынын жалпы закондору жөнүндөгү илим» болуп саналат.

Гегелдин философиясынын ушул, революциячыл жагын Маркс кабыл алган жана өнүктүргөн. Диалектикалык материализм «башка илимдердин үстүндө турган эч кандай философияга муктаж эмес». Мурдагы философиядан «ойлоо жана анын закондору жөнүндөгү илим — формалдык логика менен диалектика» калат. Ал эми диалектика болсо, Маркстин түшүнүгүнчө, ошондой эле Гегелдин пикиринче, азыр таанып-билүү теориясы, гносеология деп аталган нерсени өз ичине алат жана бул теория таанып-билүүнүн келип чыгышын жана өнүгүшүн, билбегендиктен билүүгө өтүүнү изилдеп жана жыйынтыктап, ошону менен бирге өзүнүн предметин тарыхый жагынан кароого тийиш.

Өнүгүү, эволюция идеясы биздин убакта бүтүндөй бойдон дээрлик коомдук аң-сезимге кирип орноду, бирок Гегелдин философиясы аркылуу эмес, башка жолдор аркылуу кирип орноду. Бирок да Гегелге таянып Маркс менен Энгельстин беришкен формулировкасындагы бул идея, эволюция жөнүндегү көп таралган идеяга караганда алда канча ар тараптуу жана мазмуну жагынан алда канча бай. Небак өтүп кеткен баскычтарды кайталаган сыяктуудай болгон, бирок аларды башкача түрдө, бир топ жогору базада кайталай турган өнүгүү («танууну тануу»), мындайча айтканда, түз сызык боюнча эмес, спираль боюнча өнүгүү; — секирик түрүндөгү, катастрофалык, революциялык өнүгүү; — «акырындык менен өнүгүүнүн үзүлүүлөрү»; сандын сапатка айланышы; — ушул нерсеге же ушул кубулуштун чегинде, же ушул коомдун ичинде аракет кылуучу ар түрдүү күчтөр менен тенденциялардын каршылыгы, кагылышы аркылуу өнүгүүгө түрткү бере турган ички импульстар; — ар бир кубулуштун бардык жактарынын (анын үстүнө тарых улам жаңы-жаңы жактарды ачып жатат) өз ара байланыштуулугу жана эң тыгыз, ажырагыс байланышы, байланыш болгондо да, кыймылдын бирдиктүү, закон ченемдүү дүйнөлүк прогрессин берүүчү байланыш,— өнүгүу жөнүндөгү мазмунга алда канча бай (адеттегиге караганда) илим болуп санала турган диалектиканын кээ бир белгилери ушундай…

Тарыхты материалисттик түшүнүү

Маркс эски материализмдин ыраатсыздыгын, аякталып бүтпөгөндүгүн, бир жактуулугун түшүнүп көзү жеткендиктен «коом жөнүндөгү илимди материалисттик негиз менен бир ыңтайга келтирип жана бул илимди ушул негизге ылайыктап кайра куруу» зарыл деген ойго келди. Эгерде жалпысынан материализм аң-сезим бытиеден келип чыгат, мунун тескерисинче эмес деп тушүндүрө турган болсо, анда адамзаттын коомдук турмушунда колдонгондо материализм коомдук аң-сезим-коомдук бытиеден келип чыгат деп түшүндүрүүнү талап кылды. «Технология,— дейт Маркс («Капитал», I),— адамдын жаратылышка карата активдүү мамиле кылышын, анын турмушунун түздөн-түз өндүрүү процессин, ошону менен бирге анын турмушунун коомдук шарттарын жана андан келип чыгуучу рухий элестерди да ачып көрсөтүп берет». Маркс адамзаттын коомуна жана анын тарыхына жайылтыла турган материализмдин негизги жоболорун «Саясий экономияны сынга алууга карата» деген чыгармасына жазган сөз башында төмөндөгү сөздөр менен толук формулировкалап берген.

«Өз турмушунун коомдук өндүрүшүндө адамдар өздөрүнүн эркине көз каранды болбогон, белгилүү бир зарыл мамилелерге — өздөрүнүн материалдык өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүшүнүн белгилүү бир баскычына ылайык келе турган өндүрүштүк мамилелерге киришет.

Бул өндүрүштүк мамилелердин жыйындысы коомдун экономикалык структурасын, чыныгы базисин түзөт да, бул чыныгы базистин үстүндө юридикалык жана саясий надстройка турат жана ага коомдук аң-сезимдин белгилүү бир формалары ылайык келет. Материалдык турмушту өндүрүү жолу жалпы алганда турмуштун социалдык, саясий жана рухий процесстерине шарт болот. Адамдардын бытиесин алардын аң-сезими белгилебейт, анын тескерисинче, адамдардын коомдук бытиеси алардын аң-сезимин белгилейт. Коомдун материалдык өндүргүч күчтөрү өзүнүн өнүгүшүнүн белгилүү бир баскычында, ошол кездеги жашап турган өндүрүштүк мамилелерге, же — мунун юридикалык көрүнүшү гана болгон менчик мамилелерине — ошол убакка чейин өздөрү алардын ичинде өнүгүп келген менчик мамилелерине каршы келет. Бул мамилелер өндүргүч күчтөрдүн өнүгүш формаларынан алардың кишенине айланат. Ошондо социалдык революциянын доору башталат. Экономикалык негиздин өзгөрүшү менен, эбегейсиз бүткүл зор надстройкада аздыр-көптүр ылдам түрдө төнкөрүш болот. Мындай төңкөрүштөрдү текшерген кезде өндүрүштүн экономикалык шарттарындагы табигый-илимий тактык менен белгилөөгө боло турган, материалдык төңкөрүштү юридикалык, саясий, диний, көркөмдүк же философиялык, кыскача айтканда, идеологиялык формалардан ар дайым ажырата билүү керек, адамдар ушул идеологиялык формалар аркылуу ал конфликтти түшүнөт жана ага каршы күрөшөт.

Айрым адам жөнүндө анын өзү жөнүндөгү пикирине карап баа берүүгө мүмкүн эмес, дал ошол сыяктуу мындай төңкөрүш доору жөнүндө да бул доордун аң-сезимине карап ой-пикир түзүүгө болбойт. Тескерисинче, бул аң-сезимди материалдык турмуштун каршылыктарынын, коомдук өндүргүч күчтөр менен өндүрүштүк мамилелердин ортосунда болгон конфликттерди өзүнөн алып чыгып түшүндүрүү керек…» «Жалпысынан алганда, өндүрүштүн азиялык, античный, феодалдык жана азыркы буржуазиялык жолдорун экономикалык коомдук формациянын прогрессивдүү доорлору деп белгилөөгө болот»…

Тарыхты материалисттик негизде түшүнүүнү ачуу, же туурараак айтканда, материализмди коомдук көрүнүштөр жагынан ырааттуулук менен улантуу жана жайылтуу мурдагы тарыхый теориялардын негизги эки кемчилигин жойду. 1-ден, мурдагы теориялар эң жакшы дегенде адамдардын тарыхый иштеринин идеялык мотивдерин гана талдап карап келишкен, бул мотивдердин эмне себептен келип чыккандыгын изилдебеген, коомдук мамилелердин системасынын өнүгүшүндөгү объективдүү закон ченемдүүлүгүн баамдабаган, бул мамилелердин негизги материалдык өндүрүштүн өнүгүү даражасында экендигин көрбөгөн; 2-ден, мурдагы теориялар дал калк массасынын аракеттерин өз ичине алган эмес, ал эми тарыхый материализм болсо, массанын турмушунун коомдук шарттарын жана ал шарттардын өзгөрүшүн табигый-тарыхый жагынан так изилдөөгө биринчи жолу мүмкүндүк берди. Маркске чейинки «социология» менен историография жакшы дегенде чийки, үзүндүлөрдөн чогултулган фактыларды топтоп жана тарыхый процесстин айрым гана жактарын сүрөттөп бере алган. Марксизм бардык карама-каршы тенденциялардын жыйындысын текшерип карап, аларды коомдун ар түрдуү таптарынын турмушу менен өндүрүшүнүн так белгиленген шарттарына ылайык келтирип, айрым «негизги» идеяларды тандап алуу же аларды түшүндүрүү ишиндеги субъективизмди жана ээнбаштыкты жоюп, бирөөнү да калтырбай бардык идеялардын жана бардык ар түрдүү тенденциялардын тамырлары материалдык өндүргүч күчтөрдүн абалында боло тургандыгын ачып көрсөтүп, коомдук-экономикалык формациялардын пайда болуу, өнүгүү жана кулоо процессин бардык жагынан, бардыгынын ичине алып талдап кароочу жолду көрсөттү. Адамдар өздөрүнүн тарыхын өздөрү жасайт, бирок адамдардын, атап айтканда адамдар массасынын мотивдери эмне менен белгиленет, карама-каршы идеялардын жана умтулуштардын кагылыштарына эмне себеп болот, адамзат коомдорунун бүткүл массасынын бул кагылыштарынын бардыгынын жыйындысы кандай, адамдардын бүткүл тарыхый ишине база түзүүчү материалдык турмушту өндүрүүнүн объективдик шарттары кандай, бул шарттардын өнүгүү закондору кандайча,— мына ушулардын бардыгына Маркс көңүл бурду жана бүтүндөй өзүнүн ар тараптуулугу жана каршылыгы канчалык зор болсо да бирдиктүү, закон ченемдүү процесс катарында тарыхты илимий жактан үйрөнүүгө жол көрсөттү.

Тап күрөшү

Ушул коомдун мүчөлөрүнүн бирөөлөрүнүн умтулуштары экинчи бирөөлөрдүн умтулуштарына каршы келе тургандыгы, коомдук турмуштун каршылыктарга жык толгондугу, тарыхтын бизге элдердин, коомдордун ортосундагы жана да алардын өз ичиндеги күрөштү көрсөтө тургандыгы, ал эми андан башка да революция менен реакциянын, тынчтык менен согуштун, өнүкпөй туруп калуу менен тез прогресстин же кулоонун мезгилдеринин алмашылып тургандыгын көрсөтөрү, бул жалпыга белгилүү фактылар. Марксизм, мына ушул лабиринт жана баш аламан сыяктуу болуп көрүнгөн нерсенин закон ченемдүүлүгүн ачууга мүмкүндүк берүүчү жетекчи жолду, атап айтканда: тап күрөшүнүн теориясын берди. Ушул коомдун бардык мүчөлөрүнүн же коомдордун топторунун умтулуштарынын жыйындысын текшерүү гана ал умтулуштардын натыйжасын илимий жактан аныктоого алып келүүгө жөндөмдүү. Ал эми ар бир коомдун бөлүнө турган таптарынын абалы менен турмуш шарттарындагы айырмачылык карама-каршы умтулуштардын булагы болуп саналат. «Ушул кезге чейин жашап келген бардык коомдордун тарыхы,— деп жазат «Коммунисттик Манифестте» Маркс (алгачкы общинанын тарыхынан башкасы деп кошумчалайт кийинчерээк Энгельс),— таптардын күрөшүнүн тарыхы болуп келген. Эркин адам жана кул, патриций жана плебей, помещик жана крепостной, мастер жана подмастерье, кыскасы — эзүүчү жана эзилүүчү бири-бирине ар дайым антагонисттик абалда болуп, кээде жашырын, кээде ачык түрдө тынымсыз күрөш жүргүзүшүп келген, бул күрөш ар дайым бүткүл коомдук түзүлүштү революциячыл түрдө кайра куруу менен же күрөшүүчү таптардын жалпы ойрон болушу менен бүтүп турган… Ойрон болгон феодалдык коомдун ичинен чыккан азыркы кездеги буржуазиялык коом таптык карама-каршылыктарды жойгон жок. Ал эскилердин ордуна жаңы таптарды, эзүүнүн жаңы шарттарын жана күрөштүн жаңы формаларын коюп гана тим болду. Бирок биздин доорубуздун, буржуазия доорунун айырмасы — ал таптык карама-каршылыктарды жөнөкөйлөштүрдү: коом бирине бири душман болгон эки чоң лагерге, бирине бири карама-каршы турган эки чоң тапка — буржуазия менен пролетариатка улам барган сайын көбүрөөк бөлүнүп жатат». Улуу француз революциясы болгон убакыттан тартып, Европанын тарыхы окуялардын ушул чыныгы негизин, таптардын күрөшүн бир катар өлкөлөрдө өзгөчө дапдаана кылып ачып берди. Ошентип, Франциядагы реставрация доорунун өзү эле бир катар тарыхчыларды (Тьерри, Гизо, Минье, Тьер) берди, булар болуп жаткан окуяларды жыйынтыктоо менен Франциянын бүткүл тарыхын түшүнүү үчүн таптардын күрөшү ачкыч боло тургандыгын моюндарына албай коё алышпады. Ал эми эң жаңы доор, буржуазиянын толук жеңген доору, өкүлдүк мекемелер, кеңири (эгерде жалпыга бирдей дебегенде да) шайлоо укугу, арзан баалуу, массага тарай турган күндөлүк басма сөздүн жана ушул сыяктуулардын доору, жумушчулардын күчтүү жана улам барган сайын кеңейип бара жаткан союздарынын жана ишкана ээлеринин союздарынын жана башкалардын доору — окуялардын кыймылдаткычы катарында таптардын күрөшүн (кээде өтө эле бир жактуу, «тынч», «конституциялык» формада болсо да) мурдагыдан даанараак кылып көрсөттү. Ар бир таптын өнүгүү шарттарын анализдөө менен байланыштуу, азыркы кездеги коомдун ар бир табынын абалын объективдүү түрдө анализ кылуу үчүн Маркс коомдук илимге кандай талаптарды койгондугун Маркстин «Коммунисттик манифестинин» төмөнкү жери бизге көрсөтүп берет: «Азыр буржуазияга карама-каршы турган бардык таптардын ичинен пролетариат гана чыныгы революциячыл тап болуп саналат. Башка таптардын бардыгы ири өнөр жайлардын өнүгүшү менен төмөн чөгөт жана жок болот; пролетариат болсо — ошол өнөр жайлардын натыйжасы болуп саналат. Орто сословиелер: майда өнөр жайчылар, майда соодагерлер, ремесленниктер жана дыйкандар — булардын бардыгы, орто сословие катарында, өздөрүнүн жашап турушун ойрон болуудан сактап калуу үчүн буржуазияга каршы күрөшөт. Алар, демек, революциячыл эмес, консервативчил. Ал гана турсун, алар реакциячыл: алар тарыхтын дөңгөлөгүн кайра артка айландырууга умтулушат. Эгер алар революциячыл болсо, анда алар пролетариаттын катарына өтө турган болгондуктан гана, алар өздөрүнүн азыркы таламдарын эмес, келечек таламдарын жактагандыктан гана: алар пролетариаттын көз карашында туруу үчүн өздөрүнүн көз караштарын таштай тургандыктан гана революциячыл болушат». Маркс бир катар тарыхый чыгармаларында… материалисттик историографиянын, ар бир айрым таптын жана кээде таптын ичиндеги түрдүү топтордун же катмарлардын абалын анализдөөнүн эң сонун жана терең үлгүлөрүн берип, эмне үчүн жана кандайча «ар кандай тап күрөшү саясий күрөш» боло тургандыгын айкын даана көрсөттү. Тарыхый өнүгүштүн бүткүл бирдей тең аракет кылуучу күчтөрүн эске алуу үчүн, Маркстин коомдук мамилелердин жана бир таптан экинчи тапка, өткөндөн келечекке өткөөл баскычтарынын кандай татаал тармагын анализ кылгандыгын биз жогоруда келтирген үзүндү сүрөттөп көрсөтөт.

Маркстин теориясынын эң терең, ар тараптуу жана толук түрдө ырасталышы жана колдонулушу Маркстин экономикалык илими болуп эсептелет.

Маркстин Экономикалык Илими

«Менин чыгармамдын түпкү максаты, — дейт Маркс «Капиталга» жазган баш сөзүндө,— азыркы кездеги коомдун», башкача айтканда капиталисттик, буржуазиялык коомдун «кыймылынын экономикалык законун ачуу болуп саналат». Тарыхый жактан белгилүү бир коомдун өндүрүш мамилелерин, алардын пайда болушун, өнүгүшүн жана кулашын изилдөө — Маркстин экономикалык илиминин мазмуну мына ушундай. Капиталисттик коомдо товарларды өндүрүү үстөмдүк кылат, ошондуктан Маркстин анализи да товарды анализ кылуудан башталат.

Нарк

Товар, 1-ден, адамдын кандайдыр бир керектөөсүн канааттандыруучу нерсе; 2-ден, башка буюмга алмаштыруучу нерсе болуп эсептелет. Нерсенин пайдалуулугу анын керектөө наркын түзөт. Алмашуу наркы (же жөн эле нарк) — баарыдан мурда, бир түрдөгү керектөө нарктарынын белгилүү санына алмашуудагы катыш, пропорция болуп саналат. Миллиондогон жана миллиарддаган мындай алмашуулар бири-бирине салыштырууга мүмкүн болбогон эң көп түрдөгү керектөө нарктарынын бардыгын жана ар кандайын дайыма бири-бирине теңештиргендигин күндөлүк тажрыйба бизге көрсөтүп отурат. Коомдук мамилелердин белгилүү бир системасында ар дайым бири-бирине теңештирилип отурган бул ар түрдүү нерселердин ортосунда кандай жалпылык бар? Алардын ортосундагы жалпылык: алар — эмгектин продуктысы экендигинде. Продуктыны алмашуу аркылуу адамдар эмгектин эң эле ар кыл түрлөрүн бири-бирине теңештиришет. Товарларды өндүрүү дегенибиз коомдук мамилелердин системасы болуп, бул системада айрым өндүрүүчүлөр ар түрдүү продуктыларды жасап чыгарышат (эмгектин коомдук бөлүнүшү), ошентип, бул продуктылардын бардыгы алмашуу убагында бири-бирине теңештирилет. Демек, бардык товарлардагы жалпы нерсе — өндүрүштүн белгилүү бир тармагындагы конкреттүү эмгек эмес, бир түрдөгү эмгек эмес, адамдын абстракттуу эмгеги, жалпы эле адамдын эмгеги болуп саналат. Бардык товарлардын наркынын суммасы менен көрсөтүлгөн, ушул коомдогу бүткүл жумушчу күч ошол эле адамдын жумушчу күчү болуп саналат: муну алмашуунун миллиарддаган фактылары далилдеп отурат. Ошентип, демек, ар бир айрым товар коомдук-зарыл болгон жумуш убактысынын белгилүү бир үлүшү гана болуп саналат. Нарктын өлчөмү коомдук-зарыл эмгектин саны менен белгиленет же белгилүү бир товарды, белгилүү бир керектөө наркын өндүрүү үчүн жумшала турган коомдук-зарыл жумуштун убагы менен белгиленет. «Адамдар алмашуу кезинде өздөрүнүн түрдүү продуктыларын бири-бири менен теңештирүү аркылуу өздөрүнүн эмгегинин ар кыл түрлөрүн бири-бири менен теңештиришет. Адамдар муну сезишпейт, бирок муну иштешет». Бир эски экономист айткандай — нарк эки адамдын ортосундагы мамиле болот, ага дагы: нерсенин оболочкасы менен жаап-жашырылган мамиле деп кошумчалап гана айтуу керек эле. Коомдуп белгилүү бир тарыхый формациясынын коомдук өндүрүш мамилелеринин системасы көз карашынан, мамилелер болгондо да алмашуу кубулуштарынын массалык түрдө, миллиарддаган жолу кайталоо аркылуу көрүнө турган мамилелердин системасы көз карашынан карап гана нарктын эмне экендигин түшүнүүгө болот. «Нарк катарында, товарлар катып калган жумуш убагынын белгилүү бир саны гана болуп саналат». Маркс товарларга айланган эмгектин эки жактуу мүнөзүн толук анализдегенден кийин, нарктын формалары менен акчага анализ жасоого өтөт. Мында Маркстин башкы милдети — нарктын акчалай формасынын келип чыгышын изилдөө, алмашуунун айрым, кокустан болуучу түрлөрүнөн баштап («нарктын жөнөкөй, айрым же кокустан болгон формасы»: бир товардын белгилүү бир саны экинчи товардын белгилүү бир санына алмаштырылат) бир катар ар түрдүү товарлар бир эле белгилүү товарга алмаштырылган кездеги нарктын жалпы формасына чейин жана бул белгилүү товар, жалпы эквивалент алтын болгон кездеги нарктын акчалай формасына чейин, алмашуунун өнугүшүнүн тарыхый процессин изилдөө болуп саналат. Акча, алмаштыруунун жана товар өндүрүшүнүн өнүгүшүнүн жогорку продуктысы болуп туруп, жеке жумуштардын коомдук мүнөзүн, рынок аркылуу биригишкен айрым өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы коомдук байланышты жымсалдайт, жаап-жашырат. Маркс акчанын түрдүү функцияларын абдан толук ийне-жибине чейин анализ кылат, анын үстүнө бул жерде да (жалпысынан «Капиталдын» биринчи главаларындагыдай) төмөнкүлөрдү белгилеп кетүү асыресе маанилүү: баяндоонун абстракттуу жана кээде нагыз дедуктивдүү болуп көрүнгөн формасы чындыгында алмашуу менен товар өндүрүшүнүн енүгүшүнүн тарыхы боюнча факт жүзүндөгү эбегейсиз зор материалды көз алдыбызга элестетет. «Акча товар. алмашуунун белгилүү даражасын болжолдойт. Акчанын ар түрдүү формалары — товардын жөнөкөй эквиваленти же жүгүртүү каражаты же төлөө каражаты, казына жана бүткүл дүйнөлүк акчалар — тигил же бул функцияларынын түрдүү өлчөмдөрдө колдонулушуна карай, алардын бирөөнүн салыштырмалуу басымдуулугуна карай, өндүрүштүн коомдук процессинин эң ар түрдүү баскычтарын көрсөтөт» («Капитал», Ⅰ).

Кошумча нарк

Товар өндүрүшүнүн өнүгүшүнүн белгилүү баскычында акча капиталга айланат. Товар жүгүртүүнүн формуласы: Т (товар) — А (акча) — Т (товар) башкача айканда, экинчи бир товарды сатып алуу үчүн бир товарды сатуу болгон. Капиталдын жалпы формуласы, тескерисинче, А — Т — А, башкача айтканда сатуу (пайда менен сатуу) үчүн сатып алуу болот. Оборотко жибериле турган акчанын баштапкы наркынын мына ушул өсүшүн Маркс кошумча нарк деп айтат. Капиталисттик оборотто акчанын ушундай «өсүү» фактысы жалпыга маалым. Дал ушул «өсүүнүн» өзү акчаны өндүрүштүн өзгөчө, тарыхый жактан белгиленген, коомдук мамилеси катарындагы капиталга айландырат. Кошумча нарк товар жүгүртүүдөн пайда боло албайт, анткени — ал эквиваленттерди алмаштырууну гана билет, кошумча нарк баанын үстүнө үстөктү кошуудан да пайда боло албайт, анткени — мында сатып алуучулар менен сатуучулардын өз ара уттуруулары менен утуулары тең болгон болор эле, ал эми сөз жеке өзүнчө көрүнүш жөнүндө бол-бостон, дал массалык, орточо, коомдук көрүнүш жөнүндө болуп жатат. Кошумча наркты алуу үчүн «акчанын ээси рыноктон, керектөө наркынын өзү нарктын булагы болуучу оригиналдуу сапатка ээ боло ала турган товарды табууга тийиш», өзүнүн керектөө процесси ошону менен бирге наркты түзүү процесси боло турган товарды табууга тийиш. Ал эми мындай товар бар. Бул — адамдын жумушчу күчү. Жумушчу күчүн керектөө эмгек кылуу болуп саналат, ал эми эмгек болсо наркты түзет. Акчанып ээси жумушчу күчүн анын наркына жараша сатып алат, анын наркы ар кандай башка товардын наркы сыяктуу эле, аны өндүрүү үчүн зарыл болгон коомдук-зарыл жумуш убагы (башкача айтканда, жумушчунун жана анын үй-бүлөсүн багуу үчүн керек болгон нарк) менен белгиленет. Жумушчу күчүн сатып алган акчанын ээси аны керектөөгө, башкача айтканда, күнү бою керээли кечке, айталы 12 саат иштетүүгө мажбур кылууга акысы бар. Бирок да 6 сааттын ичинде («зарыл» жумуш убагында) жумушчу өзүн багып турууга жете тургандай продуктыны түзөт, ал эми андан кийинки 6 сааттын ичинде («кошумча» жумуш убагында) капиталист ага акы төлөбөй турган «кошумча» продуктыны же кошумча наркты түзөт. Демек, өндүрүш процессинин көз карашынан алганда, капиталдын эки бөлүгүн: өндүрүш каражаттарына (машиналарга, эмгек куралдарына, чийки материалга жана ушул сыяктууларга) расход кылынуучу турактуу капиталды — анын наркы (дароо эле же бөлүк-бөлүк болуп) өзгөрбөстөн даяр продуктыга өтөт — жана жумушчу күчүнө расход кылынуучу өзгөрмө капиталды бири биринен ажырата билүу зарыл. Бул капиталдын наркы өзгөрүлбөс болуп кала бербестен, кайра эмгек процессинде кошумча наркты түзүп, өсүп отурат. Ошондуктан жумушчу күчүн капитал эксплуатация кылгандыгынын даражасын көрсөтүү үчүн, кошумча наркты бүткүл капитал менен салыштырбастан, өзгөрмө капитал менен гана салыштырып көрүү керек. Маркс кошумча нарктын нормасы деп атаган бул катнаш, мисалы, биз келтирген мисалда 6/6 башкача айтканда, 100 процент болот.

Капиталдын пайда болушуна төмөндөгүлөр тарыхый өбелгө болот: 1-ден, жалпысынан алганда товар өндүрүшүнүн өнүгүү деңгели мындайча караганда жогору болуп турганда, айрым адамдардын колуна белгилүү суммада акчанын топтолушу жана, 2-ден, эки мааниде «эркин» жумушчунун болушу, болгондо да жумушчу күчүн сатуу жагынан ар кандай кысууларды же чектөөлөрдү билбеген жана жери да, жалпысынан өндүруш каражаттары да жок эркин, кожоюнсуз жумушчунун, жашоо үчүн жумушчу күчүн сатуудан башка мүмкүндүгү жок болгон жумушчу-«пролетарийдии» болушу керек.

Кошумча наркты негизги эки жол аркылуу көбөйтүүгө болот: жумуш күнүн узартуу жолу («абсолюттук кошумча нарк») менен жана зарыл жумуш күнүн кыскартуу жолу («относителдик кошумча нарк») менен көбөйтүүгө болот. Биринчи жолду анализдеп келип, Маркс жумуш күнүн кыскартуу үчүн жумушчу табы жүргүзгөн күрөштүн жана мамлекеттик бийликтин жумуш күнүн узартуу үчүн (ⅩⅣ—ⅩⅦ кылымдарда) жана аны кыскартуу үчүн (ⅩⅨ кылымдагы фабрикалык закон чыгаруулар) кийлигишкендигинин эбегейсиз зор көрүнүшүн ачып көрсөтөт. «Капитал» пайда болгондон кийин, дүйнө жүзүндөгү бардык цивилизациялуу өлкөлөрдүн жумушчу кыймылынын тарыхы бул көрүнүштү сүрөттөп көрсөтө турган миңдеген жана миңдеген жаңы фактыларды берди.

Относителдик кошумча наркты өндүрүүнү анализдеп келип, Маркс капитализм тарабынан эмгектин өндүрүм-дүүлүгүн жогорулатуунун негизги тарыхый үч стадиясын: 1) жөнөкөй кооперацияны; 2) эмгектин бөлүнүшүн жана мануфактураны; 3) машиналарды жана ири өнөр жайларды изилдейт. Маркс бул жерде капитализмдин өнүгүшүнүн негизги, типтүү белгилерин канчалык терең ачып көрсөткөндүгү мына мындан көрүнөт: орустун «кустардык» деп аталган өнөр жайларын изилдөө жогоруда аталган үч стадиянын биринчи экөөнү сурөттөп көрсөтүү үчүн эң бай материал берет. Ал эми ири машиналык индустриянын революциячылдаштыруучу таасирин алсак,— бул жөнүндө Маркс 1867-жылы жазган,— бул нерсе ошол кезден берки жарым кылымдын ичинде, бир катар «жаңы» өлкөлөрдүн (Россия, Япония жана башкалар) мисалынан ачык көрүндү.

Андан ары. Капиталдын накоплениесине, башкача айтканда, кошумча нарктын бир бөлүгүнүн капиталга айланышына, аны капиталисттин өз керегине же каалаган жагына жумшабай, жаңы өндүрушкө жумшашына Маркстин берген анализи өтө маанилуү жана жаңы нерсе болуп саналат. Капиталга айланган бардык кошумча нарк өзгөрмө капиталга кетет, деп болжолдошкон бүткул мурдагы классикалык саясий экономиянын (Адам Смиттен тартып) жаңылыштыгын Маркс көрсөттү. Чындыгында бул кошумча нарк өндүруш каражаттарына плюс өзгөрмө капиталга бөлүнөт. Капитализмдин өнүгүшүнүн жана анын социализмге айланышынын процессинде өзгөрмө капиталдын үлүшүнө салыштырганда (капиталдын жалпы суммасында) турактуу капиталдын үлүшүнүн тезирээк өсүшү эң зор мааниге ээ болот.

Капиталдын накопление болушу машинанын жумушчуларды сүрүп чыгарышын ылдамдатып, бир полюста байлыкты, экинчи полюста жакырчытыкты түзүп, «резервдик жумушчу армиясы» дегенди, жумушчулардын «относителдик гүрдө артык баш болушун» же болбосо «капиталисттик шартта ашык калкты» туудурат, бул болсо, өтө ар түрдүү формаларда болот жана капиталга өндүрүштү өтө тез кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Анын үстүнө бул мүмкүндүк, өндүрүш каражаттарында кредит менен жана капиталдын накоплениеси менен байланыштуу, ашыра өндүрүү кризистерин түшүнүүгө ачкыч таап берет, мындай кризистер капиталисттик өлкөлөрдө адегенде орто эсеп менен ар 10 жылда бир жолу, андан кийин алда канча узагыраак жана анча деле белгилүү болбогон убакыттардын ичинде мезгил-мезгили менен болуп турат. Капитализмдин базисиндеги капиталдын накоплениесинен алгачкы накопление деп аталган нерсени ажырата билүү керек: алгачкы накопление дегенибиз кызматкерди өндүрүш каражаттарынан зордоп ажыратуу, дыйкандарды жерден айдап чыгуу, общиналык жерлерди уурдоо, колониялардын жана мамлекеттик карыздардын, колдогуч пошлиналардын жана башкалардын системасы болот. «Алгачкы накопление» бир полюста «эркин» пролетарийди, экинчисинде акча ээсин, капиталистти туудурат.

«Капиталисттик накоплениенин тарыхый тенденциясын» Маркс төмөндөгү атактуу сөздөрүндө мүнөздөйт: «Тикеден-тике өндүрүүчүлөрдү экспроприациялоо барып турган аёосуз вандализм аркылуу жана эң бетпак, эң эле балит, эң майда жана эң кутурган кумардануунун кысымы менен жүргүзүлөт. Менчик ээсинин» (дыйкандын жана ремесленниктин) «эмгеги менен табылган, көз каранды болбогон айрым кызматкердин өзүнүн эмгек куралдарына жана каражаттарына, мындайча айтканда, айкалышып байланышына негизделген жеке менчик башка адамдын жумушчу күчүн, бирок формалдык жагынан эркин жумушчу күчүн эксплуатациялоого негизделген капиталисттик жеке менчик аркылуу сүрүлүп чыгарылат… Эми өзү өз алдынча чарба жүргүзгөн жумушчу эмес, толгон көп жумушчуларды эксплуатациялоочу капиталист экспроприация кылынууга тийиш. Бул экспроприация капиталисттик өндүрүштүн өзүнүн имманенттик закондорунун оюну аркасында, капиталды бор-бордоштуруу жолу менен жүргүзүлөт. Бир капиталист толуп жаткан капиталисттерди жеңип чыгат. Бул бор-бордоштуруу менен же аз гана капиталисттердин бир топ капиталисттерди экспроприациялашы менен бирге эмгек процессинин кооперативдик формасы улам барган сайын кеңири, зор өлчөмдө өнүгөт, илимди аң-сезимдүү түрдө техникалык колдонуу, жерди план ченемдүүлүк менен пайдалануу, эмгек каражаттарын коллективдик түрдө гана колдоңууга жол берүүчү эмгек каражаттарына айландыруу, өндүрүш каражаттарын комбинациялаган коомдук эмгектин өндүрүш каражаттары катарында колдонуу жолу менен бардык өндүрүш каражаттарын үнөмдөө, бардык элдерди бүткүл дүйнө рыногунун тармагына катыштыруу жана ошону менен бирге капиталисттик режимдин интернационалдык мүнөзү өнүгөт. Бул айлануу процессинин бардык пайдаларын законсуз түрдө өз колуна алуучу жана монополизациялоочу капитал магнаттарынын саны дайыма азайышы менен бирге, толуп жаткан жакырчылык, эзүү, кулчулук, начарлануу, эксплуатация массалык түрдө өсөт, бирок ошону менен бирге капиталисттик өндүрүштүн ошол эле процессинин механизми аркасында үйрөнүүчү, биригүүчү жана уюмдашуучу жумушчу табынын нааразылыгы да өсө берет. Капиталдын монополиясы ушул монополиянын тушунда жана анын негизинде өсүп чыккан өндүрүштүн жолунун кишенине айланат. Өндүрүш каражаттарын борбордоштуруу жана эмгекти коомдоштуруу өзүнүн капиталисттик оболочкасына сыйыша албай турган ушундай бир пунктка жетет. Бул оболочка жарылат. Капиталисттик жеке менчиктин күнү бүтөт. Экспроприаторлор экспроприация кылынат («Капитал», Ⅰ)…

Помещиктер менен капиталисттердин эзүүсүнөн кандайча кылып эмгекчилерди түбөлүккө куткарууга болот

By | 19.02.2017

Эмгекчилердин душмандары — помещиктер менен капиталисттер — мындай дешет: жумушчулар менен дыйкандар бизсиз жашай албайт. Бизсиз эч ким тартипти орното албайт, жумушту бөлүштүрө албайт, эмгек кылууга мажбур кыла албайт. Бизсиз бардыгы урап жок болот, мамлекет да кулайт. Бизди кубалап жиберишти, бирок бүлгүнчүлүк бизди кайрадан бийликтин башына алып келет дешет. Помещиктер менен капиталисттердин мындай сөздөрү жумушчулар менен дыйкандарды ыңгайсыздандыра албайт, коркута албайт, алдай да албайт. Армияда барып турган катуу тартинтин болушу зарыл. Ошондой болсо да, аң-сезимдүү жумушчулар дыйкандарды бириктире билди, эски падыша офицерлерин өзүнө кызматка ала билди, жеңиштүү армияны түзө билди.

Кызыл Армия болуп көрбөгөн катуу тартипти, таяктын күчү менен эмес, жумушчулардын жана дыйкандардын өздөрүнүн аң-сезимдүүлүгүнүн, берилгендигинин, кайраткердигинин негизинде түздү.

Мына ошондуктан, — помещиктер менен капиталисттердин эзүүсүнөн, алардын бийлигинин кайрадан орношунан эмгекчилерди түбөлүккө куткаруу үчүн,-— эмгектин улуу кызыл армиясын түзүү керек. Эгерде анда эмгек тартиби болсо, ал жеңилбес армия болот. Эмгекти туура бөлүштүрүүнү, жалпынын пайдасы үчүн эмгекте чексиз тартипти, берилип иштөөчүлүктү өздөрү эле помещиктерсиз жана помещиктерге каршы, капиталисттерсиз жана капиталисттерге каршы уюштура ала тургандыктарын жумушчулар менен дыйкандар далилдеп берүүгө тийиш жана муну далилдеп да бере турат.

Эмгек тартиби, эмгекте абдан кайраттуу болуу жана өзүн-өзү курман кылууга даяр болуп туруу, дыйкандардын жумушчулар менен тыгыз союзда болушу — помещиктер менен капиталисттердин эзүүсүнөн эмгекчилерди түбөлүккө куткаруучу нерселер мына ушулар.

Марксизмдин үч булагы жана составдык үч бөлүгү

By | 19.02.2017

Маркстин илими бүткүл цивилизациялуу дүйнөдө өзүнө каршы бүткүл буржуазиялык (казналык да, либералдык да) илимдин өтө зор душмандыгын жана көрө албастыгын туудуруп жатат, бул буржуазиялык илим марксизмди «зыяндуу сектага» окшогон нерсе деп эсептейт. Андан башкача мамилени күтүүге да болбойт, анткени тап күрөшүнүн негизинде курулган коомдо «эч кимге жан тартпаган» социалдык илимдин болушу мүмкүн эмес. Кандай гана болбосун, бирок бүткүл казналык жана либералдык илим жалданма кулчулукту жактайт, ал эми марксизм болсо бул кулчулукка ырайымсыз согуш жарыялады. Жалданма кулчулуктун коомунда эч кимге жан тартпаган илимди күтүү — капиталдын пайдасын азайтып, жумушчуларга акыны көбөйтүү керек эмеспи деген маселеде фабриканттардын калыстыгын күткөн сыяктуу эле эси жок аңкоолук болот.

Бирок бул аз. Дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнүн даңгыр жолунан четте пайда болгон кандайдыр бир түнт, сенейген илим маанисиндеги «сектантчылыкка» окшогон нерсе марксизмде таптакыр жок экендигин философиянын тарыхы жана социалдык илимдин тарыхы толук айкындык менен көрсөтүп отурат. Тескерисинче Маркстин бүткүл гениалдуулугу дал мына мында: Маркс адамзаттын алдыңкы катардагы ой-пикирлери тарабынан эбак эле коюлган суроолорго жооп берди. Анын илими философиянын, саясий экономиянын жана социализмдин эң улуу өкүлдөрүнүн илиминин тикедентике жана түздөн-түз уландысы катарында пайда болду.

Маркстин илими бардык жагынан күчтүү, анткени ал эң туура илим. Ал илим — адамдарга эч кандай ырым-жырым менен, эч кандай реакция менен, буржуазиялык эзүүнү жактоонун эч кандайы менен келишпей турган дүйнөгө бүтүндөй келки көз карашты берүүчү толук жана сымбаттуу илим. Ал илим — немецтик философия, англиялык саясий экономия, француздук социализм түрүндө адамзат XIX кылымда түзгөн эң жакшы нерсенин закондуу мурасчысы болуп саналат.

Марксизмдин бул үч булагына жана ошону менен бирге составдык бөлүгүнө биз кыскача токтолуп өтөбүз.