Маркс Карл 1819-жылы жаңы стиль боюнча 5-майда Трир шаарында (Рейн боюндагы Пруссияда) туулган. Анын атасы адвокат, еврей болгон, 1824-жылы протестант динин кабыл алган. Анын үй-бүлөсү оокаттуу, маданияттуу болгон, бирок революциячыл эмес эле. Маркс Трирдеги гимназияны бүтүрүп, адегенде Бонндогу, андан кийин Берлиндеги университетке кирет да, юристтик илимдерди, бирок баарынан көбүрөөк тарых менен философияны үйрөнөт. Эпикурдун философиясы жөнүндө университеттик диссертацияны тапшырып, 1841-жылы курсту бүтүрөт. Маркс өзүнүн көз карашы жагынан ал кезде гегелчил-идеалист болучу. Берлинде ал Гегелдин философиясынан атеисттик жана революциячыл корутундуларды жасоого умтулган «солчул гегелчилердин» (Бруно Бауэр жана башкалардын) кружогуна кошулган.
Университетти бүткөндөн кийин Маркс профессор болууиу ойлоп, Бонн шаарына көчүп келет. Бирок 1832-жылы Людвиг Фейербахты кафедрадан ажыраткан жана 1836-жылы ага университетте иштөөгө уруксат бербеген, ал эми 1841-жылы жаш профессор Бруно Бауэрди Бонндо лекция окуу укугунан ажыраткан өкмөттүн реакциячыл саясаты Марксти илимий карьерадан баш тартууга мажбур кылды. Бул кезде Германиядагы солчул гегелчилердин көз караштарынын өнүгүшү өтө тездик менен илгери карай жүрүп бараткан эле. Людвиг Фейербах айрыкча 1836-жылдан тартып, теологияны сынга алып, материализмге карай бурула баштайт да, 1841-жылы материализм анда толук устөмдүк кылып калат. («Христианствонун мазмуну»); 1843-жылы анын «Келечектеги философиянын негизги жоболору» деген эмгеги басылып чыгат. Фейербахтын ушул чыгармалары жөнүндө кийин Энгельс — бул китептердин «боштондукка чыгаруучу таасирин баштан өткөрүү керек эле» деп жазган болучу. «Биз» (башкача айтканда, солчул гегелчилер, анын ичинде Маркс да) «дароо эле фейербахчылар болуп калдык». Ошол кезде солчул гегелчилер менен тике байланышы болгон рейндик радикал буржуалар Кёльнде (1842-жылдын 1-январынан тартып чыга баштаган) «Рейн Газетасы» деген оппозициячыл газетаны негиздешкен болучу. Маркс менен Бруно Бауэр ага башкы кызматкерлер катарында чакырылат, ал эми 1842-жылы октябрда Маркс башкы редактор болот да, Боиндон Кёльнге көчүп келет. Маркс редактор болуп турган кезде ал газетанын революциячыл-демократиялык багыты барган сайын айкын-ачык боло берген, ошондуктан өкмөт газетаны адегенде эки жана үч катар цензурага баш ийдирип, андан кийин 1843-жылы 1-январда аны таптакыр жаап коюуга чечим кылды. Бул мезгилде Маркске редактордүк ишти таштоого туура келди, бирок анын кетип калышы газетаны баары бир сактап кала албады, ошентип газета 1843-жылдын мартында жабылды… Газета иши Маркске анын саясий экономия менен жетишердик түрдө тааныш эместигин көрсөттү, ошондуктан ал ынтаалуулук менен саясий экономияны үйрөнүүгө киришти.
1843-жылы Маркс Крейцнахта өзүнүн бала чактан берки курбусу болгон, студент кезинен эле убадалашып жүргөн Дженни фон Вестфаленге үйлөндү. Анын аялы пруссиялык реакциячыл дворяндык үй-бүлөдөн чыккан. Дженнинин агасы эң реакциячыл доорлордун биринде, 1850—1858-жылдарда, Пруссияда ички иштер министри болуп турган. Маркс 1843-жылы күзүндө Арнольд Руге (1802—1880; солчул гегелчил, 1825—1830-жылдарда тюрьмада отурган, 1848-жылдан кийин эмигрант: 1866—1870-жылдардан кийин бисмаркчыл) менен бирге чет өлкөдө радикалдык журнал чыгаруу үчүн Парижге келет. Бул журналдын «Немецко-Французский Ежегодник» деген биринчи китепчеси гана чыгат. Германияда журналды жашыруун таратуу кыйын болгондуктан жана Руге менен болгон пикир келишпегендиктерден улам ал журнал чыкпай калат. Маркс бул журналга жазган өзүнүн макалаларында «жашап турган түзүлүштүн бардыгын аёосуз түрдө сынга алууну» жана айрыкча «куралды сынга алууну» жарыялаган, массага жана пролетариатка кайрылган революционер катарында чыгат.
1844-жылы сентябрда Фридрих Энгельс Парижге бир нече күнгө келет, ал ошол кезден тартып Маркстин эң жакын досу болуп калат. Ал экөө Париждин революциячыл топторунун ошол кездеги кайнап жаткан турмушуна кызуу катышып (Маркс 1847-жылы өзүнүн «Философиянын жакырдыгы» деген эмгегинде аябай талкалаган Прудондун илими өзгөчө мааниге ээ болгон) жана майда буржуазиялык социализмдин ар түрдүү илимдерине каршы кескин түрдө күрөшүп, революциячыл пролетардык социализмдин же коммунизмдин (марксизмдин) теориясын жана тактикасын иштеп чыгышты… 1845-жылы Маркс Пруссия өкмөтүнүн талабы боюнча, коркунучтуу революционер катарында, Парижден айдалып жиберилген. Ал Брюсселге көчүп барат. 1847-жылы жазында Маркс менен Энгельс «Коммунисттер союзу» деген жашырын пропагандисттик коомго кошулушат; бул союздун Ⅱ съездине (1847-жылы ноябрде Лондондо болгон) көрүнүктүү түрдө катышып жана ушул съезддин тапшыруусу боюнча, 1848-жылы февралда чыккан атактуу «Коммунисттик партиянын манифестин» жазышат. Бул чыгармада гениалдуу дааналык менен жана ачык түрдө дүйнөгө болгон жаңы көз караш, социалдык турмуш жактарын да өз кучагына алган изден тайбас материализм, өнүгүү жөнүндөгү эң эле ар тараптуу жана терең илим катарындагы диалектика, тап күрөшүнүн теориясы жана жаңы, коммунисттик коомду түзүучү пролетариаттын бүткүл дүйнөлүк-тарыхый революциячыл ролу сүрөттөлгөн.
1848-жылдагы февраль революциясы башталганда Маркс Бельгиядан айдалып жиберилет. Ал кайрадан Парижге келип, март революциясынан кийин андан Германияга, атап айтканда, Кёльнге барат. Анда 1848-жылдын 1-июнунан тартып 1849-жылдын 19-майына чейин «Жаңы Рейн Газетасы» чыгып турат; анын башкы редактору Маркс болгон. Жаңы теория, кийинчерээк дүйнөнүн бүткүл өлкөлөрүндөгү пролетардык жана демократиялык кыймылдардын бардыгы ырастагандай, 1848—1849-жылдардагы революциялык окуялардын жүрүшү менен эң сонун ырасталды. Жеңип чыккан контрреволюция Марксти адегенде сотко берип (1849-жылы 9-февралда акталат), андан кийин (1849-жылы 16-майда) Германиядан айдап жиберди. Маркс адегенде Парижге жөнөйт, бирок 1849-жылы 13-июнда болгон демонстрациядан кийин андан да айдалып, Лондонго кетет да, өмүрунүн акырына чейин ошол жерде жашап турат.
Маркстин эмигранттык турмушунун шарттары өтө оор болгон, бул Маркстин Энгельс менен жазышкан каттарында (1913-жылы басылып чыккан) айрыкча даана көрсөтүлгөн. Муктаждык Марксти жана анын үй-бүлөсүн аябай кыйнайт; Энгельс финансы жагынан дайыма жардам кылбаган болсо, Маркс «Капиталды» бүтүрө албагандыгы мындай турсун, жакырчылыктын кысымы астында шексиз өлүмгө дуушар болот эле. Анын үстүнө, майда буржуазиячыл, жалпысынан пролетардык эмес социализмдин басымдуу болгон окуулары жана агымдары Марксти аларга каршы дайыма аёосуз күрөш жүргүзүп турууга, кээде анын жеке керт башына карата болгон эң кутургандай жана эң жапайы түрдөгү асылууларга сокку берүүгө («Herr Vogt») мажбур кылган болучу. Маркс эмигранттык кружоктордон четте туруп, күчүн көбүнчө саясий экономияны изилдөөгө арнап, бир катар тарыхый эмгектеринде… өзүнүн материалисттик теориясын иштеп чыккан. Бул илимди Маркс өзүнүн «Саясий экономияны сынга алууга карата» (1859) жана «Капитал» (1-том, 1867) деген чыгармаларында (төмөн жактан Маркстин илимин караңыз) революциялаштырган болучу.
50-жылдардын аягындагы жана 60-жылдардагы демократиялык кыймылдардын жандануу доору Марксти практикалык ишке кайра чакырды. 1864-жылы (28-сентябрда) Лондондо атактуу Ⅰ Интернационал, «Жумушчулардын эл аралык шериктештиги» түзүлдү. Маркс бул коомдун жаңы, анын биринчи «үндөөсүнүн» жана толуп жаткан резолюцияларынын, билдирүүлөрүнүн, манифесттеринин автору болгон. Ар түрдүү өлкөлөрдүн жумушчу кыймылын бириктирип, пролетардык эмес, Маркске чейинки социализмдин ар түрдүү формаларын (Мадзини, Прудон, Бакунин, англиялык либералдык тред-юнионизм, Германиядагы лассалдык оңго чайпалуулар жана башкалар) биргелешип иштөө нугуна багыттоого тырышып, бул секталар менен школдордун бардыгынын теорияларына каршы күрөшүп, Маркс ар түрдүү өлкөлөрдөгү жумушчу табынын пролетардык күрөшүнүн бирдиктүү тактикасын иштеп чыкты. Маркс эң терең, эң таамай, эң сонун жана эң таасирдүү, эң революциячыл баа берген («Франциядагы граждандык согуш» 1871) Париж Коммунасы кулагандан кийин (1871) жана Интернационалда бакунисттер жикке бөлүнуүнү чыгаргандан кийин, ал Интернационалдын Европада жашашы мүмкүн болбой калды. Маркс Интернационалдын Гаагада болгон конгрессинен кийин (1872) Интернационалдын Генеральный советин Нью-Йоркко көчүрүүнү ишке ашырды. Ⅰ Интернационал дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жумушчу кыймылынын дагы эбегейсиз зор өсүү дооруна, атап айтканда: ал кыймылдын кеңири өсүү дооруна, айрым улуттук мамлекеттердин базасында массалык социалисттик жумушчу партияларын түзүү дооруна өзүнүн ордун берип, өзүнүн тарыхый ролун аяктады.
Интернационалда өтө көп иштөө жана теория жагынан да өтө көп эмгектенүү Маркстин саламаттыгын биротоло начарлатты. Ал толуп жаткан жаңы материалдарды жыйнап жана бир катар тилдерди (мисалы, орус тилин) үйрөнүп, саясий экономияны кайра иштеп чыгууну жана «Капиталды» аяктоо боюнча өзүнүн ишин уланта берди, бирок оору ага «Капиталды» аяктоого мүмкундүк бербеди.
1881-жылы 2-декабрда анын аялы дүйнөдөн кайтты. 1883-жылы 14-мартта Маркс өзүнун отурган креслосунда акырын гана түбөлүк уйкуга кетти. Ал өзүнүн аялы менен бирге Лондондогу Хайгейт көрүстөнүнө коюлган. Маркстин балдарынын бир канчасы Лондондо, үй-бүлөсү катуу жокчулукка учураганда бала кездеринде эле чарчап калган. Үч кызы: Элеонора Эвелинг, Лаура Лафарг жана Дженни Лонге Англиянын жана Франциянын социалисттерине турмушка чыгышкан болучу. Дженни Лонгенин уулу — француз социалисттик партиясынын мүчөсү.
Маркстин Илими
Марксизм — Маркстин көз караштарынын жана илимдеринин системасы. Маркс ⅩⅨ кылымдагы, адамзаттын эң алдыңкы үч өлкөсүнө тиешелүү идеялык башкы үч агымды: немецтик классикалык философияны, англиялык классикалык саясий экономияны жана жалпысынан француздук революциячыл илимдер менен байланыштуу болгон француздук социализмди уланткан жана гениалдуулук менен аягына дейре жеткире иштеп чыккан адам болду. Дүйнөдөгү цивилизациялуу бардык өлкөлөрдүн жумушчу кыймылынын теориясы жана программасы катарында, азыркы кездеги материализм менен азыркы кездеги илимий социализмдин жыйындысын берген Маркстин көз караштарынын сонун ырааттуулугу менен бүтүндүгүн кала берсе анын душмандары да моюндарына алышат, мунун өзү марксизмдин негизги мазмунун, атап айтканда: Маркстин экономикалык илимин баяндоого, жалпы эле анын дүйнөгө көз карашы жөнүндө кыскача очерк берүүгө бизди мажбур кылат.
Философиялык материализм
Маркстин көз караштары калыптанган кезден, 1844—1845-жылдардан тартып ал материалист болгон, атап айтканда ал Л. Фейербахтын тарапкери болуп, кийин да Фейербахтын начар жактары — айрыкча анын материализминин жетишээрлик даражада ырааттуу жана ар тараптуу эместигинде деп билген. Маркс Фейербахтын бүткүл дүйнөлүк-тарыхый, доор түзүүчү маанисин — дал ошол Гегелдин идеализминен чечкиндүү түрдө кол үзүшүнөн жана «XVIII кылымда эле айрыкча Францияда жашап турган саясий мекемелерге, ошону менен бирге дин менен теологияга гана каршы болбостон, ал түгүл… ар кандай метафизикага да» («соо философиядан» айырмаланып турган «мас спекуляция» маанисиндеги метафизикага) каршы болгон материализмди жарыялагандыгынан көргөн («Адабий Мурастагы» «Ыйык үй-бүлө»). «Гегель ойлоонун процессин идея деп атап, ал түгүл, аны өзүнчө субъектиге да айландырып жиберет жана Гегелче ал ойлоонун процесси чындыктын демиургу (жаратуучу, түзүүчү) болуп эсептелет… Менде болсо,— деп жазган Маркс,— тескерисинче, идеалдык дегенибиз адамдын мээсине көчүрүлүп, анда элеси пайда болгон материалдык нерседен башка эч нерсе эмес» («Капитал», I том, 2-басылышына карата жазылган аяккы корутунду сөз). Маркстин ушул материалисттик философиясына толук ылайыктап жана аны баяндап, Фр. Энгельс «Анти-Дюрингде» мындай деп жазган (караңыз): — Маркс бул чыгарма менен кол жазма кезинде таанышкан — «…Дүйнөнүн бирдиктүүлүгү анын бытиесинде эмес, анын материалдуулугунда, бул… философия менен табият таануунун узакка созулган жана кыйын өнүгүшү аркылуу далилденет… Кыймыл материянын бытиесинин формасы болуп саналат. Эч бир жерде жана эч качан материя кыймылсыз, кыймыл материясыз болгон эмес жана боло да албайт… Эгерде… ойлоо жана таанып-билүү деген эмне, алар кайдан келип чыгат деген суроону алдыбызга койсок, анда биз ойлоо менен таанып-билүү адам мээсинин продуктысы экендигин жана адамдын өзү да белгилүү бир табигый шартта жана жаратылыш менен бирге өнүккөн жаратылыштын продуктысы экендигин көрөбүз. Ошондуктан, акырында барып жаратылыштын продуктысы болуп саналган адамдын мээсинин продуктысы да жаратылыштын калган байланыштарына каршы келбестен, кайра ага ылайык келе тургандыгы өзүнөн-өзү түшүнүктүү». «Гегель идеалист болгон, башкача айтканда, Гегелдин оюнча биздин башыбыздан чыккан ойлор чыныгы нерселердин жана процесстердин аздыр-көптүр абстракттуу чагылышы (Abbilder, чагылып көрүнүшү, Энгельс кээде «тактар» жөнүндө айтат) эмес, кайра, тескерисинче, Гегелче нерселер жана алардын өнүгүшү дүйнө пайда болгонго чейин кайдадыр бир жакта жашап турган, кандайдыр бир идеянын чагылышы болгон». Фр. Энгельс өзүнүн «Людвиг Фейербах» деген чыгармасында Фейербахтын философиясына өзүнүн жана Маркстин көз караштарын баяндайт; бул чыгарманы басмага берээрде Энгельс өзүнүн жана Маркстин Гегель менен Фейербах жөнүндөгү жана тарыхты материалисттик түшүнүү жөнүндөгү маселе боюнча 1844—1845-жылдарда жазган эски кол жазмасын алдын ала окуп чыгып, мындай деп жазат: «Ар кандай философиянын, ал эми айрыкча эң жаңы философиянын улуу негизги маселеси — ойлоонун бытиеге, духтун жаратылышка карата мамилеси жөнүндөгү маселе болуп саналат… кайсынысы мурда болгон: дух жаратылыштан мурда болгонбу же жаратылыш духтан мурда болгонбу деген маселеде болот… Философтор бул маселеге кандай жооп беришкендерине жараша эки чоң лагерге бөлүнүштү. Дух жаратылыштан мурда эле болгон дегендер, демек, эмнеси болсо да дүйнө жаратылган деп эсептегендер, …идеалисттик лагерди түзүштү. Негизги башталма деп жаратылышты эсептегендер болсо материализмдин ар түрдүү агымдарына кошулушту». Идеализм менен материализм деген (философиялык) түшүнүктү мындан башкача колдонуунун ар кандайы чатышууга гана алып барат. Маркс ар качан кантип болсо да дин менен байланышкан идеализмди гана чечкиндүү түрдө четке какпастан, Юм менен Канттын биздин күндөрдө айрыкча тараган көз карашын да, ар кыл түрдөгү агностицизмди, критицизмди, позитивизмди да чечкиндүү түрдө четке кагып, буга окшогон философияны идеализмге «реакциялык» уступка жасоо деп жана жакшы дегенде «элдин көз алдында куулуп-чыгарылып жаткан материализмди уятынан гана арткы эшиктен киргизе коюу» деп эсептеген. Бул маселе боюнча, Энгельс менен Маркстин айтылып кеткен чыгармаларынан башка, Маркстин 1866-жылы 12-декабрда Энгельске жазган катын караңыз, анда Маркс белгилүү табият изилдөөчү Т. Гёкслинин адеттегиден көрө «көбүрөөк материалисттик» түрдө сүйлөшү жөнүндө жана анын «биз чындыгында байкап жана ойлоп турганыбызда, эч качан материализмдин негизинен четке чыгып кете албайбыз» деп мойунуна алышы жөнүндө айтып келип, аны агностицизм, юмизм жагына «өтүүгө жылчык» калтыргандыгы үчүн жемелейт. Эркиндиктин зарылдыкка карата мамилеси жөнүндөгү Маркстин көз карашын өзгөчө көрсөтүп өтүү керек: «түшүнүп биле элек кезде, зарылдык сокур болот. Эркиндик зарылдыкты түшүнүп билүү болот» (Энгельс «Анти-Дюрингде») =жаратылыштын объективдүү закон ченемдүүлүгүн жана зарылдыктын эркиндикке диалектикалык түрдө айланышын (таанылып-билине элек, бирок таанылып-билине турган, «өзүндө нерселердин» «биз үчүн нерселерге», «нерселердин маңызынын» «көрүнүштөргө» айланышы менен катар) моюнга алуу болуп саналат. «Эски» материализмдин, анын ичинде Фейербахтын да (асыресе Бюхнер-Фогт-Молешоттун «вульгардык») материализминин негизги кемчилиги деп Маркс менен Энгельс мына буларды эсептешкен: (1) бул материализм химия менен биологиянын (ал эми биздин күндөрдө болсо, материянын электр теориясын да кошуу керек эле) эң жаңы өнүгүшүн эске албаган, «көбүнчө механикалык» материализм болгон; (2) эски материализм тарыхый болгон эмес, диалектикалык болгон эмес (антидиалектикалык мааниде алганда метафизикалык болгон), өнүгүү көз карашын бардык жагынан жана ырааттуу түрдө жүргүзгөн эмес; (3) алар «адамдын мазмунун» «бүткүл коомдук мамилелердин» (белгилүү бир конкреттүү-тарыхый) «жыйындысы» катарында түшүнбөстөн, абстракттуу түшүнүшкөн жана ошондуктан дүйнөнү «өзгөртүү» жөнүндө сөз жүрүп жаткан кезде, алар аны «түшүндүрүп» гана тим болушкан, башкача айтканда, «революциячыл практикалык иштин» маанисин түшүнүшкөн эмес.
Диалектика
Гегелдин өнүгүү жөнүндөгү эң эле ар тараптуу, мазмуну бай жана эң терең илим катарындагы диалектикасын Маркс менен Энгельс немецтик классикалык философиянын эң зор табылгасы деп эсептешкен. Өнүгүүнүн, эволюциянын принцибин башкача формулировкалоонун ар кандайын алар бир жактуу, мазмуну жагынан кедей формулировка деп жаратылыштагы жана коомдогу өнүгүштүн (көбүнчө секирүүлөрү, катастрофалары, революциялары бар) чыныгы жүрүшүн бузуучу жана майып кылуучу формулировка деп эсептешкен «Биз Маркс экөөбүз аң-сезимдүү диалектиканы» (идеализмдин жана анын ичинде гегелянчылыктын талкалашынан) «аман алып калып, аны жаратылышты материалисттик түшүнүү жолуна көчүрүүнү өзүбүздүн милдетибиз кылып койгон бирден-бир дээрлик адамдар болдук». «Жаратылыш диалектиканын ырастоочусу болот, ошондуктан эң жаны табият таануу бул ырастоонун таң каларлык бай экендигин көрсөтөт» (радийдин, электрондун ачылышына чейин, элементтердин өзгөрүшүн жана ушуга окшогондорго чейин жазылган!), «бул ырастоо күн сайын толуп жаткан материалдарды чогултат жана жаратылыштагы иштер акыр аягында метафизикалык эмес, дидлектикалык экендигин далилдейт».
Энгельс мындай деп жазат: «Дүйнө даяр, аякталып бүткөн заттардан түзүлбөстөн, процесстердин жыйындысы болот, мында өзгөрбөстөй болуп көрүнгөн заттар, ошондой эле адамдын мээсинде ой менен жасалган ал заттардын сүрөттөрү да, түшүнүктөрү да тынымсыз өзгөрүп, бирде пайда болуп, бирде жок болуп турат деген негизги улуу пикир — ушул негизги улуу пикир Гегелдин убагынан бери жалпы аң-сезимге сиңгендиги ушунчалык даражада болду,— бул пикирди кимдир бирөө аны жалпы түрүндө алганда талаша койбостур. Бирок аны сөз жүзүндө моюнга алуу бир иш, аны изилдөөнүн ар бир айрым учурунда жана ар бир белгилүү тармагында колдонуу экинчи бир иш». «Диалектикалык философия үчүн биротоло түбөлүккө белгиленген, сөзсүз, ыйык болгон эч нерсе жок. Ал бардык нерседе жана бардык жерде кулоонун болбой койбостугунун белгисин көрөт, ошондуктан пайда болуунун жана жок болуунун, төмөндөн жогору карай чексиз көтөрүлүп туруунун тынымсыз процессинен башка эч нерсе анын алдында туруштук бере албайт. Диалектикалык философиянын өзү ойлоочу мээдеги ушул процесстин жөнөкөй гана чагылып көрүнүшү болуп эсептелет». Ошентип, Марксче, диалектика — «тышкы дүйнөнүн да, ошондой эле адамзаттын ойлоосунун да кыймылынын жалпы закондору жөнүндөгү илим» болуп саналат.
Гегелдин философиясынын ушул, революциячыл жагын Маркс кабыл алган жана өнүктүргөн. Диалектикалык материализм «башка илимдердин үстүндө турган эч кандай философияга муктаж эмес». Мурдагы философиядан «ойлоо жана анын закондору жөнүндөгү илим — формалдык логика менен диалектика» калат. Ал эми диалектика болсо, Маркстин түшүнүгүнчө, ошондой эле Гегелдин пикиринче, азыр таанып-билүү теориясы, гносеология деп аталган нерсени өз ичине алат жана бул теория таанып-билүүнүн келип чыгышын жана өнүгүшүн, билбегендиктен билүүгө өтүүнү изилдеп жана жыйынтыктап, ошону менен бирге өзүнүн предметин тарыхый жагынан кароого тийиш.
Өнүгүү, эволюция идеясы биздин убакта бүтүндөй бойдон дээрлик коомдук аң-сезимге кирип орноду, бирок Гегелдин философиясы аркылуу эмес, башка жолдор аркылуу кирип орноду. Бирок да Гегелге таянып Маркс менен Энгельстин беришкен формулировкасындагы бул идея, эволюция жөнүндегү көп таралган идеяга караганда алда канча ар тараптуу жана мазмуну жагынан алда канча бай. Небак өтүп кеткен баскычтарды кайталаган сыяктуудай болгон, бирок аларды башкача түрдө, бир топ жогору базада кайталай турган өнүгүү («танууну тануу»), мындайча айтканда, түз сызык боюнча эмес, спираль боюнча өнүгүү; — секирик түрүндөгү, катастрофалык, революциялык өнүгүү; — «акырындык менен өнүгүүнүн үзүлүүлөрү»; сандын сапатка айланышы; — ушул нерсеге же ушул кубулуштун чегинде, же ушул коомдун ичинде аракет кылуучу ар түрдүү күчтөр менен тенденциялардын каршылыгы, кагылышы аркылуу өнүгүүгө түрткү бере турган ички импульстар; — ар бир кубулуштун бардык жактарынын (анын үстүнө тарых улам жаңы-жаңы жактарды ачып жатат) өз ара байланыштуулугу жана эң тыгыз, ажырагыс байланышы, байланыш болгондо да, кыймылдын бирдиктүү, закон ченемдүү дүйнөлүк прогрессин берүүчү байланыш,— өнүгүу жөнүндөгү мазмунга алда канча бай (адеттегиге караганда) илим болуп санала турган диалектиканын кээ бир белгилери ушундай…
Тарыхты материалисттик түшүнүү
Маркс эски материализмдин ыраатсыздыгын, аякталып бүтпөгөндүгүн, бир жактуулугун түшүнүп көзү жеткендиктен «коом жөнүндөгү илимди материалисттик негиз менен бир ыңтайга келтирип жана бул илимди ушул негизге ылайыктап кайра куруу» зарыл деген ойго келди. Эгерде жалпысынан материализм аң-сезим бытиеден келип чыгат, мунун тескерисинче эмес деп тушүндүрө турган болсо, анда адамзаттын коомдук турмушунда колдонгондо материализм коомдук аң-сезим-коомдук бытиеден келип чыгат деп түшүндүрүүнү талап кылды. «Технология,— дейт Маркс («Капитал», I),— адамдын жаратылышка карата активдүү мамиле кылышын, анын турмушунун түздөн-түз өндүрүү процессин, ошону менен бирге анын турмушунун коомдук шарттарын жана андан келип чыгуучу рухий элестерди да ачып көрсөтүп берет». Маркс адамзаттын коомуна жана анын тарыхына жайылтыла турган материализмдин негизги жоболорун «Саясий экономияны сынга алууга карата» деген чыгармасына жазган сөз башында төмөндөгү сөздөр менен толук формулировкалап берген.
«Өз турмушунун коомдук өндүрүшүндө адамдар өздөрүнүн эркине көз каранды болбогон, белгилүү бир зарыл мамилелерге — өздөрүнүн материалдык өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүшүнүн белгилүү бир баскычына ылайык келе турган өндүрүштүк мамилелерге киришет.
Бул өндүрүштүк мамилелердин жыйындысы коомдун экономикалык структурасын, чыныгы базисин түзөт да, бул чыныгы базистин үстүндө юридикалык жана саясий надстройка турат жана ага коомдук аң-сезимдин белгилүү бир формалары ылайык келет. Материалдык турмушту өндүрүү жолу жалпы алганда турмуштун социалдык, саясий жана рухий процесстерине шарт болот. Адамдардын бытиесин алардын аң-сезими белгилебейт, анын тескерисинче, адамдардын коомдук бытиеси алардын аң-сезимин белгилейт. Коомдун материалдык өндүргүч күчтөрү өзүнүн өнүгүшүнүн белгилүү бир баскычында, ошол кездеги жашап турган өндүрүштүк мамилелерге, же — мунун юридикалык көрүнүшү гана болгон менчик мамилелерине — ошол убакка чейин өздөрү алардын ичинде өнүгүп келген менчик мамилелерине каршы келет. Бул мамилелер өндүргүч күчтөрдүн өнүгүш формаларынан алардың кишенине айланат. Ошондо социалдык революциянын доору башталат. Экономикалык негиздин өзгөрүшү менен, эбегейсиз бүткүл зор надстройкада аздыр-көптүр ылдам түрдө төнкөрүш болот. Мындай төңкөрүштөрдү текшерген кезде өндүрүштүн экономикалык шарттарындагы табигый-илимий тактык менен белгилөөгө боло турган, материалдык төңкөрүштү юридикалык, саясий, диний, көркөмдүк же философиялык, кыскача айтканда, идеологиялык формалардан ар дайым ажырата билүү керек, адамдар ушул идеологиялык формалар аркылуу ал конфликтти түшүнөт жана ага каршы күрөшөт.
Айрым адам жөнүндө анын өзү жөнүндөгү пикирине карап баа берүүгө мүмкүн эмес, дал ошол сыяктуу мындай төңкөрүш доору жөнүндө да бул доордун аң-сезимине карап ой-пикир түзүүгө болбойт. Тескерисинче, бул аң-сезимди материалдык турмуштун каршылыктарынын, коомдук өндүргүч күчтөр менен өндүрүштүк мамилелердин ортосунда болгон конфликттерди өзүнөн алып чыгып түшүндүрүү керек…» «Жалпысынан алганда, өндүрүштүн азиялык, античный, феодалдык жана азыркы буржуазиялык жолдорун экономикалык коомдук формациянын прогрессивдүү доорлору деп белгилөөгө болот»…
Тарыхты материалисттик негизде түшүнүүнү ачуу, же туурараак айтканда, материализмди коомдук көрүнүштөр жагынан ырааттуулук менен улантуу жана жайылтуу мурдагы тарыхый теориялардын негизги эки кемчилигин жойду. 1-ден, мурдагы теориялар эң жакшы дегенде адамдардын тарыхый иштеринин идеялык мотивдерин гана талдап карап келишкен, бул мотивдердин эмне себептен келип чыккандыгын изилдебеген, коомдук мамилелердин системасынын өнүгүшүндөгү объективдүү закон ченемдүүлүгүн баамдабаган, бул мамилелердин негизги материалдык өндүрүштүн өнүгүү даражасында экендигин көрбөгөн; 2-ден, мурдагы теориялар дал калк массасынын аракеттерин өз ичине алган эмес, ал эми тарыхый материализм болсо, массанын турмушунун коомдук шарттарын жана ал шарттардын өзгөрүшүн табигый-тарыхый жагынан так изилдөөгө биринчи жолу мүмкүндүк берди. Маркске чейинки «социология» менен историография жакшы дегенде чийки, үзүндүлөрдөн чогултулган фактыларды топтоп жана тарыхый процесстин айрым гана жактарын сүрөттөп бере алган. Марксизм бардык карама-каршы тенденциялардын жыйындысын текшерип карап, аларды коомдун ар түрдуү таптарынын турмушу менен өндүрүшүнүн так белгиленген шарттарына ылайык келтирип, айрым «негизги» идеяларды тандап алуу же аларды түшүндүрүү ишиндеги субъективизмди жана ээнбаштыкты жоюп, бирөөнү да калтырбай бардык идеялардын жана бардык ар түрдүү тенденциялардын тамырлары материалдык өндүргүч күчтөрдүн абалында боло тургандыгын ачып көрсөтүп, коомдук-экономикалык формациялардын пайда болуу, өнүгүү жана кулоо процессин бардык жагынан, бардыгынын ичине алып талдап кароочу жолду көрсөттү. Адамдар өздөрүнүн тарыхын өздөрү жасайт, бирок адамдардын, атап айтканда адамдар массасынын мотивдери эмне менен белгиленет, карама-каршы идеялардын жана умтулуштардын кагылыштарына эмне себеп болот, адамзат коомдорунун бүткүл массасынын бул кагылыштарынын бардыгынын жыйындысы кандай, адамдардын бүткүл тарыхый ишине база түзүүчү материалдык турмушту өндүрүүнүн объективдик шарттары кандай, бул шарттардын өнүгүү закондору кандайча,— мына ушулардын бардыгына Маркс көңүл бурду жана бүтүндөй өзүнүн ар тараптуулугу жана каршылыгы канчалык зор болсо да бирдиктүү, закон ченемдүү процесс катарында тарыхты илимий жактан үйрөнүүгө жол көрсөттү.
Тап күрөшү
Ушул коомдун мүчөлөрүнүн бирөөлөрүнүн умтулуштары экинчи бирөөлөрдүн умтулуштарына каршы келе тургандыгы, коомдук турмуштун каршылыктарга жык толгондугу, тарыхтын бизге элдердин, коомдордун ортосундагы жана да алардын өз ичиндеги күрөштү көрсөтө тургандыгы, ал эми андан башка да революция менен реакциянын, тынчтык менен согуштун, өнүкпөй туруп калуу менен тез прогресстин же кулоонун мезгилдеринин алмашылып тургандыгын көрсөтөрү, бул жалпыга белгилүү фактылар. Марксизм, мына ушул лабиринт жана баш аламан сыяктуу болуп көрүнгөн нерсенин закон ченемдүүлүгүн ачууга мүмкүндүк берүүчү жетекчи жолду, атап айтканда: тап күрөшүнүн теориясын берди. Ушул коомдун бардык мүчөлөрүнүн же коомдордун топторунун умтулуштарынын жыйындысын текшерүү гана ал умтулуштардын натыйжасын илимий жактан аныктоого алып келүүгө жөндөмдүү. Ал эми ар бир коомдун бөлүнө турган таптарынын абалы менен турмуш шарттарындагы айырмачылык карама-каршы умтулуштардын булагы болуп саналат. «Ушул кезге чейин жашап келген бардык коомдордун тарыхы,— деп жазат «Коммунисттик Манифестте» Маркс (алгачкы общинанын тарыхынан башкасы деп кошумчалайт кийинчерээк Энгельс),— таптардын күрөшүнүн тарыхы болуп келген. Эркин адам жана кул, патриций жана плебей, помещик жана крепостной, мастер жана подмастерье, кыскасы — эзүүчү жана эзилүүчү бири-бирине ар дайым антагонисттик абалда болуп, кээде жашырын, кээде ачык түрдө тынымсыз күрөш жүргүзүшүп келген, бул күрөш ар дайым бүткүл коомдук түзүлүштү революциячыл түрдө кайра куруу менен же күрөшүүчү таптардын жалпы ойрон болушу менен бүтүп турган… Ойрон болгон феодалдык коомдун ичинен чыккан азыркы кездеги буржуазиялык коом таптык карама-каршылыктарды жойгон жок. Ал эскилердин ордуна жаңы таптарды, эзүүнүн жаңы шарттарын жана күрөштүн жаңы формаларын коюп гана тим болду. Бирок биздин доорубуздун, буржуазия доорунун айырмасы — ал таптык карама-каршылыктарды жөнөкөйлөштүрдү: коом бирине бири душман болгон эки чоң лагерге, бирине бири карама-каршы турган эки чоң тапка — буржуазия менен пролетариатка улам барган сайын көбүрөөк бөлүнүп жатат». Улуу француз революциясы болгон убакыттан тартып, Европанын тарыхы окуялардын ушул чыныгы негизин, таптардын күрөшүн бир катар өлкөлөрдө өзгөчө дапдаана кылып ачып берди. Ошентип, Франциядагы реставрация доорунун өзү эле бир катар тарыхчыларды (Тьерри, Гизо, Минье, Тьер) берди, булар болуп жаткан окуяларды жыйынтыктоо менен Франциянын бүткүл тарыхын түшүнүү үчүн таптардын күрөшү ачкыч боло тургандыгын моюндарына албай коё алышпады. Ал эми эң жаңы доор, буржуазиянын толук жеңген доору, өкүлдүк мекемелер, кеңири (эгерде жалпыга бирдей дебегенде да) шайлоо укугу, арзан баалуу, массага тарай турган күндөлүк басма сөздүн жана ушул сыяктуулардын доору, жумушчулардын күчтүү жана улам барган сайын кеңейип бара жаткан союздарынын жана ишкана ээлеринин союздарынын жана башкалардын доору — окуялардын кыймылдаткычы катарында таптардын күрөшүн (кээде өтө эле бир жактуу, «тынч», «конституциялык» формада болсо да) мурдагыдан даанараак кылып көрсөттү. Ар бир таптын өнүгүү шарттарын анализдөө менен байланыштуу, азыркы кездеги коомдун ар бир табынын абалын объективдүү түрдө анализ кылуу үчүн Маркс коомдук илимге кандай талаптарды койгондугун Маркстин «Коммунисттик манифестинин» төмөнкү жери бизге көрсөтүп берет: «Азыр буржуазияга карама-каршы турган бардык таптардын ичинен пролетариат гана чыныгы революциячыл тап болуп саналат. Башка таптардын бардыгы ири өнөр жайлардын өнүгүшү менен төмөн чөгөт жана жок болот; пролетариат болсо — ошол өнөр жайлардын натыйжасы болуп саналат. Орто сословиелер: майда өнөр жайчылар, майда соодагерлер, ремесленниктер жана дыйкандар — булардын бардыгы, орто сословие катарында, өздөрүнүн жашап турушун ойрон болуудан сактап калуу үчүн буржуазияга каршы күрөшөт. Алар, демек, революциячыл эмес, консервативчил. Ал гана турсун, алар реакциячыл: алар тарыхтын дөңгөлөгүн кайра артка айландырууга умтулушат. Эгер алар революциячыл болсо, анда алар пролетариаттын катарына өтө турган болгондуктан гана, алар өздөрүнүн азыркы таламдарын эмес, келечек таламдарын жактагандыктан гана: алар пролетариаттын көз карашында туруу үчүн өздөрүнүн көз караштарын таштай тургандыктан гана революциячыл болушат». Маркс бир катар тарыхый чыгармаларында… материалисттик историографиянын, ар бир айрым таптын жана кээде таптын ичиндеги түрдүү топтордун же катмарлардын абалын анализдөөнүн эң сонун жана терең үлгүлөрүн берип, эмне үчүн жана кандайча «ар кандай тап күрөшү саясий күрөш» боло тургандыгын айкын даана көрсөттү. Тарыхый өнүгүштүн бүткүл бирдей тең аракет кылуучу күчтөрүн эске алуу үчүн, Маркстин коомдук мамилелердин жана бир таптан экинчи тапка, өткөндөн келечекке өткөөл баскычтарынын кандай татаал тармагын анализ кылгандыгын биз жогоруда келтирген үзүндү сүрөттөп көрсөтөт.
Маркстин теориясынын эң терең, ар тараптуу жана толук түрдө ырасталышы жана колдонулушу Маркстин экономикалык илими болуп эсептелет.
Маркстин Экономикалык Илими
«Менин чыгармамдын түпкү максаты, — дейт Маркс «Капиталга» жазган баш сөзүндө,— азыркы кездеги коомдун», башкача айтканда капиталисттик, буржуазиялык коомдун «кыймылынын экономикалык законун ачуу болуп саналат». Тарыхый жактан белгилүү бир коомдун өндүрүш мамилелерин, алардын пайда болушун, өнүгүшүн жана кулашын изилдөө — Маркстин экономикалык илиминин мазмуну мына ушундай. Капиталисттик коомдо товарларды өндүрүү үстөмдүк кылат, ошондуктан Маркстин анализи да товарды анализ кылуудан башталат.
Нарк
Товар, 1-ден, адамдын кандайдыр бир керектөөсүн канааттандыруучу нерсе; 2-ден, башка буюмга алмаштыруучу нерсе болуп эсептелет. Нерсенин пайдалуулугу анын керектөө наркын түзөт. Алмашуу наркы (же жөн эле нарк) — баарыдан мурда, бир түрдөгү керектөө нарктарынын белгилүү санына алмашуудагы катыш, пропорция болуп саналат. Миллиондогон жана миллиарддаган мындай алмашуулар бири-бирине салыштырууга мүмкүн болбогон эң көп түрдөгү керектөө нарктарынын бардыгын жана ар кандайын дайыма бири-бирине теңештиргендигин күндөлүк тажрыйба бизге көрсөтүп отурат. Коомдук мамилелердин белгилүү бир системасында ар дайым бири-бирине теңештирилип отурган бул ар түрдүү нерселердин ортосунда кандай жалпылык бар? Алардын ортосундагы жалпылык: алар — эмгектин продуктысы экендигинде. Продуктыны алмашуу аркылуу адамдар эмгектин эң эле ар кыл түрлөрүн бири-бирине теңештиришет. Товарларды өндүрүү дегенибиз коомдук мамилелердин системасы болуп, бул системада айрым өндүрүүчүлөр ар түрдүү продуктыларды жасап чыгарышат (эмгектин коомдук бөлүнүшү), ошентип, бул продуктылардын бардыгы алмашуу убагында бири-бирине теңештирилет. Демек, бардык товарлардагы жалпы нерсе — өндүрүштүн белгилүү бир тармагындагы конкреттүү эмгек эмес, бир түрдөгү эмгек эмес, адамдын абстракттуу эмгеги, жалпы эле адамдын эмгеги болуп саналат. Бардык товарлардын наркынын суммасы менен көрсөтүлгөн, ушул коомдогу бүткүл жумушчу күч ошол эле адамдын жумушчу күчү болуп саналат: муну алмашуунун миллиарддаган фактылары далилдеп отурат. Ошентип, демек, ар бир айрым товар коомдук-зарыл болгон жумуш убактысынын белгилүү бир үлүшү гана болуп саналат. Нарктын өлчөмү коомдук-зарыл эмгектин саны менен белгиленет же белгилүү бир товарды, белгилүү бир керектөө наркын өндүрүү үчүн жумшала турган коомдук-зарыл жумуштун убагы менен белгиленет. «Адамдар алмашуу кезинде өздөрүнүн түрдүү продуктыларын бири-бири менен теңештирүү аркылуу өздөрүнүн эмгегинин ар кыл түрлөрүн бири-бири менен теңештиришет. Адамдар муну сезишпейт, бирок муну иштешет». Бир эски экономист айткандай — нарк эки адамдын ортосундагы мамиле болот, ага дагы: нерсенин оболочкасы менен жаап-жашырылган мамиле деп кошумчалап гана айтуу керек эле. Коомдуп белгилүү бир тарыхый формациясынын коомдук өндүрүш мамилелеринин системасы көз карашынан, мамилелер болгондо да алмашуу кубулуштарынын массалык түрдө, миллиарддаган жолу кайталоо аркылуу көрүнө турган мамилелердин системасы көз карашынан карап гана нарктын эмне экендигин түшүнүүгө болот. «Нарк катарында, товарлар катып калган жумуш убагынын белгилүү бир саны гана болуп саналат». Маркс товарларга айланган эмгектин эки жактуу мүнөзүн толук анализдегенден кийин, нарктын формалары менен акчага анализ жасоого өтөт. Мында Маркстин башкы милдети — нарктын акчалай формасынын келип чыгышын изилдөө, алмашуунун айрым, кокустан болуучу түрлөрүнөн баштап («нарктын жөнөкөй, айрым же кокустан болгон формасы»: бир товардын белгилүү бир саны экинчи товардын белгилүү бир санына алмаштырылат) бир катар ар түрдүү товарлар бир эле белгилүү товарга алмаштырылган кездеги нарктын жалпы формасына чейин жана бул белгилүү товар, жалпы эквивалент алтын болгон кездеги нарктын акчалай формасына чейин, алмашуунун өнугүшүнүн тарыхый процессин изилдөө болуп саналат. Акча, алмаштыруунун жана товар өндүрүшүнүн өнүгүшүнүн жогорку продуктысы болуп туруп, жеке жумуштардын коомдук мүнөзүн, рынок аркылуу биригишкен айрым өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы коомдук байланышты жымсалдайт, жаап-жашырат. Маркс акчанын түрдүү функцияларын абдан толук ийне-жибине чейин анализ кылат, анын үстүнө бул жерде да (жалпысынан «Капиталдын» биринчи главаларындагыдай) төмөнкүлөрдү белгилеп кетүү асыресе маанилүү: баяндоонун абстракттуу жана кээде нагыз дедуктивдүү болуп көрүнгөн формасы чындыгында алмашуу менен товар өндүрүшүнүн енүгүшүнүн тарыхы боюнча факт жүзүндөгү эбегейсиз зор материалды көз алдыбызга элестетет. «Акча товар. алмашуунун белгилүү даражасын болжолдойт. Акчанын ар түрдүү формалары — товардын жөнөкөй эквиваленти же жүгүртүү каражаты же төлөө каражаты, казына жана бүткүл дүйнөлүк акчалар — тигил же бул функцияларынын түрдүү өлчөмдөрдө колдонулушуна карай, алардын бирөөнүн салыштырмалуу басымдуулугуна карай, өндүрүштүн коомдук процессинин эң ар түрдүү баскычтарын көрсөтөт» («Капитал», Ⅰ).
Кошумча нарк
Товар өндүрүшүнүн өнүгүшүнүн белгилүү баскычында акча капиталга айланат. Товар жүгүртүүнүн формуласы: Т (товар) — А (акча) — Т (товар) башкача айканда, экинчи бир товарды сатып алуу үчүн бир товарды сатуу болгон. Капиталдын жалпы формуласы, тескерисинче, А — Т — А, башкача айтканда сатуу (пайда менен сатуу) үчүн сатып алуу болот. Оборотко жибериле турган акчанын баштапкы наркынын мына ушул өсүшүн Маркс кошумча нарк деп айтат. Капиталисттик оборотто акчанын ушундай «өсүү» фактысы жалпыга маалым. Дал ушул «өсүүнүн» өзү акчаны өндүрүштүн өзгөчө, тарыхый жактан белгиленген, коомдук мамилеси катарындагы капиталга айландырат. Кошумча нарк товар жүгүртүүдөн пайда боло албайт, анткени — ал эквиваленттерди алмаштырууну гана билет, кошумча нарк баанын үстүнө үстөктү кошуудан да пайда боло албайт, анткени — мында сатып алуучулар менен сатуучулардын өз ара уттуруулары менен утуулары тең болгон болор эле, ал эми сөз жеке өзүнчө көрүнүш жөнүндө бол-бостон, дал массалык, орточо, коомдук көрүнүш жөнүндө болуп жатат. Кошумча наркты алуу үчүн «акчанын ээси рыноктон, керектөө наркынын өзү нарктын булагы болуучу оригиналдуу сапатка ээ боло ала турган товарды табууга тийиш», өзүнүн керектөө процесси ошону менен бирге наркты түзүү процесси боло турган товарды табууга тийиш. Ал эми мындай товар бар. Бул — адамдын жумушчу күчү. Жумушчу күчүн керектөө эмгек кылуу болуп саналат, ал эми эмгек болсо наркты түзет. Акчанып ээси жумушчу күчүн анын наркына жараша сатып алат, анын наркы ар кандай башка товардын наркы сыяктуу эле, аны өндүрүү үчүн зарыл болгон коомдук-зарыл жумуш убагы (башкача айтканда, жумушчунун жана анын үй-бүлөсүн багуу үчүн керек болгон нарк) менен белгиленет. Жумушчу күчүн сатып алган акчанын ээси аны керектөөгө, башкача айтканда, күнү бою керээли кечке, айталы 12 саат иштетүүгө мажбур кылууга акысы бар. Бирок да 6 сааттын ичинде («зарыл» жумуш убагында) жумушчу өзүн багып турууга жете тургандай продуктыны түзөт, ал эми андан кийинки 6 сааттын ичинде («кошумча» жумуш убагында) капиталист ага акы төлөбөй турган «кошумча» продуктыны же кошумча наркты түзөт. Демек, өндүрүш процессинин көз карашынан алганда, капиталдын эки бөлүгүн: өндүрүш каражаттарына (машиналарга, эмгек куралдарына, чийки материалга жана ушул сыяктууларга) расход кылынуучу турактуу капиталды — анын наркы (дароо эле же бөлүк-бөлүк болуп) өзгөрбөстөн даяр продуктыга өтөт — жана жумушчу күчүнө расход кылынуучу өзгөрмө капиталды бири биринен ажырата билүу зарыл. Бул капиталдын наркы өзгөрүлбөс болуп кала бербестен, кайра эмгек процессинде кошумча наркты түзүп, өсүп отурат. Ошондуктан жумушчу күчүн капитал эксплуатация кылгандыгынын даражасын көрсөтүү үчүн, кошумча наркты бүткүл капитал менен салыштырбастан, өзгөрмө капитал менен гана салыштырып көрүү керек. Маркс кошумча нарктын нормасы деп атаган бул катнаш, мисалы, биз келтирген мисалда 6/6 башкача айтканда, 100 процент болот.
Капиталдын пайда болушуна төмөндөгүлөр тарыхый өбелгө болот: 1-ден, жалпысынан алганда товар өндүрүшүнүн өнүгүү деңгели мындайча караганда жогору болуп турганда, айрым адамдардын колуна белгилүү суммада акчанын топтолушу жана, 2-ден, эки мааниде «эркин» жумушчунун болушу, болгондо да жумушчу күчүн сатуу жагынан ар кандай кысууларды же чектөөлөрдү билбеген жана жери да, жалпысынан өндүруш каражаттары да жок эркин, кожоюнсуз жумушчунун, жашоо үчүн жумушчу күчүн сатуудан башка мүмкүндүгү жок болгон жумушчу-«пролетарийдии» болушу керек.
Кошумча наркты негизги эки жол аркылуу көбөйтүүгө болот: жумуш күнүн узартуу жолу («абсолюттук кошумча нарк») менен жана зарыл жумуш күнүн кыскартуу жолу («относителдик кошумча нарк») менен көбөйтүүгө болот. Биринчи жолду анализдеп келип, Маркс жумуш күнүн кыскартуу үчүн жумушчу табы жүргүзгөн күрөштүн жана мамлекеттик бийликтин жумуш күнүн узартуу үчүн (ⅩⅣ—ⅩⅦ кылымдарда) жана аны кыскартуу үчүн (ⅩⅨ кылымдагы фабрикалык закон чыгаруулар) кийлигишкендигинин эбегейсиз зор көрүнүшүн ачып көрсөтөт. «Капитал» пайда болгондон кийин, дүйнө жүзүндөгү бардык цивилизациялуу өлкөлөрдүн жумушчу кыймылынын тарыхы бул көрүнүштү сүрөттөп көрсөтө турган миңдеген жана миңдеген жаңы фактыларды берди.
Относителдик кошумча наркты өндүрүүнү анализдеп келип, Маркс капитализм тарабынан эмгектин өндүрүм-дүүлүгүн жогорулатуунун негизги тарыхый үч стадиясын: 1) жөнөкөй кооперацияны; 2) эмгектин бөлүнүшүн жана мануфактураны; 3) машиналарды жана ири өнөр жайларды изилдейт. Маркс бул жерде капитализмдин өнүгүшүнүн негизги, типтүү белгилерин канчалык терең ачып көрсөткөндүгү мына мындан көрүнөт: орустун «кустардык» деп аталган өнөр жайларын изилдөө жогоруда аталган үч стадиянын биринчи экөөнү сурөттөп көрсөтүү үчүн эң бай материал берет. Ал эми ири машиналык индустриянын революциячылдаштыруучу таасирин алсак,— бул жөнүндө Маркс 1867-жылы жазган,— бул нерсе ошол кезден берки жарым кылымдын ичинде, бир катар «жаңы» өлкөлөрдүн (Россия, Япония жана башкалар) мисалынан ачык көрүндү.
Андан ары. Капиталдын накоплениесине, башкача айтканда, кошумча нарктын бир бөлүгүнүн капиталга айланышына, аны капиталисттин өз керегине же каалаган жагына жумшабай, жаңы өндүрушкө жумшашына Маркстин берген анализи өтө маанилуү жана жаңы нерсе болуп саналат. Капиталга айланган бардык кошумча нарк өзгөрмө капиталга кетет, деп болжолдошкон бүткул мурдагы классикалык саясий экономиянын (Адам Смиттен тартып) жаңылыштыгын Маркс көрсөттү. Чындыгында бул кошумча нарк өндүруш каражаттарына плюс өзгөрмө капиталга бөлүнөт. Капитализмдин өнүгүшүнүн жана анын социализмге айланышынын процессинде өзгөрмө капиталдын үлүшүнө салыштырганда (капиталдын жалпы суммасында) турактуу капиталдын үлүшүнүн тезирээк өсүшү эң зор мааниге ээ болот.
Капиталдын накопление болушу машинанын жумушчуларды сүрүп чыгарышын ылдамдатып, бир полюста байлыкты, экинчи полюста жакырчытыкты түзүп, «резервдик жумушчу армиясы» дегенди, жумушчулардын «относителдик гүрдө артык баш болушун» же болбосо «капиталисттик шартта ашык калкты» туудурат, бул болсо, өтө ар түрдүү формаларда болот жана капиталга өндүрүштү өтө тез кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Анын үстүнө бул мүмкүндүк, өндүрүш каражаттарында кредит менен жана капиталдын накоплениеси менен байланыштуу, ашыра өндүрүү кризистерин түшүнүүгө ачкыч таап берет, мындай кризистер капиталисттик өлкөлөрдө адегенде орто эсеп менен ар 10 жылда бир жолу, андан кийин алда канча узагыраак жана анча деле белгилүү болбогон убакыттардын ичинде мезгил-мезгили менен болуп турат. Капитализмдин базисиндеги капиталдын накоплениесинен алгачкы накопление деп аталган нерсени ажырата билүү керек: алгачкы накопление дегенибиз кызматкерди өндүрүш каражаттарынан зордоп ажыратуу, дыйкандарды жерден айдап чыгуу, общиналык жерлерди уурдоо, колониялардын жана мамлекеттик карыздардын, колдогуч пошлиналардын жана башкалардын системасы болот. «Алгачкы накопление» бир полюста «эркин» пролетарийди, экинчисинде акча ээсин, капиталистти туудурат.
«Капиталисттик накоплениенин тарыхый тенденциясын» Маркс төмөндөгү атактуу сөздөрүндө мүнөздөйт: «Тикеден-тике өндүрүүчүлөрдү экспроприациялоо барып турган аёосуз вандализм аркылуу жана эң бетпак, эң эле балит, эң майда жана эң кутурган кумардануунун кысымы менен жүргүзүлөт. Менчик ээсинин» (дыйкандын жана ремесленниктин) «эмгеги менен табылган, көз каранды болбогон айрым кызматкердин өзүнүн эмгек куралдарына жана каражаттарына, мындайча айтканда, айкалышып байланышына негизделген жеке менчик башка адамдын жумушчу күчүн, бирок формалдык жагынан эркин жумушчу күчүн эксплуатациялоого негизделген капиталисттик жеке менчик аркылуу сүрүлүп чыгарылат… Эми өзү өз алдынча чарба жүргүзгөн жумушчу эмес, толгон көп жумушчуларды эксплуатациялоочу капиталист экспроприация кылынууга тийиш. Бул экспроприация капиталисттик өндүрүштүн өзүнүн имманенттик закондорунун оюну аркасында, капиталды бор-бордоштуруу жолу менен жүргүзүлөт. Бир капиталист толуп жаткан капиталисттерди жеңип чыгат. Бул бор-бордоштуруу менен же аз гана капиталисттердин бир топ капиталисттерди экспроприациялашы менен бирге эмгек процессинин кооперативдик формасы улам барган сайын кеңири, зор өлчөмдө өнүгөт, илимди аң-сезимдүү түрдө техникалык колдонуу, жерди план ченемдүүлүк менен пайдалануу, эмгек каражаттарын коллективдик түрдө гана колдоңууга жол берүүчү эмгек каражаттарына айландыруу, өндүрүш каражаттарын комбинациялаган коомдук эмгектин өндүрүш каражаттары катарында колдонуу жолу менен бардык өндүрүш каражаттарын үнөмдөө, бардык элдерди бүткүл дүйнө рыногунун тармагына катыштыруу жана ошону менен бирге капиталисттик режимдин интернационалдык мүнөзү өнүгөт. Бул айлануу процессинин бардык пайдаларын законсуз түрдө өз колуна алуучу жана монополизациялоочу капитал магнаттарынын саны дайыма азайышы менен бирге, толуп жаткан жакырчылык, эзүү, кулчулук, начарлануу, эксплуатация массалык түрдө өсөт, бирок ошону менен бирге капиталисттик өндүрүштүн ошол эле процессинин механизми аркасында үйрөнүүчү, биригүүчү жана уюмдашуучу жумушчу табынын нааразылыгы да өсө берет. Капиталдын монополиясы ушул монополиянын тушунда жана анын негизинде өсүп чыккан өндүрүштүн жолунун кишенине айланат. Өндүрүш каражаттарын борбордоштуруу жана эмгекти коомдоштуруу өзүнүн капиталисттик оболочкасына сыйыша албай турган ушундай бир пунктка жетет. Бул оболочка жарылат. Капиталисттик жеке менчиктин күнү бүтөт. Экспроприаторлор экспроприация кылынат («Капитал», Ⅰ)…