Мамлекет жөнүндө

By | 17.04.2018

Жолдоштор, сиздерге кабыл алынып, мага билдирилген план боюнча, биздин бүгүнкү аңгемебиздин темасы — мамлекет жөнүндөгу маселе болуп саналат. Мен сиздердин бул маселе менен канчалык тааныш экениңиздерди билбеймин. Эгерде мен жаңылбасам, сиздердин курсуңуздар жаңы эле ачылып, сиздерге бул маселеге системалуу түрдө биринчи жолу киришүүгө туура келип отурат. Эгерде бул ушундай болсо, менин бул кыйын маселе жөнүндөгү биринчи… Read More »

Эмгекчи жана эксплуатацияланган элдин укуктарынын декларациясы

By | 07.10.2017

Учредителдик чогулуш токтом кылат: I. 1. Россия—Жумушчу, солдат жана дыйкан депутаттарынын Советтеринин республикасы деп жарыяланат. Борбордо жана жер-жерлерде бүткүл бийлик ушул Советтерге таандык. 2. Россия Советтик республикасы эркин улуттардын эркин союзунун негизинде Советтик улуттук республикалардын федерациясы катарында түзүлөт. II. Адамды адам эксплуатациялоонун ар кандайын жоюуну, коомдун таптарга бөлүнүшүн толук жоюуну, эксплуататорлордун каршылык көрсөтүүлөрүн аёосуз түрдө… Read More »

«Эмнеден баштоо керек?» (деген макаладан)

By | 09.07.2017

…Биздин оюбузча, иштин башталар жери, каалаган уюмду түзүүге карата биринчи практикалык кадам, акырында, биз таянып алып, бул уюмду кыйшаюусуз түрдө өнүктүрө ала турган, тереңдете ала турган, кеңите ала турган негизги нерсе,— жалпы орустук саясий газетаны уюштуруу болууга тийиш. Бизге баарынан мурда газета керек,— ансыз принципиалдуу туруктуулукта болгон ар тараптуу пропаганданы жана агитацияны системалуу түрдө жүргүзүү… Read More »

Карл Маркстин илиминин тарыхый тагдыры

By | 07.04.2017

Маркстин илиминдеги эң башкы нерсе, бул — социалисттик коомду түзүүчү катарында пролетариаттын бүткүл дүйнөлүк-тарыхый ролун ачуу болуп саналат. Бул илимди Маркс баяндагандан кийин бүткүл дүйнөдөгү окуялардын жүрүшү ал илимди ырастадыбы, жокпу? Маркс бул илимдн биринчи жолу 1844-жылы жазып чыккан болучу. Ал эми Маркс менен Энгельстин 1848-жылы чыккан «Коммунисттик манифести» болсо бул илимди бир бүтүн, системаланган илим… Read More »

Фридрих Энгельс

By | 02.04.2017

Акылдын кандай чырагы өчтү. Кандан жүрөк согуудан токтоду! 1895-жылы жаңы стиль менен 5-августта (24-июлда) Лондондо Фридрих Энгельс дүйнөдөн кайтты. Энгельс өзүнүн досу Карл Маркстан кийин (Маркс 1883-жылы өлгөн) бүткүл цивилизациялуу дүйнөдегү азыркы замандын пролетариатынын эң сонун окумуштуусу жана окутуучусу болучу. Тагдыр Карл Маркс менен Фридрих Энгельсти жолуктурган күндөн тартып, бул эки достун турмуштук эмгеги алардын… Read More »

«Карл Маркс (марксизмди баяндоо мененжазылган кыскача биографилык очерк)» [деген макаладан]

By | 05.03.2017

Маркс Карл 1819-жылы жаңы стиль боюнча 5-майда Трир шаарында (Рейн боюндагы Пруссияда) туулган. Анын атасы адвокат, еврей болгон, 1824-жылы протестант динин кабыл алган. Анын үй-бүлөсү оокаттуу, маданияттуу болгон, бирок революциячыл эмес эле. Маркс Трирдеги гимназияны бүтүрүп, адегенде Бонндогу, андан кийин Берлиндеги университетке кирет да, юристтик илимдерди, бирок баарынан көбүрөөк тарых менен философияны үйрөнөт. Эпикурдун философиясы… Read More »

Помещиктер менен капиталисттердин эзүүсүнөн кандайча кылып эмгекчилерди түбөлүккө куткарууга болот

By | 19.02.2017

Эмгекчилердин душмандары — помещиктер менен капиталисттер — мындай дешет: жумушчулар менен дыйкандар бизсиз жашай албайт. Бизсиз эч ким тартипти орното албайт, жумушту бөлүштүрө албайт, эмгек кылууга мажбур кыла албайт. Бизсиз бардыгы урап жок болот, мамлекет да кулайт. Бизди кубалап жиберишти, бирок бүлгүнчүлүк бизди кайрадан бийликтин башына алып келет дешет. Помещиктер менен капиталисттердин мындай сөздөрү жумушчулар… Read More »

Марксизмдин үч булагы жана составдык үч бөлүгү

By | 19.02.2017

Маркстин илими бүткүл цивилизациялуу дүйнөдө өзүнө каршы бүткүл буржуазиялык (казналык да, либералдык да) илимдин өтө зор душмандыгын жана көрө албастыгын туудуруп жатат, бул буржуазиялык илим марксизмди «зыяндуу сектага» окшогон нерсе деп эсептейт. Андан башкача мамилени күтүүге да болбойт, анткени тап күрөшүнүн негизинде курулган коомдо «эч кимге жан тартпаган» социалдык илимдин болушу мүмкүн эмес. Кандай гана… Read More »

Совет бийлиги деген эмне?

By | 18.02.2017

Совет бийлиги деген эмне? Көпчүлүк өлкөлөрдө али да түшүнгүсү келбей же түшүнө албай жүргөн бул жаңы бийликтин мааниси эмнеде? Ар бир өлкөнүн жумушчуларынын көңүлүн улам барган сайын өзүнө көбүрөөк тартып жаткан бул жаңы бийликтин мааниси мына мында: эгерде мурда мамлекетти ар кандай жолдор менен байлар же капиталисттер башкарып келген болсо, азыр мамлекетти дал капитализм тарабынан… Read More »